Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Кубат Оторбаев: Ак үй көрсөтмөлөрүнөн кутулуу жолу бар


Кубат Оторбаев Прага шаарында ЭЕ/АҮ бюро башчыларынын жыйынында сүйлөп жаткан учур. "Азаттык" үналгысы. 2006-жылдын 11-сентябры.

Кубат Оторбаев Прага шаарында ЭЕ/АҮ бюро башчыларынын жыйынында сүйлөп жаткан учур. "Азаттык" үналгысы. 2006-жылдын 11-сентябры.

КТРКнын башкы директорлугуна жаңыдан шайланган Кубат Оторбаев алдыда берүүлөрдүн мазмунун оңдоого, компанияны жаңы жабдуулар менен камсыздоого өзгөчө басым жасалаарын айтат.

- Кубат мырза, мындан аркы иш максаттар тууралуу айтсаңыз, кечээ биздин форумга бирөө жазгандай биринчи телерадиоканалга мурдатан жабышып келген КыТыРы, “кара жащик” деген аттардан кантип арылалы деп жатасыздар?

- Биринчиден, бул телерадиокомпаниянын мазмунун оңдош керек. Акыркы жыйырма жылда телерадиокомпания ким бийликке келсе, ошолордун саясий куралы болуп эсептелген. Алардын оппоненттерин шылдыңдаш үчүн, сындаш үчүн кызмат кылып келген. Биз андан качтык, апрелден бери калыс, бейтарап иштөөгө аракет кылып келатабыз. Муну шайлоо учурунда да көрсөтө алдык деп ойлойм. Бул биздин эле оюбуз эмес, муну жарандык көзөмөл уюму, журналисттер уюмдары жүргүзгөн мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында КТРК мурда өз тарыхында болуп көрбөгөндөй, калыс жана так иштеди деп жарыялаган. Биз дагы негизинен эки маселеге көңүл бурабыз, биринчиси –мазмунду оңдоо, экинчиси - компанияны техникалык жаңы жабдыктар менен жабдуу.

- Бул телеканал Акүйдөн башкарылат деген пикир коомчулукта басымдуулук кылат. КТРКнын белдүү журналисттеринин бири Түгөлбай Казаков буга чейин “Ак үй биздин аталышыбызды өзгөртпөй эле телефондон башкарганын койсун, ошондо оңолот” деп айтты эле. Эгер сиздердин редакциялык саясатка кийлигишип, башкара берсе, коомдук деген телерадиокомпаниянын аталышында гана калып калуу коркунучу бар эмеспи?

- Андай болбойт, буга чейин да болгон жок. Мурдагы жетекчилердин учурунда болгон экен. Бирок азыркы учурда Ак үй тараптан “мындай жаса, андай көрсөт” деген талап-көрсөтмөлөр жок. Мындан кутулуунун бир эле жолу бар: биз редакциялык жаңы саясатты кийиришибиз керек, биздин Байкоочу кеңеш менен алдыга койгон жакын арадагы эң башкы иштерибиздин бири ошол. Редакциялык жаңы саясатты иштеп чыгып, коомдун бардык катмарларынын талаптарын эске алган жаңы бир саясатты жүргүзүшүбүз керек. Ошондо биз цензурадан биротоло кутулабыз деп ойлойм.

- Бирок каржылоо баары бир мамлекет тарабынан болгон соң, баягы кыргызча айтканда “казанчынын өз эрки”, орусча айтканда “музыкага акчаны ким төлөсө...” дегендей кеп болуп калбайбы?..

-Андай деле болбойт, анткени казынага түшүп аткан акча деле бийликте отургандардын акчасы эмес, элдин төлөгөн салыгынан түшкөн акча. Коомдук каналды каржылоонун дүйнөдө үч-төрт жолу бар, биринчиси – абоненттик төлөм чогултуу аркылуу, экинчиси оргтехникалардан салык чогултуу аркылуу, үчүнчүсү – бюджеттик каржылоо. Бул деле бир система катары колдонулуп келатат. Чынында азыр каржылоонун башка булактарынын системасын иштеп чыга элекпиз, бирок коомдук телерадиоканал тууралуу мыйзам кабыл алынса, ошол мыйзамда так көрсөтүлүүгө тийиш. Анда бюджетте канча акча чогулбасын, бизге улуттук дүң өнүмдүн кандайдыр бир пайызы так бөлүнүп турушу керек. Мына мисалы, Грузияда 2% бөлүнөт экен. Ошол так бөлүнүп турушу керек жана акча бөлүүнүн ачык системасы орнотулушу керек.

-Телерадиокомпанияга жетекчи болуп барган мурдагы башчылар да кадрдык саясат ишкананын ишин аксатат деп айтып калышат. Телерадиокомпанияга таланттуу журналисттерди тартып, алардын эмгеги аркылуу мазмундуу, аналитикалык телерадиоберүүлөрдү көбөйтүү жагы эске алынып атабы?

- Биздин ишканада деле мыкты кадрлар бар. Бирок ошол эле учурда кадрдык саясат башкы маселе болуп келгени да жашыруун эмес. Муну жөнгө салуу үчүн “отчеттуулук жана көзөмөл” деген системаны киргизип атабыз, анда ошол жасаган ишине жараша журналистке айлык жана калем акы ачык төлөнүп берилет. Он-он беш күндөп эч кандай материал бербей жүрө берген журналисттер да бар, ошолор менен Эмгек кодексинин алкагында, келишимдик негизде ишке алууга өткөнүбүз жакшы болот. Ал келишимде журналисттин даярдай турган иши, милдети, аларга колдонулуучу чаралар так көрсөтүлөт. Мындан тышкары шыктандыруу деген жолу бар, ага ылайык кээ бир журналисттердин кесибин өркүндөтүп, окууга жиберүү сыяктуу. Мына ушундай жакшы план-максаттар бар.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG