Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Апта: Күзгү жандануу жана жаакташуулар


Жол кырсыгынан кийин, 13-март, 2009-жыл

Жол кырсыгынан кийин, 13-март, 2009-жыл

Медет Садыркуловду өлтүргөндөр аныкталганын Ички иштер министрлиги жарыялады. Өкмөт башчы Өзбекстан, Кытайга иш сапар менен барды. Парламент президенттик аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевди кызматтан алууну сунуштады.

Курманбек Бакиевдин президенттик учурунда анын администрациясын башкарган, ал кездеги өлкөдөгү саясий жараяндардын дирижеру катары эсептелген Медет Садыркуловдун каза болгону 2009-жылы 13-мартта дайын болгон.

Ошол эле жылы январь айынын башында президенттик администрация башчысы кызматынан кетип, оппозицияга карай ык тарткан Медет Садыркуловдун өлүмү жөнөкөй өлүм эместиги ошол кезде эле айкын болгон. Анткени 12-мартта Казакстандан келаткан унаанын табышмактуу жагдайда Арашан айылына барып калышы, ал жерде унаа жана сөөктөрдүн толук бойдон күйүп кетүүсү ар кандай ой жорууларды жараткан.

Андан көп узабай “Кандуу жол” аттуу китеп чыгып, анда Медет Садыркулов, анын жанындагы Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун кандайча өлтүрүлгөнү жазылган эле.

Мына эми ушул аптанын орто ченинен тарта Ички иштер министрлиги Медет Садыркуловдун жана анын шериктеринин кандай өлтүрүлгөнүн жана ага кимдердин тиешеси бар экенин ачыктап чыкты. Муну ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди:

- Кылмышты уюштуруп, буйрук берип, кылмышты жасаган бул – Жаныш Бакиев. Башынан аягына чейин катышкан. Бүгүнкү күндө кармалган адамдардын баары көрсөтмө берип жатышат.
Андан сырткары буйрукту аткаргандар да кармалды. Чек ара кызматынын алты кызматкери жоопко тартылып жатат. Мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери да бар. Кылмыш жасалган жер да такталган.

Мурунку президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барышкан. Ошол жерден өлтүрүшүп, ал жерден Кой-Ташка алып барып, сөөгү табылган жерден өрттөп кетишкен.

Бүгүнкү күндө алты киши кармала элек. Булар – Жаныш Бакиев, Тахир Рысалиев, Айбек Абдразаков. Бул Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкери
.

Аламүдүн капчыгайы, кырсык ушул жерде орун алганы айтылган.
Азыркы мезгилде кармалгандардын арасында чек ара кызматынын ошол кездеги башчысы, акыркы мезгилде өкмөттүн коопсуздук жана коргонуу бөлүмүндө иштеп турган генерал Замир Молдошев да бар.

Ошондой эле президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун да ысымы аталды.

Мелис Турганбаев 16-сентябрда маалымат жыйынында андай түкшүмөлдөрдү четке какты. Мисалы, Турганбаевдин айтымында, Мелис Садыркуловдун үйүнө кесилген “кулак-мурун” жиберилген кылмышты ал алты күндүн ичинде ачып, ал Жаныш Бакиев иши экенин аныктаган. Бирок ал жарыя кылынган эмес, кылмыш иши козголгон эмес. Мына ушул кылмышты жашыруу андан кийин Медет Садыркуловдун трагедиялуу өлүмүнө алып келген. Анткени Жаныш Бакиев биротоло өзүн “кол жеткис” сезип калган.

Эми кыргыз тарап Жаныш Бакиевди таап, Кыргызстанга экстрадициялоону көздөөдө. Садыркуловдун өлтүрүлүшү Курманбек Бакиевге да маалым болгон. Ошондуктан аны Кыргызстанга алып келүүгө документтер жиберилмекчи.

Атамбаевдин активдүүлүгү

Президенттик шайлоо алдында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ички жана тышкы саясатта болуп көрбөгөндөй активдүүлүктү көрсөтүүдө. Адегенде Алмазбек Атамбаев региондорду кыдырып, көп мезгилден бери “гүлдөп-жайнап” келаткан кара май аткезчилигине реакция жасады.

Коррупция “Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти, Манастын арбагы урсун”,- деп кезинде Аскар Акаев наалыгандай эле Алмазбек Атамбаев “кудайды кароого” жетекчилерди дүйшөмбү күнкү жыйында чакырды:

- Токтоткула мындайды, кудайдан корккула! Кыргызда кыңыр иш кырк жылда деген сөз бар. Муну артында ким турганы кырк күнгө жетпей эле билинип калышы мүмкүн. Бул жолу жалаң облустук жетекчилердин жоопкерчилигин карадык. Эмдигисинде дагы деле абал өзгөрүүсүз калса, анда борбордогу жетекчилердин жоопкерчилиги каралат.

Бул жыйындын жыйынтыгында күч структураларынын Баткен облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги кызматтан алынды. Ал эми УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев жана анын орун басары, чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун жоопкерчилигин кароо президентке сунуштала турган болду.

Кеңешбек Дүйшөбаев өкмөт жыйынында контрабанда бажы бекеттери аркылуу өтүп жатканын айтып, жоопкерчиликти Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго карай да жылдырды эле - анысы ийгиликсиз болду. Дегеле кара май аткезчилигинде Кулматовго эч кандай "чаң жуккан жок".

Ички саясатта мына ушундай иштерден кийин Алмазбек Атамбаев Өзбекстан жана Кытайга иш сапары менен жөнөп кетти.

Ташкенде Алмазбек Атамбаев өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзиев менен сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө тараптар конкреттүү келишимдерге жетишкен эмес. Болгону эки тараптуу мамилелерди азыркыдан жогору деңгээлге көтөрүү жана ылдамыраак жолугушуп турууну макулдашкан. Ал эми кыргыз-өзбек мамилесинде чече турган маселелер арбын. Ал - чек ара, энергетика, соода-экономикалык, коопсуздук жана башка маселелер.

Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдөн кийин өкмөт башчы Кытайга сапар алып, Далян дүйнөлүк экономикалык форумуна катышты. Форумдун алкагында Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао баш болгон бир катар жетекчилер менен сүйлөшүү өткөргөн. Ал сүйлөшүүлөр жыйынтыгында тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун кура баштоону макулдашкан. Ошондой эле Кытай тарап Датка-Кемин электр линиясын тартууга, Нарында ГЭСтерди курууга кызыкдар экенин билдирген.

Кыргыз коомчулугунда кытай "каптап кетти" деген чочулоо бар.

Кыргызстандын мурунку экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев Кытай инвестициясынан коркпоого чакырды:

- Сүйлөшүүлөр жүрүп, инвестиция катары келе турган болсо, мен туура кабыл алам. Себеби биз Кытай деп эле корко бербешибиз керек. Эгерде келишим түзүлүп жатканда ар бир жагын жакшылап изилдеп, канча кишиси келип иштейт, биздин жарандардын канчасы ошол ишке тартылат, ошонун баары каралса жакшы иш болмок.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кытай менен жакшы мамиледе болуунун маанисине токтолду:

- Бүгүн Кытайдын экономикасы дүйнөнүн экинчи экономикасы болду. Ошого жараша биздин тышкы саясат жана тышкы экономикалык байланышыбызды Кытай менен туура мамиледе түзүшүбүз керек. Бул мамлекет менен кызматташууга кадам жасаганда анын натыйжалуулугун арттырышыбыз керек.

Алмазбек Атамбаев тышкы саясаттагы активдүүлүгүн 16-сентябрда улантты. Бул күнү Бишкекке казак өкмөт башчысы Карим Масимов келди. Ал Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Казакстандын соодасынын көлөмү быйылкы жылдын үч айында 120 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14.4% өскөн. 2010-жылы эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 836 млн. долларды түзгөн.

Бирок кыргызстандык ишкерлер, соодагерлер Казакстан менен соода кылуу акыркы мезгилдерде абдан эле кыйындап баратканын билдиришүүдө.

Жергиликтүү эксперт, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун талдоочусу Нурбек Ташбеков эки тараптуу сооданы жеңилдетүү маселесин көтөрдү:

- Алып-сатарлык (челнок) биздин экономикабызда эң маанилүү ролду
ойноп жатат. Учурда “Дордойдо” соода жүгүртүү түшүп кетти. Сүйлөшүүлөрдө чек арадан өтүүнү жеңилдетүүгө көңүл буруш керек. Мындан сырткары КМШнын алкагындагы эркин экономикалык соода жүгүртүү келишими боюнча Кыргызстан өндүргөн продукцияларын Казакстандын, Орусиянын базарларына тоскоолдуксуз сатуу жагын сүйлөшүш керек.

Казакстан тараптан чек араны кайтаруу күчөтүлүшүнө өткөн жылы апрель, июнь окуялары себеп болгон эле. Андан кийин Орусия, Беларус жана Казакстан түзгөн Бажы биримдигинин ишке кирүүсү кошумча таасир эткени айтылууда.
Мурунку президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барышкан. Ошол жерден өлтүрүшүп, ал жерден Кой-Ташка алып барып, сөөгү табылган жерден өрттөп кетишкен.

Кыргыз өкмөт башчысы эки өлкөнүн кызматташуусунун потенциалы азыркыдан көп экенин айтууда. Ал потенциалды арбытуу үчүн казак тарап 100 млн. доллардан ашуун каражат бөлүп, атайын фонд түзүүнү сунуштаган.

Бул фондду ишке киргизүү, суу-энергетика тармагында кызматташуу эки өкмөт башчынын сүйлөшүүсүндө негизги темалардан болду. Анын алкагында Казакстан Кыргызстанга газ, Кыргызстан электр энергиясын жана суу бере турган болду. Газ маселеси Казакстан аркылуу чечилип жатканга караганда Алмазбек Атамбаевдин Ташкендеги сүйлөшүүсүндө бул маселе чечилген эместей.

Кыргыз өкмөт башчысы мына ушундай активдүүлүктөн соң саналуу күндөрдөн кийин өкмөт башчылыкты токтотуп, президенттик үчүн үгүт өнөктүгүнө чыгат. Ошондуктан азыркы активдүүлүк бир айлык үгүттө Атамбаевге дем болуп берери айтылууда.

Каптагаев менен парламенттин тиреши

Президенттик шайлоонун алдында, Кыргызстанда көптөн бери жүрүп келаткан коррупциялык жана башка жаңжалдар боюнча чечим кабыл алына турган болуп калды окшойт. Бул жаңжалдарда аткаруу бийлигиндеги эки-үч үлкөн жетекчинин ысымы аталып келет. Алар: Эмилбек Каптагаев жана Кеңешбек Дүйшөбаев.

Президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев "ажылыктагы коррупция, сотторго байланыштуу жаңжалдарга тиешеси бар, акыркы мезгилде Бишкектеги “Кыял” бирикмесин колуна алууга аракеттенди" деп айыпталып келатат.

УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жашыруун тыңшоолор боюнча айыпталып келсе, акыркы кезде коомчулук көңүлүндө Дүйшөбаевдин унаасы менен бир жарандын сүзүп өлтүрүлүшүнө байланыштуу окуя орун алып калды.

Мына ушул эки жетекчинин айланасындагы терс көрүнүштөр Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаевдин жалпы бийлигине көө сүртө баштаганы айтылууда.
Мисалы, Алмазбек Атамбаев Кеңешбек Дүйшөбаевдин аткезчилик боюнча жоопкерчилигин карап көрүүнү президентке сунуштаса, Жогорку Кеңеш Эмилбек Каптагаевди кызматтан алууну сунуштаган токтомду кабыл алды.

Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев Каптагаев боюнча Жогорку Кеңештин токтому менен президентти тааныштырганын айтып, буларга токтолду:

- Конституция боюнча бийлик бөлүнгөн. Ар бир бийлик бутагы Конституция, мыйзам менен чектелген салаада гана иштеш керек. Бул жерде парламенттин пикири, сунушу болуп калды. Чечимди президент өзү кабыл алат. Бирок Жогорку Кеңеш ушундай токтом чыгаргандан кийин мен өкүлү катары президентке маалымат бердим. Президент бул маселенин үстүнөн ойлонуп аткан кези.

Ал эми президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев парламентке чабуул жасап, “криминал” аралашкан Жогорку Кеңеш таркатылыш керек деген билдирүү менен чыкты. Ошентип президенттик шайлоонун алдында парламент менен президенттик аппараттын башчысы ачык кармашка чыкты. Чечим кабыл ала турган Роза Отунбаева ойлонуп жаткан мезгили.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG