Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Ош: оюндан чыккан октун кесепети


Кыргызстандагы ооруканалардын бири
Кыргызстандагы ооруканалардын бири

Кара-Кулжа районунда баланын колунан ок жеген тогуз жаштагы кыздын абалы оор. Аны 1-класстын окуучусу ойноп атып, мылтык менен атып салган.

Окуя 8-мартта Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында болгон. Биринчи класстын окуучусу үйүнө конокко келген эжесинин кызын 32 калибрлүү мылтык менен кокусунан атып алган. Ок атуучу курал анын атасынын аңчылык мылтыгы болгон.

Ош облустук балдар ооруканасынын башчысы Абдисамин Анарбаевдин айтымында, бутуна ок жеген тогуз жаштагы кыз эсине келгени менен, абалы оор:

- Бала ойноп отуруп кызды атып алган. Мылтыктын ичинде чачма ок бар экен, ал балтыр сөөктү талкалап кеткен. Кан тамырлар, нерв жабыр тарткан. Операция кылып, кыздын бутунан он чакты чачма коргошунду алып чыктык. Эми дагы операция кылып буттун сөөгүн түздөшүбүз керек. Азыр абалы оор, басып кетет деп эч ким айта албайт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев окуя териштирилип жатканын айтты:

- Куралды сактоо эрежеси бузулгандыгы жана мылтыктын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча окуя болгон жерде аймактык ички иштер бөлүмү текшерүү ишин жүргүзүп жатат. Эреже боюнча ок атуучу курал ар дайым темир сейфте сакталышы керек. Анын ээси мылтыкты үйгө койгондо огун чыгарып салып, жок дегенде балдардын колу жетпей турган жерге коюшу керек эле. Ал эми ок атуучу куралды алган адам психикалык жактан оорулуу болбош керек. Ушул боюнча азыр үй ээси, баланын атасы текшерилип жатат.

Жабыр тарткан кыз менен баланын ата-энелери "Азаттыкка" маек берүүгө макул болгон жок.

Былтыр ушул эле Кара-Кулжа районунда төртүнчү класстын окуучусу сегиз жаштагы баланы 16 калибрлүү мылтыктан атып алган. Бала окуя болгон жерден жан берген. Иш боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлгөн.

Мындай кесепеттер көпчүлүк мезгилде курал кармоонун техникалык эрежелерин сактабагандан жана балдарды андан оолак кармабагандан улам болууда дейт Шералы Жолонов:

- Азыркы балдар мушташ, криминалдык кинолорду көп көргөндүктөн куралга жакын болушат окшойт. Оюнчуктай көрүп, ойнойбуз деп атып алышы мүмкүн. Ошон үчүн балдарды ок атуучу куралдардан абдан алыс кармаш керек. Ата-эне өзү буга кылдат көз салып, участкалык милиция, же айыл башчылар катуу эскертип турушу керек. Эми карышкыр атам деп, мылтык кармаган менен анын ушундай кесепеттери да бар экенин ар бир куралы бар киши түшүнүшү керек да.

Эреже боюнча ок атуучу курал ар дайым темир сейфте сакталышы керек. Анын ээси мылтыкты үйгө койгондо огун чыгарып салып, жок дегенде балдардын колу жетпей турган жерге коюшу керек эле.
Жеңиш Ашырбаев

Ошол эле кезде адистер балдардын коопсуздугун кароодо ата-энелердин жоопкерчилигин арттыруу керектигин айтышат. Маселен, Ош облустук балдар ооруканасында жылына 25 миңдей бала дарыланса, ушунун эки миңге жакыны ар кандай кырсыктардан жабыркагандар. "Мунун баары ата-энелердин шалаакалыгынан" дейт дарыгер Абдисамин Анарбаев:

- Бизге аттан, эшектен жыгылып түшкөн балдар көп кайрылат. Же болбосо бычак, орок сыяктуу курч нерселерге жыгылып, тилинип, колун кесип келгендер арбын. Башка учурларда да жарадар болуп келген балдар аябай көп. Кээде кечигип келсе, биз балдарды сактай албай калабыз. Ушуну ата-энелерге көбүрөөк эскертип айтыш керек. Муну бир эле ата-эне эмес, мектеп, коомчулук, жергиликтүү бийликтер да колго алышы абзел.

Өткөн жылы Ош шаарынын жакасындагы аскер полигонунда эки бала минага жарылып жаракат алган. Баткенде чек арада жарылуучу заттан улам жабыркаган жети бала да Ошто бир нече ай дарыланып чыккан. Бирок алардын айрымдары майып болуп калды. Ушундан улам адистер ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертишүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG