Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Чуусунан уусу көп миллиондор


Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык деп шектелип банк уячаларынан алынган ири өлчөмдөгү каражаттын мыйзамсыз колдонулгандыгын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлөт.

Буга чейин Убактылуу өкмөт аталган каражат коопсуздукту бекемдөөгө жумшалгандыгын жарыялаган болчу.

Кайда жумшалгандыгы бүдөмүк каражат

Парламенттин укук тартиби, мыйзамдуулук жана жемкордукка каршы күрөшүү комитети менен каржы жана бюджет комитетинин биргелешкен отурумунда мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов далил заты катары Улуттук банкта сакталган акчанын көпчүлүгүн бийлик чөйрөсүндөгүлөр өз ара бөлүп алышкандыгын жарыялады. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарына парламенттик шайлоонун алдында берилгендиги айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев К. Байболовдон каражаттын кандай шартта алынгандыгын сурады:

Каныбек Осмоналиев: "Өткөн жылы 5-октябрда УКМК тарабынан 500 миң доллар алынган дедиңиз. Конкреттүү түрдө ким бул акчаны алууга уруксат берген, ким алган? Анан өткөндө президенттик аппараттын жетекчиси Э. Каптагаев мурдагы банкттардын уячаларынан алынган акчанын он миң долларын кайрадан кайтарууга аракет кылып жатат дедиңиз эле, муну эмне менен далилдей аласыз?"

Кубатбек Байболов: "Ал акчаны сактоодо турган жеринен Р. Отунбаеванын чечими менен УКМКнын каржы бөлүмүнүн башчысы Изибаев деген жигит кол коюп, алып кеткен. Ал эми президенттик аппараттын жетекчиси Э. Каптагаевдин алган акчаларынын бир азын кайра кайтаруу аракети боюнча айтсам, бул боюнча ал жактан жооптуу кызматкердин бизге чалып сүйлөшкөндүгү боюнча мага баяндама киргизилген. Бирок мен ага каршы болгом. Бул боюнча фактылар бар".

Ички иштер министрлигинин өкүлү аталган каражат коопсуздук чараларына жумшоо үчүн шашылыш алынгандыгын белгиледи. Бирок күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү каражат кандай даректүү иш-чараларга жумшалгандыгын ачык айтышкан жок.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Сергей Баженов өзгөчө жагдайда ал каражатты накталай алып, сарптоого аргасыз болушкандыгын айтты:

- Акча келип түшкөн. Аны биз бухгалтерия аркылуу каттоого алганбыз.
Анан долларды жүгүртүүгө мүмкүн болбогондуктан борбордук казыналык
аркылуу аны сомго алмаштырганбыз. Аталган каражаттын жарымы
тиешелүү иш-чараларга чыгымдалган.

Изи сууган ири сумма изделет

Бирок каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров далил заты катары Улуттук банкта сакталып турган акчаны накталай алууга муктаждык болбогондугун айтып өттү.

Жапаров мамлекеттик казынада коопсуздукка бөлүнгөн каржы тургандыгына карабастан, накталай акчаны шашылыш чыгарып кетүү күмөн саноону пайда кылат деп белгиледи.

Укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы Турат Мадылбеков аталган миллиондордун кайда жумшалгандыгы кылдат иликтене тургандыгын билдирди:

- Жумушчу топ түзүлүп, деги эле банкттардын уячаларынан алынган акчанын чыныгы суммасы канча болгону, анын канчасы каякка жумшалып, кандай чыгымдалгандыгын аныктап чыгабыз. Аталган акча каражаттары ошол учурда бийликке жакын тараптарга каалагандай эле таратыла бергендиги көрүнүп калды.

Өткөн жылы 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт банк кутучаларынан 21 миллион доллар табылгандыгын жарыялаган болчу. Анын эки миллионго жакыны сактоодон алынып, өткөн жылы июнь окуялары учурунда УКМКга, ИИМге, элдик кошуундарга жана тынчтыкты сактоочу күчтөрдү камсыздоого жумшалгандыгы айтылып келген. Кимге канча бөлүнгөндүгү боюнча мурдагы Убактылуу өкмөттүн каржы министри болгон Темир Сариев парламентте маалымат берген болчу.
Мен кызматта турганда толук аягына чыга элек иштерди жарыялап чыгуу туура эмес болуп калмак.


Бирок ошол күндөрү Жалал-Абадга жөнөтүлгөн тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн өкүлү, милициянын генерал-лейтенанты Рашид Тагаев бийлик органдарынын акча каражаты коопсуздукту бекемдөөгө жумшалды дегенин мындайча төгүндөдү:

- Мен булар акчаны коопсуздукту бекемдөөгө жумшадык дегендерине ишенбейм. Биз ошондо Жалал-Абадга барганда мамлекет тарабынан тынчтыкты сактоочу күчтөргө бир тыйын бөлүнгөн эмес. Биз өзүбүздүн каражатыбыздын эсебинен барып, коогалаңды жөнгө салуу иштерине катышып келдик. Ал акчанын кайда жумшалгандыгын кылдат иликтесе кимдин чөнтөгүнө кеткендиги табылат.

"Аргасыз чара"

Мындан сырткары отурумда мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов “Мегаком” чатагы, “Дастан” заводунун эсебинен алынган ири өлчөмдөгү акча каражаты жана жашыруун тыңшоолор боюнча маселелерге кеңири токтолду. Социал-демократтар фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров К. Байболовдон эмнеге ал кызматта турган учурунда бул маселени көтөрүп чыкпагандыгына кызыкты:
Жалал-Абадга барганда мамлекет тарабынан тынчтыкты сактоочу күчтөргө бир тыйын бөлүнгөн эмес.


Төрөбай Зулпукаров: "Кызык жери мына ушул иштердин бардыгын сиз башкы прокурордун милдетин аткарып турган чакта айтсаңыз башкача натыйжа болмок. Ошол иштер чынында эле учурунда козголду беле? Анда эмнеге ачык айтып чыккан эмессиз? Эми айтып жатканыңыз бул кызматтан кеткенге таарынган адамдын сөзү болуп калбайбы?"

Кубатбек Байболов: "Бул иштердин көпчүлүгү боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөө жүргүзүлүп, тергөө амалдары болуп жаткан болчу. Мен кызматта турганда толук аягына чыга элек иштерди жарыялап чыгуу туура эмес болуп калмак. Азыр мени бул иштерди аягына чыгартпастан кызматтан алып коюшкандан кийин бул туурасында айтууга аргасызмын".

Башкы прокуратура тарабынан буга чейин козголгон кылмыш иштеринин аягына чыгуусун көзөмөлдөө жана депутаттык комиссянын ишин тездетүү чечими бекитилди.

XS
SM
MD
LG