Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Ош менен Жалал-Абатта "ОБОН" атка конгон аялдар топтору июн коогасы боюнча соттордо айыпкерлерди, күбөлөрдү сабап, адвокаттарга кол салып келишкени белгилүү. Бирок аларга каршы бир да кылмыш иши козголуп, аягына чыккан жок.

Оштогу "ОБОНдун" артында расмий катталган «Ош шейиттери» уюму турат жана аны шаардын мэри Мырзакматов каржылап, өзүнө зарыл болгондой колдонот деген өйдө-төмөн сөздөр айтылып келет. Бул кинелердин анык-чынын билүү үчүн "Азаттык" "Ош шейиттеринин" төрайымы Тургунайым Айтиевага бир катар суроолор менен кайрылды. Айтиева алды менен бул уюмдун ишмердүүлүгүнө токтолду.




Айтиева: Биздин уюм (Ош коогасында набыт болгондордун) тууган-уругу, аялы, ата-энеси, бала-чакасына (каралашып), аларды бириктирип, кандай кылып шарт түзүп, талаада калгандарды жатаканаларга, жеке үйлөргө, коопсуз жерлерге алып чыгып, мүмкүнчүлүк болгондо шаардан тышкары туугандарыныкына салып жиберип, психологиялык стресс алып калган балдар үчүн лагерлерди уюштуруп, көлгө жөнөтүп, өздөрүн ооруканага жаткырдык.

«Азаттык»: Силердин уюмга жалаң эле кыргыздар мүчөбү?

Айтиева: Алгач кыргыздар эле болчу, азыр аралашпыз. Анткени абал азыр аз-аздан ачылып келип атпайбы. Кайсы жерде эмне болгон, эмне себеп, ким буга себепкер, ким баштаганы аз-аздан билинип келатат. Ошондуктан биздин кыргыздай эле жабыр тарткан өзбектер да бар. Азыр мына сиз чалганда бир дасторкондо чай ичип сүйлөшүп отурабыз!

«Азаттык»: Сиздин уюмда канча киши иштейт жана канча кишиге жардам бересиздер?

Айтиева: Бизде алгач 80дей адам (каттоодо) эле. Биринчи күндөрү 80дей өлгөн, 57 дайынсыз болгон. Азыр табылып, 12 дайынсыз бойдон калды. Кийин дайынсыздардын жакындары өздөрүнчө бөлүнүп кетишти. Азыр өлгөндөрдүн тизмесинде 119 кыргыз, 50дөй өзбек үй-бүлө бар.

«Азаттык»: Силердин башкы максат жакындары өлгөндөргө жардам көрсөтүү болуп саналат, туурабы? Бүгүнгө карата кандай жыйынтык айта аласыз?

Айтиева: Каза болгондордун жакындарына 20 миңден акча берилди, 80% үйлөр менен камсыз болушту, бир миллион сомдон акча алышты, материалдык көп жардам алышты. Андан тышкары пособиелерге, соттук экспертиза документтерин, укуктук документтерин даярдоо, тергөө иштерине катышуу, ошолордун өз деңгээлинде жүрүшүн көзөмөлдөө, тергөө иштеринде бирге иш алып баруу зарыл болду. Булар Кыргызстандын биримдигин алып калгандар, ошондуктан буларды социалдык камсыздоо жагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын деңгээлине теңелсин деп атабыз.

«Азаттык»: Мэриянын алдында боз үй куруп, компакт диск таркаткан силердин уюм беле?

Айтиева: Ооба, алгач чатырларды, андан кийин боз үй куруп, кыш түшкөнгө чейин ошол жерде отурдук. Кыш түшкөндөн кийин бизге башка жерден имарат берди.

«Азаттык»: Адвокаттар соттордо чуру-чуу салган «Ош шейиттеринин» аялдары болуп атат деп айтып жатышат. Ушул чынбы?

Айтиева: Өлүктөрдүн сүрөттөрүн алып барып, «Ош шейиттер» коому деп Бишкекте илип алышты. Депутаттарды шайлаганда дагы Текебаев баш болуп биздин өлгөн балдардын сүрөттөрүн илип алышты, андан кийин Ак үйгө илишти. Үстүнөн карасы менен көгүн чечкиче бир аялды бир карыш эч жакка жылдырганым жок. Жерде жаткан өлүктү сыйлайсыңар, андан кийин мени секирип өтүп, өзүңөрдүн талабыңарды коесуңар дедим. Ага чейин кызмат алгандар да, жылдыз ала тургандар да, генерал боло тургандар да, депутат боло тургандар да биздин атыбызды аташты. Жакшы жагынан да, жаман жагынан да аташты. Сот, прокуратура иштеринде, жада калса Оштун СНБсын басып алууга аракеттенген базардын аялдарын дагы «Шейиттер коому» деп чыгышты.

«Азаттык»: Демек «Ош Шейиттер" коомунун жетекчиси катары сот иштериндеги чуу салган аялдар биз эмеспиз деп айтып атасызбы?

Айтиева: "ОБОН" деген бир балакет чыккан, алардын ставкалары да бар экен, алар (бирөөнү) жакаласа бир ставка, кыйкырса, же массаны түзүп берсе башка ставка экен. Аларды 62ге чыгып эми угуп атпайымбы.

«Азаттык»: Ошол аялдарды тааныйсызбы?

Айтиева: Эки-үчөөсүн тааныйм. Тороева деген алайлык аял, ошону тааныйм. Ал уялбай жакалап туруп эле акча алат.

«Азаттык»: Бирок өзүн "Ош шейиттериненмин" деп айтабы ал?

Айтиева: Ооба. Күйөөсү өлгөндүн көзүнөн жашы көлдөп турса, колундагы өлгөндүгү тууралуу кубөлүктү алып туруп, президент менен жолугушууга кирип кетет.

Оштогу митингден көрүнүш, авгутс, 2010-жыл

Оштогу митингден көрүнүш, авгутс, 2010-жыл

«Азаттык»: Сиз аларга жолугуп, эмне үчүн биздин атыбызды сатып жүрөсүңөр деп айттыңызбы?

Айтиева: Аял киши аброюн сактап жүрүшү керек. Булар тизгини жоктор экен. Аларды "кой" десем, мени деле жулмалап кетишет, тартынбайт.

«Азаттык»: Силердин атыңарды булгап атса, бир нерсе деп айтышыңар керек да?

Айтиева: Мен Жогорку Кеңештин биргелешкен чогулушунда дагы айттым. Ак үйгө келип, силерге кире албай отурсак, мага эки кемпир келди, «Акчаңар барбы? 30-40 аял топтоп берем, Ак үйгө киргениңди туйбай каласың», - деп мага айтып атпайбы. Эмнеге десек, "Биз бул жерге туруп, ушундай иштейбиз" дейт.

«Азаттык»: Сиздин уюмдун кеңсеси кайсы жакта?

Айтиева: Ош мэриясынын подвалында болчу, аны тапшырып бердик. (Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүүнүн чегинде курулган) биринчи тапшырылган 75 батирлүү үй бар, ошонун подвалынан мага бөлмө беришкен, ремонту бүтө элек, буюрса марттан баштап ремонт кылып беребиз деп атышат. Мага Жалал-Абад, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча дирекция ушундай убада берген. Эми сөзүнөн кайтышпаса керек.

«Азаттык»: Мэриядан эмнеге кетип калдыңыз?

Айтиева: Мэриядан кеткенибиздин себеби - бизди түшүнгөн да, түшүнбөгөн да бар экен. Кирип-чыга берсек, биз "ОБОН" болуп калчудайбыз. Андан көрө четирээкте турганыбыз жакшы. Мэрге, губернаторго кандай талаптарыбыз болсо, жалгыз өзүм эле барып жүрөйүнчү дедим.

«Азаттык»: Убагында Мелис Мырзакматов менен мамилеңиз кандай болгон?

Мелис Мырзакматовду колдогон митингдеги аял, август, 2010-ж.

Мелис Мырзакматовду колдогон митингдеги аял, август, 2010-ж.

Айтиева: Мэр менен мурда кандай болсо азыр деле ошондой. Талап кылган жерде талап кылабыз, сурай турган жерде сурайбыз, урушуп кеткен жерде урушабыз, эшигинин алдына барып кыйкырып да коебуз. Жакшы сүйлөшкөндө жакшы сүйлөшөбүз, жаман сүйлөшкөндө жаман сүйлөшөбүз. Мэр эмне кудайбы? Элге кандай мамиле кылса, бизге да ошондой мамиле кылат.


«Азаттык»: Мэр силерге финансылык жардам көрсөткөнбү?

Айтиева: Финанасылык кайсы жардамды берет? Бардык финансылык иштерди шаардын Кеңеши чечет. Шаардын депутаттары чечип, алардын негизинде финансы бөлүнөт. Финансысы жок үчүн бир бөлмөлүү батирди да ремонт кылып бере албай атат да.

«Азаттык»: Мэриядан депутаттар гана бөлгөн акчаны алгансыңар?

Айтиева: Депутаттар бөлгөн акчадан бизге бир тыйын да тийген жок.

«Азаттык»: Демек мэрия силерге акча бөлгөн эмес?

Айтиева: Эч кандай акча бөлгөн эмес.

«Азаттык»: Анда «Ош шейиттерин» ким каржылайт?

Айтиева: Жакшы адамдар көп, спонсор болгондор бар, «Эже, ушул жерде жүрөсүз, машинаңызга 2-3 литр май куюп алыңыз, телефонго акча салып алыңыз» дегендер бар. Бирөө арызданып келген экен, «Түшүндүрүп бериңизчи, мен финансылык жардам берсем болобу?» дегендер бар. Жөн эле келип, «Коомуңузга жардам» дегендер бар.

Оштун мэри Мелис Мырзакматов

Оштун мэри Мелис Мырзакматов

«Азаттык»: «Ош шейиттери» бул Мелис Мырзакматовдун "аялдар батальону" деп жазып жүрүшөт. Ушул сөз кайдан чыкты деп ойлойсуз?

«Азаттык»: Мелис Мырзакматовго каршы тургандар, жактырбагандар бар. Мен 62 жаштамын, анын кызматын талаша албайм да. Мындай сөздөрдү анын кызматын талашкандар чыгарып атат.

«Азаттык»: Демек бул жөн эле жаманатты кылуу экен да?

Айтиева: Албетте, Мелис Мырзакматов ууру эмес. Анын жакшы, жаман жагы да бар. Жакшы жагы, мурунку жетекчилердей уурдабайт.

«Азаттык»: Жаңжалдын убагында июндун 10нан 15не чейинки кан төгүүнүн мезгилинде үйлөргө кол салуулар, өрттөө, карактоо болгондо кыргыз аялдары катышкан деп айтышат. Сиз ушул тууралуу эмне билесиз?

Айтиева: Мен шаардын ортосунда жашайм. Өзбектер толугу менен 10-11-июнда, 12-июнда түшкө чейин (биздин районду) курчоого алып турду. 12-июнда түштөн кийин БТРлер пайда болду. Ошондон кийин көчөгө чыга алат экенбиз деп калдык. Ага чейин кайсы күнү монтировка менен эшик ачылып, союлат экенбиз деп полдо жаттык. Анан кайсы убакта кыргыздын аялдары катышат?

«Азаттык»: Сиз конфликт убагында өз үйүңүздө болгон экенсиз, бирок ага катышкан башка аялдар болгон экен. Ошолор тууралуу эмне билесиз?

Айтиева: Мен бир нерсе дешим кыйын. Себеби көпчүлүк аялдарын, балдарын шаардан чыгарып жиберишти. Бизге окшоп кача албай калгандар калып калдык. Мен 12си түштөн кийин аскерлер келгенден кийин өзбек менен кыргыздын ортолугундагы көчөгө пост коюп бергиле деп мэриянын алдына бардым.

«Азаттык»: Ага чейин үйдө болдуңуз?

Айтиева: 50 батирлүү үйдө жашайм, 5 үй калдык. Баарыбыз үйлөрдү кулптап коюп, бир үйдө отурдук. Анын ичинде орус, татар, өзбек да, кыргыз да бар. Тамара деген атасы өзбек, апасы француз, ал да бар. Ош күйүп атат деп муңайып отурдук.

«Азаттык»: Сиздер боз үйдө таркаткан компакт дискте бир катар такталган, такталбаган маалыматтар бар, бирок маалымат бир жактуу берилген. «Час шакала» деген өзбектер чыгарган китепке "бир жактуу, улуттук араздашууну козутат" деп тыюу салынды. Ал эми кыргыздар мэриянын алдында такталбаган маалымат жазылган дисктерди таркатканы үчүн эч жоопкерчилик тартпайбы деген суроо туулат. Сиз эмне деп жооп берет элеңиз?

Айтиева: Биз "Шейиттер коому" катары, жакындарын жоготкондор катары, аны кыдырып таратканга акыбалыбыз да келген жок. Бул суроону ички иштер башкармалыгына, СНБга берсеңиз туура келет.

«Азаттык»: Компакт дисктерди сиздерге ким жасап, даярдап берген?

Айтиева: Бизге эч ким берген эмес.

«Азаттык»: Бирок дисктерди силер өзүңөр чыгарган жоксуңар да?

Айтиева: Биз кайсы акчабызга чыгарабыз? Чыгарып таркаткандардын дискин алып көрдүк. Биз көргөндөрдүн көбү чын. Себеби мен кийин шаарды кыдырып жүрдүм. Милиция кайсы жерге барса,ошол жерге барып, өлүктөрдү топтоп, таркаттык, көчөлөрдү тазаладык, себеби гранаттар, автоматтар, күйүүчү майлар бар эле, аларды үймө-үй кыдырып топтодук. Андан тышкары кайсы жерде кыргыздардын, кайсы жерде өзбектердин өлүгү калган, аны эксгумация кылдык, Анжияндан өлүктөрдү алып чыгыш керек болду. Ушуга окшогон иштерде жүрдүк.

"ОБОН" деген бир балакет чыккан, алардын ставкалары да бар экен, алар (бирөөнү) жакаласа бир ставка, кыйкырса, же массаны түзүп берсе башка ставка экен.

«Азаттык»: Феврал айында президент Алмазбек Атамбаев Ошто болду. Сиз ошол жолугушууга бардыңызбы? Эмне талкуулар болду?

Айтиева: Сөзсүз бардым. Биринчи кезекте президент биздин сөзүбүздү укту. Ал киши премьер-министр болгондон баштап дайыма бизге жолугат. Эң биринчи «Шейиттер коомуна жолугам» деп айтат. Бул жолу да ушундай программа менен келди. Биздин талаптарыбыз укук коргоо органдарынын жүргүзгөн иштерине байланышкан. Алар: Качып кеткендер, согушту уюштургандар, алардын буйругун аткарып жүргөндөр, адамдарды өлтүргөндөр качып кеткен, ушулар кайра алынып келинсин; Орусияда 30 адам экстрадицияга даярдалып турат, Өзбекстанда 40ка жакын адам бар, ошолор кайтарылсын; Кадыржан Батыров, Инамжан Салахуддинов, Карамат Абдуллаева дегендерге сырттан сот жүргүзүлүп, алардын соода точкалары жана мекеме ишканалары конфискацияланып, мамлекеттин эсебине өткөрүлсүн деген сунуштарды киргиздик. Экинчи маселебиз, сот органдарынын жарытаарлык жүргүзбөгөн иштеринин негизинде, азыркы сотторду тандоодо, өзгөчө Ош, Жалал-Абад сотторун тандоодо биздин коомдук уюмдардын пикирлери эске алынсын деп сунуш кылдык. Кыргызстан мал чарбачылык республика, ошондуктан өлгөндөрдүн тууган-уруктары мындан ары турмуш-тиричилигин оңдоп кетиши үчүн 7% кредит берилип жатат, ошол кредиттен ушулардын талап кылгандарына берилсин деп сунуш кылдык.

«Азаттык»: Согуш убагында жапа тарткан кыргыздарга ар түрдүү жардам берүүнүн жолдорун сунуш этиптирсиз. Бул албетте, керек. Бирок эмне себептен президент менен жолугушуу жабык эшик артында өттү?Анын канчалык зарылдыгы бар эле?

Айтиева: Жабык өткөргөндүн эч кандай залалы болгон жок. Себеби ал жерде өзбек улутундагыдар да, орус улутундагылар да болду. Бизде өлгөндөр аралыгында (ред: өлгөндөр боюнча) бири-бирибизден эч кандай жашыруун сыр жок. Мүмкүн биздин талаптарыбыз өтө катуу болуп кетээр, же оорураак тондо сүйлөп калабызбы дегендей болушу мүмкүн. Биз тараптан эч кандай жашыруун эч нерсе жок. Эмне себептен журналисттер чыгып кеткенин билбейбиз. Башында болушту, андан кийин чыгып кетишти.

Кошумча маалымат: Тургунайым Айтиева 62 жашта, Алайда туулган, негизинен советтик партиялык кызматта иштеген. Жогорку партиялык мектепти аяктаган, Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Соңку 11 жылда Алай райондук Ички иштер бөлүмүндө эмгектенген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG