Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Чет элдик ишкерге кастарын тиккен ким?


Бишкекте чет өлкөлүк жарандын үйүнө кол салуу талкуу жаратууда.

Бишкектеги «Жал Артис» турак жай комплексиндеги чыр тууралуу видео тасма эки күн мурда интернетке тарады. Анда топтошкон бир нече адам көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринин эшигин тепкилеп, аны ачууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Аларды токтотууга аракеттенген күзөт кызматкерин ур-токмокко алышкан. Бул окуяга байланыштуу аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары милицияга арыз жазышкан.

Милиция окуяны териштирүүдө

Маалыматка караганда, окуя 19-февралда катталган. Анда Түштүк Кореядан келген ишкердин үйүнө кол салуу аракети болгон. Жашоочулар турак жайга киргендер өзүн милиция кызматкери катары тааныштырганын айтышууда.

Ички иштер министрлиги кол салууга шектүүлөрдүн бири кармалганын билдирди. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин айтымында, кол салууга күч органдарынын кызматкерлеринин катышы бар-жоктугу такталууда:

- Мас болгон бала кармалды. Ага карата «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Милициянын кызматтык күбөлүгү колдонулганбы, же жокпу, азыр такталып жатат. Ал өзү жалгыз эле болгом деп айтууда. Бул боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, кайсы кызматкердин күбөлүгү колдонулганы такталууда.

Казабаев кармалган адам «Жал Артистин» жашоочусу экенин айтып, окуяны эки кошуна ортосундагы турмуштук чыр катары сыпаттоодо.

ИИМдин маалыматына ишенбеген тургундар

«Жал Артистин» жашоочуларын милициянын тараткан маалыматы ынандырган жок. Алар окуядагы айрым жагдайларды күч органдары жашырып жатат деген ойдо.

Маселен, турак жай комплекстин жашоочусу Рамика бул окуя боюнча алгач үч адам кармалып, кийин экөө белгисиз себеп менен коё берилгенин айтып жатат:

- Азыр бардык жерде милиция «кол салууга катышы барлар милиция кызматкерлер болгон эмес» деп айтып жатышат. Ошондой эле муну коӊшулар ортосундагы эле чыр деп аташууда. Бирок эшигин талкалаганга аракет кылган жашоочуга сырттан келген адамдар укук коргоо органдарына таандык кызматтык күбөлүктү көрсөтүшкөн экен. Балким алар мурдагы кызматкер болушу мүмкүн, балким штаттан тышкаркы кызматкерлер. Бирок алардын кызматтык күбөлүк көрсөткөнү чындык. Бул биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Аталган чет өлкөлүк жаранды мурда үч жолу коркутушкан экен. Бул боюнча милицияга арыз да жазышкан. Эч кандай чара көрүлбөй, кайталанып жатат.

Жашоочулар окуя кошуналар ортосундагы чыр эмес, башка максатты көздөгөн деге пикирди айтышууда.

«Жал Артистин» тургундары бул жаӊжалды калыс иликтеп, чын-бышыгына жетүү үчүн кайрадан милицияга кайрылышты.

"Жал артис" турак жай коплекси.
"Жал артис" турак жай коплекси.

Кыргызстанда тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн чырлуу окуяларга аралашкан учурлары көп эле катталган.

Өткөн ай соңунда Бишкекте 22 жаштагы жигитти милиция кызматкерлери токмоктоп, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү эки милиция кызматкерине иш козголуп, жумуштан бошотулду.

Экинчиси - 7-февралга караган түнү Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Кытай ресторандарынын бирине кол салууга байланыштуу. Белгисиз куралчан адамдар аталган коомдук тамактануу жайына беткап менен кирип, ал жерде отургандарды коркутуп, ири өлчөмдөгү акчаны карактап кетишкен. Бул окуяга милиция кызматкерлеринин катышы болушу мүмкүн деген маалыматты айрым сайттар жазып чыгышкан эле. Бишкек милициясы бул карактоо боюнча күнөөлүүлөр аныктала электигин билдиришти.

Бул окуяларга байланыштуу милициянын коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун коргоонун ордуна ар кандай мыйзам бузууларга аралашуусу нааразылык жаратууда.

Талдоочулар эмне дейт?

Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Ялкун Даудов мындай көрүнүштөр чектен чыккан кызматкерлерге карата жетишинче чара көрүлбөгөндүктөн болуп жатат деген пикирде:

- Мындай иштер болбошу керек. Милиция атайын ант берген соң устав боюнча иштеш керек. Тилекке каршы, антка каршы келген окуялар көп болуп кетти. Бул жакта ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы өз ишин жетишинче аткарбай жаткандай. Мындай окуялар болгондо дароо милиция кызматкерлери жоопкерчиликке тартылып, катуу чара көрүлүшү керек эле.

Кыргыз милиционерлери.
Кыргыз милиционерлери.

Ал эми Ички иштер министрлигин реформалоо жаатында иш жүргүзгөн “Реформа жана натыйжа” жарандык уюмунун мүчөсү Урмат Казакбаев маселенин баары кадр тандоодон чыгып жатканын айтууда:

- Ачык конкурс менен милиция кызматкерлерин тандамайын жана ага бардык шарттарды түзмөйүнчө абал өзгөрбөйт. Азыр милицияга жумушка барам, бул үчүн 2 миӊ доллар керек, кайсы таанышты табам деп жүрөт. Андай жол менен жумушка орношкон киши күбөлүктү көрсөтөбү, тапанча атабы же көрүнгөн батирге кирип киши тонойбу, мындай нерселерден эч уялбайт. Анын бир гана максаты бар тапанча алып, күбөлүк көрсөтүп, өз чөнтөгүн толтуруу. Милициянын кадыр-баркы тууралуу эч ойлонбойт.

Кыргызстанда милицияны реформалоо талабы акыркы жети жылдан бери байма-бай көтөрүлүп келет.

Бийлик реформа ишке ашып жактанын айтканы менен бул тармакта абал өзгөрүүсүз калууда.

Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG