Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Парламентте намазга жыгылган отуздай депутат бар. 23-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун жана муфтий Чубак ажы Жалиловдун катышуусунда парламентте намазкана ачылды.

Намазкананын тасмасы кесилээр замат Жогорку Кеңештин депутаттары жана кызматкерлери бешим намазын окушту.

Парламентте намазга жыгылган эл өкүлдөрүнүн бири - Социал-демократтар фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров. Ал кудайдан корккон адам адилет чечим кабыл алат деп ишендирүүдө.
Мусулманчылыкка шылтоо кылып эле өздөрүнүн ыңгайлуулугун ойлой бергендери туура эмес.

- Депутаттар ыйман жолуна тартылып, кудайдан коркуп турса, бардык маселе жакшы чечилет деп үмүт артып жатабыз. Учурда жума намазга барган отуздай депутат бар. Ал эми беш убак намаз окуган депутатардын саны 15-20нын чамасында.

Депутаттардан тышкары Жогорку Кеңештин аппаратында да намазга жыгылган кызматкерлер аз эмес экен. Муфтий Чубак ажы Жалилов парламентте намазкана ачылышын жакшылыктын жышаанасы катары сыпаттоодо.

- Бул нерсени өлкөнүн өнүгүүсүнүн тушоо кесүүсү деп айтсак да жаңылышпайбыз. Кыргызстанда мыкты адамдар, экономисттер, саясатчылар бар. Бирок ыйман маселеси жакшы болбогондугу үчүн өнүгө албай жатабыз.

"Башка ишенимдегилер да унутта калбаса..."

Намазкана парламент имаратынын жертөлөсүндөгү бир бөлмөлүү жайда жайгашкан. Аны жасалгалап, иретке келтирүү чыгымы “Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” эл аралык уюму тарабынан каржыланган экен.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков зарылчылык болсо башка диндеги адамдарга да парламентте сыйынууга шарт түзүп берүү керек дейт.

- Элибиз жакшы болсо экен деп, кудайга сыйынып, мамлекетибиз өркүндөсө, ыйман болсо экен деген аппаратта иштеген эже карындаштарды, аппараттын кызматкерлерин көрүп турам бул жерде. Мындан тышкары проваслав дининдегилер ушундай кичинекей жай ачып бериңиздер, сыйынабыз десе, аларга да ачып беришибиз керек. Сыйынып, ыйманга чакыруу чындыгында жакшы нерсе.

Динара Ошурахунова жана Турсунбай Бакир уулу “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө намазкана ачуу маселеси боюнча бир пикирге келе алган эмес.
“Перемена” коомдук бирикмесинин жетекчиси Алмаз Тажибай да депутаттар адилеттүүлүгүн көрсөтүп, башка ишенимдегилерге да сыйынууга шарт түзүп бериши керек деп эсептейт.

- Намазкана ачкандан кийин, анда Жогорку Кеңеште христиандарга жана башка конфессиядагылардын дагы бурчтары болушу керек.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова депутаттардын кадамына өз баасын берди:

- Каалоолору болсо ача беришсин, бирок биз деген депутаттар иштеши керек деп айтканбыз. Ошондой эле Кыргызстанда мусулмандар көп. Депутаттардын мүмкүнчүлүгү бар болсо, ошолордун ар бирине шарт түзүп берсин. Ал эми мусулманчылыкка шылтоо кылып эле өздөрүнүн ыңгайлуулугун ойлой бергендери туура эмес.

Жогорку Кеңеште намазкана ачуу демилгеси депутаттар тарабынан жыл башында көтөрүлүп, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун катуу каршылыгына кабылган. Жарандык коом өкүлдөрү депутаттар элдин эсебинен каржыланып жаткандан кийин жеке маселелерин мамлекеттик иш менен аралаштырбасын деген талаптарды коюшкан эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG