Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Каптагаев “катуу” кайрылды


Президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев президенттин кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөшүн колдоого чакырып чыкты. Ажылыкты уюштурууда коррупция боюнча айыпталып жаткан Каптагаевдин бул билдирүүсү коомчулукта ача пикирлерди жаратууда.

Аппарат башчы парламентти зекиди

Президент Роза Отунбаева Баткен облусунда сапарда жүргөндө президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев 7-февралда коомчулукка кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда криминал тартип коргоо органдарынан тартып, парламентке чейин жеткени, аларга каршы президент, өкмөт айосуз күрөш жарыялаганы белгиленген. Каптагаевдин баамында, кылмыштуу топторго жарыяланган күрөш жаалданган каршылыкка туш болуп, ал саясий, маалыматтык басым, жамандоо, ушактоо жана коркутуулар менен коштолууда.

Эмилбек Каптагаев кайрылуу менен чыгаардан мурда парламентте өткөн жылдагы ажылык уюштуруудагы коррупциялык иштер талкууланган. Маселени кароонун учурунда Эмилбек Каптагаев жана анын Тышкы иштер министрлигинде иштеген уулу Кубан Каптагаевдин ажылык уюштуруудагы терс иштерге кириптер болгону айтылган. Депутаттар Кыргызстанга ажылыкка бөлүнгөн квотанын 1/5 бөлүгү кандай себеп менен чет өлкөлүк жарандарга берилип кеткенин аныктоого кызыгууда. Бул үчүн атайын иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүштү.

Президент Роза Отунбаева
Талдоочулар Каптагаевдин кайрылуусун парламенттеги айыптоолорго жооп катары баалашып, бул жерде аткаруу бийлиги менен парламент ортосунда тирешүү баратканын белгилешүүдө.

Парламентке катуу эскертүүнү президент Роза Отунбаева да 27-январда жасаган. Анда президент эл парламентти таркатуу демилгеси менен чыкса, президент катары катаал чараларды көрүүгө даярдыгын билдирген.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун пикиринде, бийлик башындагылардын мына ушундай билдирүүлөрү “жазгы толкундоолор болот” деген сөздөрдү күчөтүүдө. Натыйжада инвесторлор акча салуудан чочулап турушат.

Президенттик шайлоого даярдыкпы?

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын пикиринде, бийлик мына ушундай чочулоо маанайы менен президенттик шайлоону каалагандай өткөрүп алууну көздөп жатат:

- Ошентип коркутуп атып референдумда Конституцияны кабыл алдырган. Мына-ана, мына Ош кайра тынч эмес деп, референдум өткөрүп, өзү президент болуп алган, коркутуп атып. Ошондой эле жол менен дагы президенттик шайлоону өткөрүүнү көздөп жатышат.

Башкаруучу коалициянын мүчөсү болгон “Ата Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев парламентти таркатууга азыр эч кандай себеп жок экенин айтып, башкаруучу коалициянын ортосунда маселе пайда болсо сүйлөшүү аркылуу чечилиш керектигин белгиледи:

- Коалиция деле тирүү организм. Бир күнү болбосо бир күнү келишпестик чыгып, же бир маселелер боюнча бир позицияда болбой калышыбыз мүмкүн. Бирок аны диалог менен келишим аркылуу чечим келатабыз. Ошондуктан коалициялар ортосунда келишпестиктер катуу болуп баратат дегенден алысмын.

Бийликтегилер коалициялык макулдашууга ылайык, кызмат орундарга өз кишилерин коюу улантууда. Маселен, акыркылардан болуп “Эркин Тоо” гезитинин баш редактору алмашты.

Megacom уюлдук байланыш компаниясынын айланасында түзүлгөн кырдаал кезектеги мүлк басып алууга окшоп турганын айрым талдоочулар белгилешет.

Талдоочулардын баамында, бийлик мына ушундай бөлүштүрүү кырдаалында саясий демилгени колго чыгарбоо үчүн кылмыштуулукка каршы күрөштү туу катары көтөрүп чыкты. Анткени социалдык-экономикалык абалды жакын арада оңдоп жиберүү татаал.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин пикиринде, азыркы мезгилде өкмөттүн башкы милдети экономикалык маселелерди чечүү болууга тийиш. Анан экинчи маселе катары коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыздоо болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG