Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге каршы кылмыш иш козгоду. Өмүрбек Бабановго ишеним көрсөтпөө маселеси парламентте каралмакчы болууда.

Ташиев-Сулайманов жаңжалы

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулайманов “Ата-Журт” партиясынын тизмесинде 29-катарда болгон. Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова депутаттык мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна депутаттык мандат алган. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, Бахадыр Сулайманов өзүнө караштуу округдан жетиштүү добуш топтой алган эмес, ошондуктан ал мандатын тапшырууга тийиш.

Маалыматка караганда, Бахадыр Сулайманов менен Камчыбек Ташиевдин
жаңжалы мына ошол мандатка байланыштуу чыгып, Сулайманов Ташиевден таяк жеп калган. Учурда ооруканада жатат. Башкы прокуратура Сулаймановдун билдирүүсүнүн негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, Ташиевге каршы козголгон кылмыш иш токтоп турат. Анткени күбөлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Сулаймановдун айтымында жаңжал парламентте болгон. Ал жерде Камчыбек Ташиевден сырткары төрага жана депутат Садыр Жапаров да болгон.

Ташиевди мандаты сактай алабы?

Конституцияга ылайык депутат кол тийбестик макамга ээ. Ошондуктан Ташиевге каршы козголгон кылмыш иш тергелип бүткөн кезде да аны жоопкерчиликке тартуу, тартпоо маселеси парламент аркылуу чечилет.

Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев бул маселенин укуктук жагын мындайча чечмеледи:

- Маселенин эки түрү бар. Кылмыш иши козголо берет. Тергөө жүрө берет. Мына ошол тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсү далилденсе, ошондо айыбы угузулат. Мына ошол айыпты угузуу үчүн депутаттарга Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Макулдугу болбосо анда айыбы угузулбайт дагы козголгон иш козголгон бойдон жата берет. Эгерде айыбы угузулуп калса, ал иш сотко бара берет. Депутаттык токтотулбайт. Сотто эгерде айыптоо өкүмү чыгып кала турган болсо, анда ал депутаттыгынан кол жууйт. Мына ушундай жол-жобо.

Мукар Чолпонбаев кандайдыр бир шарттарда депутаттык мандат күчүн жоготсо, анда жоопкерчилик маселеси кайрадан чыгарын кошумчалады.

Камчыбек Ташиевге кылмыш ишинин козголушу менен “Ата-Журт” фракциясынын коалицияны таратуу демилгесинен баш тартышы дал келип турат. Бул фракция Өмүрбек Бабановдун кызматтан алынышын гана талап кылаарын билдирүүдө. Мындай демилгени колдоорун “Ата Мекен” фракциясы гана жарыялап жатат. Ал эми “Ар-намыс” фракциясы бул маселеде ар бир депутат өзүнүн ынанымына жараша добуш бериш керек деген бүтүмгө келгенин фракция мүчөсү Анвар Артыков билдирди:

- Биз ал маселе боюнча чечим кабыл алган жокпуз. Эгерде маселе парламентте көтөрүлүп калса, фракциянын мүчөлөрү өзүнчө добуш берет деген жыйынтыкка келдик.

Вице-премьерди кызматтан кетирүүнүн жол-жобосу кандай?

Конституцияда Биринчи вице-премьер-министрди ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирүү жагы каралган эмес. Ошондуктан бул маселеде укуктук талаш жагдайлар арбын. Муну “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов мындайча белгиледи:

- Мунун укуктук жагы Конституцияда каралган эмес. Бирок ар бир фракция, ар бир жаран өзүнүн оюн айтканга акылуу. Эгерде ал ойлор басымдуу жана омоктуу болсо, анда аны аткарганга мажбур болот. Мына эки фракция айтты. Үчүнчү фракция дагы айтат болуш керек. Эгерде үч фракциянын оюн эске албаймын десе, анда премьер-министр өзү билсин.

Азыркы Конституциянын 85 беренсине ылайык парламент кайсы бир өкмөт мүчөсүнө эмес, жалпы өкмөткө ишеним көрсөтпөй коё алат.

Бирок парламент жалпы өкмөткө ишеним көрсөтпөө жолун тандап алган күндө да өкмөттү кызматтан кетире албайт. Анткени ишенимден ажыраган өкмөттү кызматтан кетирүү, кетирбөө маселесин президент чечет. Эгерде президент өкмөт калсын деген чечим чыгарса, анда дагы үч айдан кийин гана парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөй коё алат. Эгерде үч айдан кийин парламент кайрадан ишеним көрсөтпөөнү чечсе, анда өкмөт сөзсүз кызматтан кетет. Бирок биздин азыркы шартта бул жол дагы өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө алып келбейт. Анткени президенттик шайлоого алты ай калганда парламент өкмөттү кетире албайт. Ошентип президент өкмөттү үч ай сактап берсе, ал мөөнөттүн ичинде президенттик шайлоо жарыяланып, өкмөт сакталып кала берет.

Ошондуктан өкмөттү кетирүүнүн бир гана жолу бар. Ал “Ата-Журттун” коалициядан чыгуусу. Бирок “Ата-Журт” андай кадамга барбай турган болду.

Албетте, парламентте көпчүлүк ишеним көрсөтпөй койсо, анда Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен кызматтан бошошу мүмкүн. Бирок “Республика” фракциясы Өмүрбек Бабановго коюлган айыптарды негизсиз деп четке кагууда. Ошондуктан өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин “Биз кетпейбиз. Биз иштей беребиз” деген сөзү негиздүү болууда
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG