Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Энергетика коррупциядан арыла элек


Президент Отунбаева Энергетика боюнча эл аралык жыйында. Бишкек, 26-сентябрь.
Президент Отунбаева Энергетика боюнча эл аралык жыйында. Бишкек, 26-сентябрь.

Энергетика тармагындагы ачык-айкындуулук өлкөнүн чыныгы экономикасын пландоого, аны андан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Бул тууралуу 26-сентябрда Бишкекте кыргызстандык жана чет элдик эксперттердин катышуусунда Кыргызстандын энергетика тармагындагы айкындуулукту талкуулаган эл аралык конференцияда айтылды. Чет элдик эксперттер отун-энергетика тармагын көзөмөлдөгөн атайын орган түзүүнү сунуштаса, президент Роза Отунбаева Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексин тескеген мамлекеттик департаментти министрликтен көз карандысыз кылуу керектигин билдирүүдө.

Чет элдик эксперттин сунушу

АКШдагы “Электрэнергетика демилгеси” башкармалыгынын өкүлү Давид Вуд башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, Кыргызстанга да керектөөчүлөр менен электр энергиясын берүүчүлөрдүн ортосундагы мамилени көзөмөлдөгөн орган керек деп эсептейт.

- Керектөөчүлөр дайыма эмне болуп жаткандыгын билип тургусу келет. Ал эми компания болсо дайыма ишин жашырууга аракеттенет. Ошондуктан бул жагдайды көзөмөлгө алган атайын институт зарыл.

Чет элдик эксперттердин айтымында, энергетика тармагындагы ачык-айкындуулук өлкөнүн чыныгы экономикасын пландоого, аны андан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Ал эми конференцияда сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева 2010-жылы болгон ыңкылапка дал ушул энергетика тармагындагы коррупция себеп болгондугун белгилей кетти. Роза Отунбаева бул тармакта толук ачыктыкка жетиш үчүн Энергетика министрлиги алдындагы Отун-энергетикалык комплексин тескеген мамлекеттик департаменттин министрликтен көз каранды болушу керектигин белгиледи.

- Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөгөн мамлекеттик департамент азырынча Энергетика министрлигинин бир бөлүгү катары калууда. Бул министрликке көз каранды болуп турат. Мен өзүм министрлик менен талашып, Байланыш агенттиги, Улуттук банк өзүнчө эле орган экендигин жана эң сонун иштеп жатышкандыгын айтып жатам.

Жакшырганы жакшырды, бирок...

Талдоочулардын белгилешинче, 2010-жылга чейин Кыргызстандын отун-энергетика багыты өлкөдөгү абдан коррупциялашкан тармактардын бири болуп келген. Бир жыл аралыгында отун-энергетика тармагында коррупцияны жоюу боюнча айрым ийгиликтер жаралганы менен көйгөйлөр али арбын. Адистер буга мурдатан иштеп келаткан коррупциялых схемалар, ошондой эле натыйжалуу башкаруунун жоктугу себеп болуп жатканын айтышууда.

Энергетика министри Аскарбек Шадиев болсо тармакты көзөмөлдөгөн кошумча орган түзүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептеп, Отун-энергетика комплекси департаментин министрликтен бөлүү сунушун колдой тургандыгын айтты.

- Атайын бир институттун кереги жок. Бул деген менимче, жалпыга маалымдоо каржаттарынын өкүлдөрү болуш керек. Андан өткөн институт жок. Жаңы институтту түптөш үчүн бир топ процедуралар бар, андан тышкары каражат да керектелет. Биз менен Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана ЖМКлар тыгыз иштешсе болот. Бизде бар болгон маалыматтын баарын беребиз.

Байкоочу кеңеш эмне дейт?

Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгүн уша тапта аталган министрликтин алдында бир жыл мурда түзүлгөн Байкоочу кеңеш көзөмөлгө алууда. Байкоочу кеңештин мүчөсү Рита Карасартова буларды билдирди.

- Мурда ачык-айкындуулук десе эле, отчеттордун баарын илип коюшчу. Аларды элдин баары тең эле түшүнбөйт да. Биз отчеттордун кандай формада берилишин жана элге түшүнүктүү болушун талап кылганбыз. Азыр биз да ошол форманы ойлоп чыгып, жадыбал боюнча бардык компаниялардан маалыматтарды бергиле деген элек. Маалыматтар берилди, аларды карап чыктык. Ага ылайык, жоготууларды азайтып, бирок эмнеге дебитордук карыз өсүп жатат, эмне үчүн аны бизден алып жатат деп сурап жатабыз.

Энергетика министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин мүчөсү, энергетика боюнча эксперт Николай Кравцовдун айтымында, мындан төрт жыл илгери бул тармакта жоготуулар дээрлик 50 пайызды түзүп келген. Бүгүнкү күндө алар эки эсе кыскарды. Анткен менен Кравцов бул да арбын жоготуу экендигин, натыйжалуу башкаруу болсо, аны кыскартууга мүмкүнчүлүктөр боло тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG