Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

Бишкекте күндүн кескин суукташы элди түйшүккө салды. А түгүл Ак үйдөгү депутаттар да үшүп-тоңуп, парламентте тончон отурганын айтып чыкты.

Соңку күндөрдөгү катуу суук бишкектиктерди абдан эле убайымга салды.


Катуу аяз ак үйдөгүлөрдү да аябайт


Чыкылдаган суук депутаттарды да тончон отуруп иштөөгө аргасыз кылганы бүгүнкү парламент жыйынында сөз болду. Депутат Гүлнара Жамгырчиева Жогорку Кеңештин имаратындагы абалды мындайча сүрөттөдү:

- Жогорку Кеңештеги жыйын залы эки күндөн бери чындыгында эле муздак болууда. Мисалы мен тончон отурам. Иш бөлмөм болсо араң эле 8-9 градус, эптеп жылыткыч сайган соң 10 градуска араң чыкты. Бул жерде узакка отуруп иштөө кыйын болууда.

Жамгырчиеванын айтымында, депутаттар үчүн салынган үйдөгү абал мындан да начар. «Курулуш иштериндеги кемчиликтерден улам жылуулукту көп талап кылып, электр жылыткычтарынан болгон күчтү чыгарып жатабыз», - дейт депутат айым.

20 градустан ашкан суукта көпчүлүк шаардыктар электр жылыткычтарын сайып, сууктан коргоонуу аракетинде. Жылыткычтарды эш тутуп турган учурда электр тогунун үстүккө-босток өчүрүлүшү элди ого бетер түйшүккө салууда.


Кыштын камын кышта көрүп...

Энергетиктер кышка жакшы даярдык көргөн эмес. Жайында жабдыктарын оңдобой, башка иштер менен алек болуп жүрүп алышты...
Райымбек Мамыров

Энергетика министрлиги болсо токтун тез-тез өчүшүн шаардыктардын жапырт электр жылыткычтарга өтүшүнөн көрөт. Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов токту ашыкча пайдалануудан чыккан чыңалууга электр өткөргүчтөрү чыдабай жатканын айтат.

- Биздин электр линияларыбыз мурунку учурда салынган. Ал учурда башкага эсептелген эле. Азыр болсо пайдалануу абдан көбөйдү. Ошондуктан техникалык жоготуу күчөп, чыңалууну көтөрө албай жатат.

Анткен менен бир катар адистер мындай көйгөйдү энергетиктердин кышка жетиштүү кам көрбөгөнүнөн көрүүдө. Энергетика тармагындагы адис, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райымбек Мамыровдун айтымында, энергетиктер кыш камын жайда көрбөй, шалаакылык кылган:

- Бул жерде энергетиктердин күнөөсү болуп жатат. Кышка жакшы даярдык көрбөй коюшкан. Бул жыл сайын эле болуп жактан көйгөй. Муну жайында, 6 ай бою оңдоп коюш керек болчу. Алар башка иштер менен алек болуп жүрүп алышты.

Ошол эле мезгилде энергетиктер Бишкек шаарынын айланасына башаламан жаңы конуштар түшүп, басымдуу көпчүлүгү жарыкты эпсиз көп пайдаланып жатышкан айтышат. Бул өз кезегинде жалпы шаардын жарык түйүнүнө терс таасирин тийгизүүдө.


Колдо бар токтун кадырын билбей...


Муну менен катар турак үйлөрдү курууда жылуулоо жагына көңүл бурулбаганы да кошумча баш оорууну жаратууда. Дубалдын жукалыгынан, эшик-терезедеги тешиктеринен шамал аркырап турган үйдү жылытуу үчүн ашыкча жылуулук сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев жыл сайын электр энергиясындагы жоготуунун запкысын тартпаш үчүн үй куруудагы жылуулоо эрежелерине көнүл буруп, мамлекет жалпы стандартты жарандардын баарына милдеттендириши зарыл деп эсептейт:

- Төрт дубалдын бир жагы жылууланган болсо 20-30 пайыз үйгө жылуулук кирет. Эгер жалпысынан жылууласак, жарандар үчүн эле эмес, жалпы мамлекет үчүн пайда болоор эле. Себеби электр энергиясына үнөм болот. Бул өз кезегинде өчүрүүлөргө, авариялардын азайышына шарт түзмөк.

«Түндүк электро» ишканасынын маалымдашынча, Бишкек шаарындагы чыңалуудан улам 1-2 сааттык мөөнөттүк өчүрүүлөр башталышы мүмкүн. Ал эми буга чейин Энергетика министрлиги быйыл мындай өчүрүүлөр болбойт деп ишендирип келген.

Кыргызстан мындан 2-3 жыл мурда, 2008-2009-жылдары катаал энергетикалык кризисти баштан кечирген. Ага Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кетиши себеп болгон. Акыркы эки жылдан бери Токтогулда суу мол. Бирок эми энергетика тармагындагы жабдыктардын эскиргени айтылууда.

Ошентип Кыргызстан колунда турган электр энергиясын да ойдогудай колдоно албай, кычыраган кышта алыскы айылдар эле эмес, минтип ордо калаанын тегерек чети да караңгыда калууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG