Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Дача айылынын келечеги бүдөмүк


16-январда түрк учагы кулаган Дача СУ айылында калдыктарды чогултуу, тазалоо иштери дагы деле жүрүп жатат. Окуядан соң айыл калкы психологиялык жактан жабыр тарткандыктан, дарыгерлер жеринде үймө-үй жардам көрсөтүп жүрүшөт.

Учактардын учуп-конуусунан чочулап калган эл өкмөт колдоо көргөзсө, башка жерге көчүп кетүүгө даяр экенин бир ооздон айтышууда. Ал эми өкмөт калкты башка жерге көчүрүү боюнча так планды иштеп чыга элек.

Света Абдисияева керели кечке үйдө. Күндүз жалгыз эмгеги - от калап, үй жылытуунун камын көрүү. Бир баласы Бишкекте автоунаа оңдоп иштейт, ал үйгө кечинде келет. Дача айылынан 2006-жылы азыркы үйдү сатып алып, самолёттун үнүнө көнүп бүткөн. Бирок акыркы эки күндөн бери учак үнүн укканда, оозунан келме түшпөй, коркконунан кудайлап, эшикке чыга качып жатканын айтып берди:

- Түнбү-күнбү самолёт учса эле тышка чыга калып, учуп кеткенге чейин карап турам. Аябай коркунучтуу болуп калды. Мурда авиабаза бар кезде самолёттор биздин үйлөрдүн үстүнө керосин чаччу. Эмнеге андай кылчу билбейм, барган сайын бактардын жалбырактары карайып, мөмө бербей калчу. Мындай учурду дагы көп көрдүк.

Дача кантип конушка айланды?

Дача айылы “Манас” аба майданынын учактар конуучу тилкесине өтө жакын жайгашкан. 1980-жылдары айыл тилкеси дача үчүн деген багытта бөлүнүп, жеңил курулушка гана уруксат берилген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу, Дача СУ айылы.
Маркумду акыркы сапарга узатуу, Дача СУ айылы.

Бирок убакыттын өтүшү менен ички миграциянын агымы күчөп, дача ээлери үйлөрдү сатып, сатпаганы батирге берип салышкан. Аэропорттун жанында экенине карабай, үйдүн баасы арзан чыкканына курсант болуп, көпчүлүгү жердин тийиштүү документтери жок эле сатып алышып, үй тургузуп жан багып келет. Жергиликтүү тургун Дастан Пазылов алардын бири.

- Биз каттоого турган эмес элек, андыктан шайлоого да катыша албайбыз. Менин үйүмдүн союз мезгилинде берилген паспорту эле бар, башка кызыл китеп деген сыяктуу документтер жок. Бул жакта көпчүлүгү батирде, менин көчөмдүн жарымы акча төлөп жашайт. Үй ээлери ким экенин деле тааныбайм. Бирок эл аябай коркуп калды, баары эле “башка жерден жер берсе кетебиз”, - деп атышат. Балдар бөтөнчө коркуп калды.

Өкмөт азырынча дачалыктарды көчүрүү боюнча ойлоно элек. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учактын калдыктарын тазалап, кырсыктын себебин аныктоо биринчи маселе экенин айтат. Анткен менен айылдыктарга коопсуз жерден тилке бөлүп берүү тууралуу өкмөттө сунуштар бар экенин кыйытып өттү.

- Айылдын келечеги боюнча азырынча өкмөттө сөз боло элек. Бул куткаруу, издөө иштери бүткөндөн кийин өкмөттө чечилчү маселе. Бирок ар кандай сунуштар бар. Менимче, Дача элине учактар кончу сызыктан алыс жерден жер бөлүп берүү сунуштары түшүп жатат. Мүмкүн ошондой болуп чечилип калат.

Медициналык жардамга кайрылгандар көп

Дача кыштагынын эли психологиялык шоктон дагы деле чыга элек. Айылдын бир нече жеринде маркумдар менен коштошуу зыйнаты жүрүп жатат. Аза күтүүдөн айрымдарынын кан басымы жогоруласа, дагы бири психологиялык жактан сокку алган. Элге медициналык жардам берүү максатында айылда мобилдик клиника иштеп жатат. Медкоординатор Букун Рысалиева эки күндө жүзгө чукул киши догдурларга көрүнгөнүн айтты:

Мобилдик клиника
Мобилдик клиника

- Элдин көбү коркуп, уктай албай жатабыз деп, кан басымы жогорулап, шалдырап келип жатат. Ошондой эле психологиялык жардам сурагандар да көп. Биздин максат - медициналык жардам көрсөтүү. Дары-дармектерди бекер берип жатабыз. Аябай оор абалда келгендерди атайын унаа райондук ооруканага алып кетип жатат.

Учактан жабыр тарткандарга деп гуманитардык жардам чогултулуп жатканы менен азырынча аны таратуу иштери жүрө элек. Ошол эле кезде анткорлонуп, башка айылдан бери келип, гуманитардык жардам алат элек деп жазылып жаткандар бар экен. Андыктан гумжардамды ич ара бөлүштүрүү үчүн тизмени өздөрү түзүп баштаганын жергиликтүү тургун Махбуба Расулова айтып берди:

- Жабыркагандардын жана жардамга муктаждардын тизмесин түзүп, өзүбүздүн айыл эли үймө-үй тараталы деп чечтик. Азыр ооруканада жаткандар, үйүнөн жарака кетип балдарын башка жакка жөнөтүп, турак жайын кайтарып отурган эркектер бар. Булардын өздөрүнө жардамды жеткирбесек, башка айылдан келип тизмеге кирип жатат. Кечээ Жаңы-Жерден бирөөлөр келип, жууркан-төшөк, жаңы электр чайнек анан азык-түлүк алып кетип жаткан жерден кармалды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдар дагы деле чогултулуп жатканын айтып, элге азык-түлүктөр берилип жатканын кошумчалады:

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

- Түшкөн бардык гуманитардык жардамдарды азыр облустарда жана Бишкекте чогултуп жатабыз. Андан сырткары министрликте атайын эсеп ачканбыз, ал эсепке да акчалай жардам түшүп жатат. Бул жумуштар 17-январда түштөн кийин башталды, эми акчанын эсебин чыгарып, жалпы коомчулукка да маалымдап турабыз.

Учак кырсыгынан кийин дүйнөгө таанылган Дача СУ айылында оорукана, мектеп жана башка социалдык мекемелер жок. 400дөй түтүн социалдык кызмат үчүн 10 чакырым алыстагы коңшу Манас айылына барышат. Жер тилкелер да кичинекей болгондуктан, короодо мал кармоо мүмкүн эмес, андыктан карапайым элдин басымдуу бөлүгү күнүгө 30 чакырым жолду басып Бишкекте ар кандай жумуштарда иштеп күн кечирип келет.

16-январда Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы кулаган. Апааттан 38 кишинин өмүрү кыйылды, 16 адам жабыркады.

Учак Түркиянын АСТ Airlines компаниясына таандык болуп, аталган ишкана тез арада кенемте төлөп берүүнү убада кылган.

"Арай көз чарай": Кайгыны ынтымак жеңет. 18.06.2017

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG