Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Ош мэриясы жаңы үйлөрдү жаңы шарт менен берет


Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдүн бири
Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдүн бири

Ош шаардык мэриясы коогалаңдын жабырлануучуларынан ашып калган 590 батирди бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине ипотекалык шарт менен берүүнү көздөөдө.

Ош шаарынын бийлиги бул жол менен калаада үйлөрдүн курулушун мындан ары улап кетмекчи. Бирок орточо 12 миң сомдон маяна алган мамлекеттик мекеме кызматкерлери ал үйлөр кайра эле капчыктуулардын олжосуна айланарын айтышууда.

Учурда коогалаңдын жабырлануучуларынан ашып калган 590 батир бош турат. Ош шаардык мэриясы ал батирлерди ипотекалык шарт менен мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине сатып, андан түшкөн каражаттын эсебинен Турак жай куруу фондун түзүшмөкчү.

Вице-мэр Жапар Ормонов ушул ыкма менен шаарда турак жай маселеси чечилерин айтат:

- Батирлерди ипотека менен бөлүштүрүп жатканда алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн сөзсүз эске алабыз. Алгач батирдин жалпы баасынын 30 пыйызын төлөйт. Калган 70% алты жылда, жалпысы жети жыл аралыгында бөлүп төлөшөт. Бул көп деле сумма эмес. Батирлердин биринчи жылдагы төлөмдөрүнүн эсебинен дагы 200 батир курганга мүмкүнчүлүк болот. Биз ушундай жол менен бара-бара шаардагы турак жай маселесин чечебиз деген үмүттөбүз.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн чарчы метри долбоорунун өзгөчөлүгүнө жараша 23 миң сомдон 34 миң сомго чейин бааланууда. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан курулган жаңы батирлердин чарчы метринин базар баасы Ош шаарында 30 миңден 42 миң сомго чейин жетет. Базар баасынан көп деле арзан эместигин эске алган бюджеттик мекеме кызматкерлери ал үйлөр кайра эле капчыктуулардын энчисине айланарын айтышууда.

12 жылдан бери шаардык ооруканада дарыгер болуп иштеп келаткан Кылычбек Темиралиев буларды айтты:

- Элдин баарында эле ипотека менен үй алганга шарты жок. Анын үстүнө бюджеттик кызматкерлерде үйдүн жалпы суммасын толук төлөө мүмкүнчүлүгү да жок. Анткени үч жыл төгүп, калганын төлөй албай калышыбыз мүмкүн. Анда кандай болот? Эми ал үйлөрдү кайра эле күчтүүлөр алышат экен да. Колунда барлар үйлүү болуп, бюджетте иштегендер кайра эле үйсүз кала беришет.

Коогалаңдан кийин курулган үйлөрдүн бири
Коогалаңдан кийин курулган үйлөрдүн бири

Учурда Ош шаарында турак жайга муктаж капчыгы жука 700дөн ашык адам расмий катталган. Дагы 5 миңге жакын бюджеттик мекеме кызматкери батир алуу үчүн кайрылышкан. Адистердин айтымында, үй сурап кайрылбаган бюджеттик кызматкерлердин саны расмий катталгандан алда канча көп.

Вице-мэр Жапар Ормонов мамлекеттик турак жай курууну жандандыруу үчүн ал батирлерди ипотека аркылуу сатуудан башка жол жок деген пикирде.

- Буга чейин өтө кыйналган, чөнтөгү жукаларга 45 батирлүү бир үй берилген. Алардын баарына батирлерди берип сала турган болсок шаарда турак жай куруу долбоору кайрадан токтоп калат. Аларды албетте көңүлгө алышыбыз керек. Бирок андан сырткары дагы 5 миңден ашык кызматкер турганын да эстен чыгарбашыбыз керек. Жаштар өсүп келатат. Биз шаардык кеңештин депутаттары, коомчулук менен кеңешип ушул чечимге келгенбиз. Андан башка жолубуз жок.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан 1392 батирлүү 24 көп кабаттуу үй курулган. Анын ичинен үй бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы 607 батирди коогалаңдын жабырлануучуларына, 150 батирди милиция кызматкерлерине, дагы 45 батирди азиздерге бөлүштүрүп берген.

XS
SM
MD
LG