Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Бир күн кечке акыйкатчыны шайлоо маселесин караган Жогорку Кеңеш талапкерлерге добуш берүүнү кийинки аптага калтырды.

Ага талапкерлер кандай эреже менен добуш беребиз деген талаш, атап айтканда “Акыйкатчы жөнүндөгү” мыйзам менен “Жогорку Кенештин регламенти жөнүндө” мыйзамдын ортосундагы карама-каршылык себеп болду.

Бул талашты эске алган парламенттеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш, ошондой эле Регламент боюнча комитеттери акыйкатчылыкка талапкерлерге алдын ала добуш берүүнүн эрежесин иштеп чыккан. Бирок ал депутаттардын көбүнүн каршылыгын жаратты.

Эки комитет сунуштаган долбоордо бир гана бюллетен жасалып, ага бардык талапкерлердин ысымдары жазылмак жана эң көп добуш алган эки талапкер экинчи айлампага өтмөк. Бул ыкманы сунуштагандар талапкерлердин көптүгүн негиз кылышууда. Мисалы, 49 талапкердин ар бирине өз-өзүнчө добуш бериле турган болсо, 5800дөн ашык бюллетен жасоого туура келет экен. Мынча бюллетенди белгилеп, добуш берүү да бир канча саат убакытты алары бышык.

Эркин Алымбеков

Эркин Алымбеков

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар комитетинин төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркин Алымбеков комитеттер сунуштаган долбоор боюнча добуш берүү эң ыңгайлуу деп эсептейт.

- Биз калыстык кылабыз деп, 49 талапкердин баарын акыйкатчы шайлап койсок туура болмок. Тилекке каршы мыйзамда омбудсмендик орун бирөө гана экен. Ошондуктан депутат өз добушун берүүдө регламенттин 90-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, бир гана талапкерди тандап алууга милдеттүү.

Бул жол менен добуш берүүнү жактагандардын көбү коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү болуп жатканын белгилеген “Ата Журт” жана “Республика” фракциясынын кээ бир депутаттары ага мүмкүн болушунча каршы турууга аракет кылышты. Анын үстүнө “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамда талапкерлердин ар бирине өз-өзүнчө бюллетен жасалып, добуш берилет деп жазылган экен. Андыктан депутаттардын теңи "ушул жол менен кетели, тагырак айтканда “жумшак рейтинг” аркылуу добуш берели, жалпы добуштардын көбүн алгандар кийинки айлампага кала берет" деген пикирди карманышты. Алардын айтышынча, парламенттеги башкаруучу коалиция бир талапкерге токтолуп койгон жана аны өткөрүп алуу үчүн жогорудагы ыкманы тандап алышкан.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков:

- Акыйкатчыны шайлаганда акыйкат болушубуз керек. Ар бир талапкер өз көзү менен ушул жерде калыстык болгонун көрсө, эч кандай сотко арызданам дебейт. Булардын кимиси шайланарын бир Кудай билет. Ал депутаттардын берген добушуна жараша болот. Эгер бүгүн сүрөп, тез бүтүрүп салалы дей турган болсок, эртең сөзсүз сотко бергендер болот.

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов да добуш берүү тек гана оюн, көпчүлүк депутаттар ким омбудсмен болорун алдын-ала чечип коюшкан деп, бирок ал ким болоорун атаган жок.

Талапкерлердин дагы бири Гүлай Кадырова депутаттар Жогорку Кенештин вице-спикери, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаеваны колдошууда деп эсептейт. Бирок Асия Сасыкбаева мындай маалыматтарды четке кагып, ар бирине өз-өзүнчө добуш берүүнү жактагандар бир канча адамга добуш берем деп, убада берип койгон депутаттар экенин айтууда.

Акыйкатчылык үчүн 49 талапкер ат салышууда. Алардын катарында депутаттар, укук коргоочулар, адвокаттар, мурда-кийин мамлекеттик ар кандай кызматта иштегендер, журналисттер да бар. Маселен, депутаттар Асия Сасыкбаева, Турсунбай Бакир уулу, ошондой эле Марат Кайыпов, Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Нурлан Мотуев, Акылбек Сариев сыяктуу инсандар тизмеде жүрөт.

Жогорку Кеңештин негизги иш убактысы кечки саат алдыда аяктайт. Иш күн аяктап калганына байланыштуу эл өкүлдөрү акыйкатчыны шайлоо маселесин кийинки жумага калтыруу чечимин кабыл алышты. Ошентип бир күн кечке талкууланганына карабай, акыйкатчы шайланбай калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG