Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Шайлоо: миллионго бааланган мандат


Иллюстрация
Иллюстрация

Эксперттер 4-октябрдагы парламенттик шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй кымбат өнөктүк болорун айтышууда. Алардын эсебинде бир добуштун баасы 100 долларга чыгат.

Шайлоо жакындаган сайын саясий партиялардын үгүт иштерине жумшалчу акчанын суммасы четинен белгилүү боло баштады. Эксперттердин баамында, 4-октябрдагы шайлоо акчанын самандай сапырылганы менен айырмаланат.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин эсебинде, ар бир добуштун баасы жалпы чыгымдарды кошкондо 100 долларга, ал эми депутаттык мандат 200 миң доллардан миллион долларга чейин бааланат.

- Партиядагы алдыңкы орундун баасы миллион долларга жетти. Биздин эсеп боюнча 200 миң доллардан башталат. Эми шайлоого ашып кетсе 1 млн. 200 миң гана шайлоочу катышат. Ошондо ар бир шайлоочуга орточо 100 доллардан кетсе, 7 миллиарддын тегерегиндеги акча болот.

Бакетаев кошумчалагандай, эл саясатчыларга ишенбегендиктен акча бергенин гана шайлайт. Бирок ошол эле учурда добушту сатып эмес, өз кадыр-баркы менен топтогондор да жок эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын шайлоо фонду 500 миллион сомдон ашпоосу керек деп чектеген. Жалпак тил менен айтканда, партиялар үгүт-насаат иштерине аталган суммадан көп каражат сарптабашы кажет. 2010-жылдагы шайлоодо партиялардын фонду 100 миллион гана сомду түзгөн.

БШК мүчөсү Гүлнара Баатырова атайын түзүлгөн жумушчу топ партиялардын каражаттарынын эсеп-чотун тыкыр көзөмөлдөйт деп ишендирип жатат.

- БШКда партиялардын каржы фонду кандай топтолушу жана сарпталышы боюнча атайын нускама бар. Бул боюнча атайын жумушчу топ иштейт. Алар акчанын которулушунан сарпталышына чейин көзөмөлдөшөт. Негизи 500 миллион сом жогорку чек гана. Негизи шайлоого кеткен каражаттар ага деле жетпейт.

Шайлоо өнөктүгү расмий түрдө 4-сентябрда башталып, бир ай жүрөт. Бирок айрым партиялар үгүт иштерин эмитен эле тымызын жүргүзүп жатышат. Элге акысыз берилген концерттерде ырчы-чоорчулар бир жолку аткарылган чыгармасына 15 миң сомдон миң долларга чейин алышат. Ошентип жоон топ өнөр адамдарынын бир айлык элди үгүттөөсү миллиондорду чапчыйт. Ошол эле учурда партиялардын маалымат каражаттарындагы үгүт материалдарына төлөнгөн акылар да асман чапчыйт.

“Ар-намыс” партиясы менен шайлоого бараткан Өмүрбек Абдрахманов бир депутаттык мандаттын наркы 500 миң долларга жеткенин жашырбайт.

- Биз, колунда барлар фондго анча-мынча акча чогултабыз. Канчадан экенин кийинчерээк айтып берем. Мурун “Ата Мекенге” 100 миң доллар бергем, анда партиядагылардын баары бечара болчу. Менин билишимче партиянын алдыңкы 10-15 орунуна кирүү үчүн 200 миң доллардан 500 миң долларга чейин төлөшөт. Бул эми партияга сырттан келгендер үчүн. Партиядагы абройлуу талапкерлер төлөбөйт деле.

Шайлоого аттанган ар бир партия БШКга күрөө катары 5 миллион сом төлөшү шарт. Эгер партия беш пайыздан аз добуш алса, акча кайтарылбайт. Жаш саясатчы Адил Турдукулов бул шайлоодо капчыктуулар гана ат салышарын, жаштар жадагалса күрөөнү төлөй албай башка партияларга биригүүгө аргасыз экенин айтууда.

- Эгер бизде ошончо сумммадагы каражат болгондо шайлоого өз алдынча катышмакпыз. Башка партияга кошулганыбыздын себеби да ушундан. Жаштардын көбү каражат жок шайлоого барбайт.

КСДПнын “капчыктары” ким?

КСДП партиясынын лидери Чынбай Турсунбеков партиядагы алдыңкы тизмелер аукциондогудай эле сатылат дегенге кошулбайт. Анын ишендиришинче, бийлик партиясын талапкерлер эмес, өзү сыяктуу байлар гана каржылайт.

- Ачык айтканда талапкерлер фондго акча бериши керек деген милдеттенме жок. Бирок мага окшогон адамдар бар. Партия демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланат. Бизди колдогон ишкерлер да бар. Бирок партия ичиндегилер мынакей деп тыйын кошсо баш тартпайбыз.

Парламенттик шайлоого 34 партия катышуу ниетин билдирген. Алардын ичинен “Ата Мекен”, “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” гана 5 миллиондук күрөөнү төлөгөн. Калган партиялар да 20-августка чейин төлөшү шарт. Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны 3 миллиондон ашат, буга чейинки шайлоолордо алардын жарымына жакыны гана добуш берүүгө катышкан.

XS
SM
MD
LG