Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Коалиция төрт фракциядан куралды


Коалицияга кирген КСДП, Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" партияларынын лидерлери. 2-ноябрь, 2015-жыл
Коалицияга кирген КСДП, Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" партияларынын лидерлери. 2-ноябрь, 2015-жыл

Жогорку Кеңеште төрт партиядан турган коалициялык көпчүлүк түзүлгөнү расмий жарыяланды. Ага КСДП, Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" партиялары кирди.

Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын түзүлгөнү боюнча макулдашууга бүгүн, 2-ноябрда кол коюлду. Маалым болгондой, ага Социал-демократтар фракциясы, Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" партиялары кирди.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп шайланды.

Коалицияга кирген партиялар өкмөт башчылыкка жана парламент төрагасына талапкерлер, ошондой эле өкмөттүн курамы жана түзүмү боюнча да орток пикирге келгенин жарыялашты.

Премьер-министрликке учурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кайрадан сунушталды. Ал эми парламент төрагалыгына мурдагы спикер, КСДПдан кайрадан шайланып келген Асылбек Жээнбеков көрсөтүлдү. Ошондой эле вице-спикерлердин саны төрттөн экиге кыскартылганы маалым болду. Комитеттердин саны да 14ттөнден 9га кыскарат.

Өкмөттө да бир топ өзгөрүүлөр болору күтүлүүдө.

Ошентип, төрт фракция 80 депутаты менен жаңы коалиция курады. Ал эми жаңы парламентте оппозицияда “Республика Ата Журт” жана “Бир бол” фракциялары калды. Аларда 40 мандат бар.

Мыйзамга ылайык, коалициялык көпчүлүк түзүлгөндүгү эми Жогорку Кеңештин жыйынында расмий жарыяланат жана өкмөттүн курамы, түзүмү сунушталат.

Коалиция түзүү укугун 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго тапшырган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке алты партия келген. Алар - КСДП, "Республика Ата-Журт", Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен".

Коалициялык макулдашууга кол коюу. Бишкек, 2-ноябрь
Коалиция түзүлгөнү расмий жарыяланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

XS
SM
MD
LG