Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Шайлоого аттанган өнөрпоздор


Манасчы Рыспай Исаков да партиялардын биринин катарында саясатка аттанууда.

Манасчы Рыспай Исаков да партиялардын биринин катарында саясатка аттанууда.

Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын тизмесинде чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү да бар. Коомчулукта маданият ишмерлеринин саясатка аттанышын колдогондор да, жактырбагандар да арбын.

Бүгүнкү күндө парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын биринин алдыңкы сабында жүргөн режиссер Садык Шер Нияз маданият - бул жалаң эле ырдап-чордоо же китеп чыгаруу эмес экенин, эгер маданиятка олуттуу мамиле жасалса ал мамлекеттик идеологияны жаратарын кошумчалап, өзү ушул максатта парламентке аттанганын кыйытты:

- Азыр болсо биздин парламент саясатчылардын оюн ордосу болуп калды. Эгерде маданий ишмерлер, интеллектуалдык чөйрө барбаса анда ал кандай парламент болорун баарыбыз көрбөдүкпү. Өзүңөр көргөндөй, биздин жалаң гана саясат менен шугулданганыбыз, маданиятка көңүл бурбаганыбыз бизди эмнеге алып келди? Негизи биз маданият дегенде бир аз кеңири түшүнүк менен ойлонсок жакшы болот эле. Маданият бул жалгыз гана Маданият министирлиги эмес. Ал - билим, спорт. Ал – кийинүү, ичинүү, коомдук жайда өзүн алып жүрүү. Чындыгында маданият деген өтө кеңири түшүнүк. Керек болсо ал ар бир мамлекеттин негизги өзөгү.

Дагы бир талапкер Кыргыз эл артисти Керим Турапов эгемендик алган жылдардан бери маданият тармагында чечилбеген маселелер жылдан- жылга арбып баратканын айтты. Буга улай маданияттын азыркыдай абалга түшүшүнө, калктын рухий жактан жакырланып, ар кайсы диний агымдарды ээрчип кетишине чыгармачыл интеллигенциянын саясатка болгон кайдыгер мамилеси да себепчи болгонун белгиледи:

- Парламентке аттуу-баштуу кишилерден көбүрөөк келип калганда жакшы болот эле. Бул үчүн, менимче, шайлоо комиссиясы ар бир партиянын тизмесиндеги бешинчи же алтынчы талапкери сөзсүз маданият ишмерлеринен, же интеллигенция өкүлдөрүнөн болсун деген шарт койсо болчудай. Менин учурда шайлоого баратканымдын эң негизги максаты - маданий чөйрөгө аздыр-көптүр салымымды кошсом деген эле тилек. Башка ой жок. Мен өзүмдөн чоң саясатчы чыкпай турганын билем.

Керим Турапов буга чейин да 2008-жылы партиялык тизме менен шайлоого катышып парламентке өткөн. Бирок депуттатык мандатын тапшырып, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директорлук кызматына кайра барган. Ал мындай кадамга тиешелүү жетекчилердин суранычы менен филармонияны Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынын өткөрүүгө даярдоого жана эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чара уюштуруу үчүн барганын айтты.

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев буга чейин кайсы бир партияга талапкер болору айтылып жаткан. Бирок азырынча ал партиянын жарыяланган тизмесинде аты көрүнгөн жок. Раев өзү парламентте өнөр адамдарынын болушун жактайт:

- Мыйзам чыгаруу бийлигинде маданият ишмерлеринин жок экени билинип калып атат. Алар парламентте болсо маданияттын базалык нормативдик-укуктук мыйзамдарына өтө көп өзгөртүү киргизет эле. Анткени маданият ишмерлеринин көйгөйүн маданият тармагында иштегендер гана билет. Аны чечүүнүн жолдорун сунуштай алышат. Башка парламенттерде деле көркөм интеллигенция бар. Алар коомдун каймагы. Эгер биздин парламент да чыгармачыл инсандар менен толукталса биринчи кезекте гумандуулук пайда болмок.

Султан Раев да парламентке бара турган партияларга өз тизмесине сөзсүз түрдө маданият ишмерлерин киргизүү керек деген милдеттенме болсо деген ойдо.

Учурда жогорудагы инсандардан сырткары таанымал манасчылар Рыспай Исаков, Замир Баялиев, Самат Көчөрбаев да партиялык тизме менен шайлоого барышары маалымдалды.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жогоруда айтылган “ар бир партия өз тизмесине сөзсүз түрдө чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүн кошуу керек”, –деген пикирин колдобойт:

- Жөн эле чыгармачыл адам эмес, коомдук-саясый ишмердин деңгээлине көтөрүлө алган адамдар керек да. Жөн эле мындай ырчы, жөн эле спортсмен болсо ал болбойт. Анткени парламент депутаты жөн эле бир профессиянын мыкты ээси эмес, ошол тармакты ийне-жибине чейин жакшы түшүнүп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун көрсөтө билген уюштуруучу, жетекчи, багытты туура аныктай алган саясатчы болушу шарт.

Текебаев Дооронбек Садырбаевди маданият ишмерлеринин арасынан чыккан үлгү боло турган саясатчы катары бааларын айтты.

Буга чейин чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн арасынан саясатка Чыңгыз Айтматов, Казат Акматов, Мар Байжиев, Төлөгөн Касымбеков өңдүү жана башка өнөр ээлери аралашып келген.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG