Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

ВИЧке кабылган наристелер жардам алат


Баласына ВИЧ жуккан энелердин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011-жыл
Баласына ВИЧ жуккан энелердин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011-жыл

25-ноябрда Жогорку Кеңеши ВИЧ инфекциясына кабылган наристелер боюнча атайын токтом кабыл алды. Ага ылайык, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам балдары ВИЧке чалдыккан үй-бүлөлөргө социалдык жөлөк пулдун көлөмүн 10 миң сомго чейин көтөрүү, үйү жокторго батир берүү тапшырмасы өкмөткө берилди.

Парламенттин отурумунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши да сынга алынды. Ноябрдын орто ченинде ВИЧ жуккан ондогон наристе жана алардын энелери Ош шаарынан Бишкекке келип, бир нече ирээт митинг уюштурушуп, талаптарын билдиришкен эле.


Жөлөк пул болот, батирчи?


Наристелери ВИЧ инфекциясына кабылган энелердин кеминде бир жумага созулган митингинен кийин Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумун толугу менен ВИЧ/СПИД көйгөйүнө арнады. Бул отурумга 2007-жылы Ошто ВИЧтин жапырт жугушуна жана анын иликтенишине жооптуу дээрлик бардык мекемелердин жетекчилери катышты.

Кечке чейин созулган талкуулардын жыйынтыгында парламент токтом кабыл алды. Ага ылайык, ВИЧ инфекциялуу наристелер эми айына 3 миң эмес 10 миң сомдук жөлөк пул алышмакчы. Мындан тышкары өзгөчө муктаж үй-бүлөлөргө июнь окуясынан кийин курулуп жаткан турак-жайлардан үй берүү маселеси каралмакчы.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов турак-жай бардыгына жетпей турганын ачыктады:

- Ушул үй берүү боюнча бир нерсени белгилеп койсоңуздар. Азыр бир бөлмөлүү үй берилсин дедиңиздер. Анан мынча батир деп бөлбөсөк. 183түн баарына бере албайбыз да. Азыр бул жерде 12си отурат. Андан башкалар да бар. “Үйү жокторго” деген сөздү кошсок.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү чечими боюнча, атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ооруканада ВИЧ инфекциясы наристелерге жуккан учурлар иликтенип чыкмакчы. Мындан тышкары жаңы жылдан кийин ВИЧ инфекциялуу жарандарга кам көрүү боюнча атайын мыйзам да даярдала турган болду. Ошондой эле бир сыйра колдонулуучу ийнелерди оорулууларга акысыз берүү маселеси сунушталды.


ВИЧке 35 медкызматкер да чалдыккан


Жогорку Кеңештин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева азыр деле наристелерге ВИЧ инфекциясы жугуп жатканына көңүлүн бурду:

- Оорукананын ичинде ВИЧке кабылган учурлар бир гана түштүк аймагында эмес, Чүй облусунда да мындай факт бар. Медициналык кызматкерлердин да бул ооруга чалдыгышы тууралуу айтып кетейин. Тилекке каршы алардын саны бүгүнкү күндө 35ти түзүүдө.

Деген менен Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков азыр наристелерде аныкталып жаткан ВИЧ инфекцияларынын тамыры 2007-жылкы Оштогу жапырт жугузуу окуясына барып такаларын ачыктады:

- Бүгүнкү биз аныктап, таап жаткан балдар, ошол жылдары жуккан балдар. Эки гана балабыз бар экен. Бирөө бир жарым жаш, бирөө бир жаш сегиз ай. Бул балдардын бирөө 2010-жылы Кызыл-Кыяда, экинчиси Кадамжай ооруканасында жаткан экен.

Парламенттеги талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарегине сын айтышып, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү үчүн чет өлкөлүк уюмдардан Кыргызстанга келип жаткан каражаттар толук көзөмөлдөнбөй жатканын айтып чыгышты. Өз кезегинде министрлик тарабынан мындай жүйөөлөр орунсуз деп табылды.


ВИЧтин жапырт жугушу кайрадан иликтенет


15-ноябрда ВИЧке кабылган тогуз наристе жана алардын энелери Оштон Бишкекке келип, митингге чыгышкан. Алар жөлөк пулду көбөйтүүнү, батир менен камсыз кылууну, шалаакылык кылган дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Парламенттин талкуусуна наристеси ВИЧ инфекциясына чалдыккан эки эне катышып, алардын бири депутаттарга минтип кайрылды:

- Мен дагы кайталап кетем. Бизди ушунтип балдар менен чыгарып койгон силерге уят. Мен бул жерге ойногону келген жокмун. Айтып албасам болбойт. Ушул келген 12 адамга Ош шаары боюнча үй чыкпайбы? Бизди безилдетпей, какшатпай, Ак үйүңөрдүн тосмосун карматпай, берип койсоңор болбойт беле? Биз силерден жөндөн-жөн эле сурабай элебиз го? Биздин акыбыз бар.

Парламенттеги бүгүнкү талкуу учурунда 2007-жылы Ош облусунда наристелерге ВИЧ жугузуу фактысы кайра иликтенип чыгаары белгилүү болду. Башкы прокурор Аида Салянованын билдиришинче, ишти кайрадан иликтеп, күнөлүүлөрдү аныктоо үчүн атайын тергөө тобу түзүлдү:

- Биздин Башкы прокуратурадан тергөөчү баш болуп, Ошко барып иштемей болушту. Мен ойлойм, тергөөнүн жыйынтыгы менен деталдуу маалымат берсек болот.

Кыргызстан соңку мезгилде ВИЧ/СПИД илдети 25 пайызга өскөн 7 өлкөнүн катарына кирүүдө. СПИД борборунун акыркы маалыматтары боюнча Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен катталгандардын саны 3789 адамды түздү.

2007-жылдын жай айларында Оштогу облустар аралык ооруканада 41 ымыркай, 10 киши ВИЧ инфекциясына кабылган. Андан бери ВИЧ инфекциясы жуккан наристелердин саны 283ге жетти. Бул балдардын 85ине инфекция энесинен жуккан болсо, 191 наристе дарыгерлердин шалаакылыгынан улам айыкпас дартка чалдыккан.

XS
SM
MD
LG