Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков парламенттин жарым жылдык ишин жыйынтыктаган баяндамасын жарыялады.

Келдибеков парламенттик башкаруу көзөмөлдүн күчөшүнө өбөлгө болгонун белгиледи. Анткен менен азыркы парламенттин ишин сынга алгандар да аз эмес.

Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарына караганда бул жолку парламент депутаттары мыйзам чыгаруу жараянында натыйжалуу иш алып барганына токтолду. Анын айтымында, ондогон мурдагы мыйзамдар жаңыдан кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык келтирилген.

Ахматбек Келдибеков
Мындан сырткары Ахматбек Келдибеков жаңыдан кабыл алынган мыйзамдар салыштырмалуу сапаттуу иштелип чыккандыгын белгиледи:

- Төртүнчү чакырылышта толук иш тартибинде 49 жыйналыш өтсө, биз алты айда 54 палата отурумун өткөрдүк.

Мурдагысында толук иш жылында 248 мыйзам долбоору каралса, бул жолку чакырылышта алты ай ичинде эле 219 мыйзам долбоору каралды. Анын ичинен 171 мыйзамды кабыл алдык. Мурдагы чакырылышта 15 мыйзам артка кайтарылса, бул жолу 11 мыйзам долбоору гана президенттин каршы пикири менен кайтып келди
.

"Кемчиликтер аз эмес"

Муну менен катар төрага Жогорку Кеңеш мурдагыдай мыйзам чыгаруу органы катары гана калбастан, өлкөдө орун алган орчун окуяларга баа берүүдө мамлекеттик кызыкчылыкты коргоонун очогуна айлангандыгын айтты. Буга ал өткөн жылкы апрель-июнь окуяларына карата парламенттик комиссиянын жыйынтыгын мисал келтирди.

"Азаттыктын" архивинен: 7-апрелде окко учкандардын жакындары парламенттин алгачкы жыйыны өтчү күнү нааразылык акциясын уюштурушкан. 10-ноябрь, 2010-жыл
Саясат таанучу Мирослав Ниязов парламенттин бул боюнча чыгарган токтомдорун сынга алды:

- Июнь коогалаңы боюнча эң жеңил ой менен, жоопкерчиликсиз жыйынтык чыгарып коюшту. Анткени анда окуянын чыныгы себептери кылдат иликтенип, ага карата жоопкерчиликти так караган шарттар камтылган жок. Бардыгы үстүртөн болуп калды. Бүгүнкү абал аябай эле оор. Мактана тургандай эч нерсе кыла элекпиз. Эми бул кабыл алынган мыйзамдардын санын айтып мактанууга болбойт. Мына ошол эле мыйзамдардын сапаттык деңгээли жана анын аткарылышы боюнча айта турган сөз көп.

Мындан сырткары сынчылар парламентте мамлекеттик кызыкчылыкка караганда партиялык кызыкчылыктар үстөмдүк кылган учурлар көп болгондугун мисал келтиришет. Анткен менен чечимдерди кабыл алууда жана бийлик органдарын көзөмөлгө алууда парламенттик башкаруунун артыкчылыктары байкалгандыгы көп айтылып жүрөт.

"Парламентаризм", Кимбайке, 3-апрель, 2011-жыл
Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, парламенттеги талаш-тартыштардын түпкүлүгү бардык бийликтин бир колго топтолушуна жол бербөөдө:

- Парламенттик башкаруунун бирден-бир өзгөчөлүгү - бийлик бутактарынын бирин-бири көзөмөлдөөсүнүн күчөшү. Президент туура эмес жасап жатса, мурдагыдай эле унчукпай, бир адамдын оозун карап отурбай, ага карата каршы чыгып, туура болгон чечимдерди оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өкмөт боюнча жагдай ушундай. "Талаштан тактык жаралат" дегендей учурда ким эмне кылса, парламенттин трибунасынан айтылып жатат.

Парламент төрагасы палатанын кезексиз чакырыла турган отуруму 7-8-июлга дайындалышы мүмкүн экендигин айтты. Анда парламент карап үлгүрбөй калган Соттторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү жана БШКнын калган эки мүчөсүн шайлоо маселелери каралат.

Парламенттин эс алуудан кайтып келгенден кийинки иши буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышын тиешелүү бийлик органдарынан талап кылуудан баштала тургандыгы айтылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG