Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Апта: саясий күрөштүн жаңы толкуну


Эгемендиктин 20 жылдыгындагы салтанат. Бишкек, 31-август.

Эгемендиктин 20 жылдыгындагы салтанат. Бишкек, 31-август.

Эгемендик майрамына удаа парламентте саясий талаш-тартыштардын жаңы толкуну башталды.

Кыргызстандын эгемендигинин жыйырма жылдыгына карата баш калаанын борбордук аянтындагы “Эркиндиктин” символу болгон атыккан "түндүк көтөргөн аялдын" элеси бар эстелик алынып, анын ордуна айкөл Манастын айкели коюлду. Муну өлкөнүн саясий жетекчилиги улуттун уңгусун издөөгө багыт алган чыйыр жол катары баалады.


Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл

x
Андан ары карай эгемендиктин жыйырма жылдыгына байланыштуу аскердик парад жылдагыдан айырмаланган өзгөчө шаан-шөкөт менен коштолду. Кыргызстан аскердик даярдыгы жагынан эч кимди таң калтыра албастыгына карабастан калайык калкка бул жолку эгемендик салтанатында куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы жана аскер техникасынын чама-чаркы көрсөтүлдү.

Куралдуу күчтөрдүн артынан шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери каза-катар жүрүштөн өтүшүп, эл менен армия бирдиктүү деген эски советтик доордогу адатты кайрадан эске салгандай болду.


Кыргызстандын кыйырына көз салып...


Кыргызстан жыйырма жылда чындыгында эле эгемен өлкө боло алган-албаганы жана анын келечеке таштаган кадамы кандай жолдо бара жаткандыгы боюнча ой калчагандар көп. Бирөөлөрү Кыргызстанды демократиялык коомду курууга аракет кылган өлкө катары мүнөздөшсө, экинчилери ар кандай ынкылаптар менен коштолгон ызы-чуулардын мекени катары сыпатташат.

Президент Роза Отунбаева баштаган расмийлер эгемендик мааракесинде, 31-август.

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева канчалык кыйынчылыктар орун алгандыгына карабастан Кыргызстан өз алдынча жашап кетүүгө жөндөмдүү мамлекет катары сыноодон өтүп жатат деген баасын берди:

- Бизди чачырап кетет, бөлүнүп кетет дегендерге айтат элем. Биз мына ушундай өлкө болуп туруп, эч убакта мындай нерсеге жол бербейбиз. Анткени биздин тарыхый тамырыбыз ага жол бербейт. Тилибиз бир болсо, динибиз бир болсо, жалпы жүрүш-турушубуз окшош болсо биз эмнеге бөлүнүшүбүз керек. Албетте алдыдагы шайлоо биз үчүн чоң сыноо. Бирок биз өзүбүздү тыйып, абийирдүүлүк менен аны акыйкат, калыс өткөрүп алсак эле баары жакшы болот. Шайлоонун айынан талашып-тартышып, чалынып, чаалыгып калуу бул – Манастын урпактарына жарашпайт. Мен биз бул сыноолордон жакшы чыгып кетебиз деген ишенимдемин.

Мамлекеттин эгемендиги биринчи кезекте анын саясий жана экономикалык көз карандысыздыгына байланыштуу экендиги талашсыз. Жыйырма жылдан бери алдыга жылат деген сайын артына кетип, өнөктөш өлкөлөргө болгон көз карандылыгы артып бара жаткан Кыргызстандын экономикасы жаңы бир “кан куйууга” муктаж экендиги айтылып жүрөт. Экономисттердин баамында, Кыргызстан ички дүң өнүмү боюнча беш жылдык жарандык согушту баштан кечирген Тажикстандан да артта калган.

Эгемендик салтанаты

x
Роза Отунбаева “итке миңген” абалдан чыгып, экономикалык көз карандысыздыкты камсыздаш үчүн ар бир үй-бүлө аракеттенүүгө тийиш деген ойду баса белгиледи:

- Ар бир адамды жалпы экономикалык жараяндарга аралаштырсак гана биздин жалпы өлкөнүн экономикасы көтөрүлөт. Мына азыр батыш Европа өлкөлөрүнүн 70-80-пайызы ошол чакан ишкердиктен турат. Башкача айтканда ар бир үй-бүлөдө бир өзүнчө киреше берип тура турган чакан ишкердик болуш керек. Мына азыр биздин элде ар бир адам кыймылдаш керек деген ой калыптанып келе жаткандыгына сүйүнөм. Мурда мындай эмес эле да.


Саясатташкан сот тандоо


1-сентябрь билим күнүнө удаалаш Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан кайтып келишти. Эл өкүлдөрү буулугуп калгангабы, айтор олтурумдун алгачкы күнүн буга чейин топтолуп калган ич күптүлөрүн чыгаруудан башташты.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты, сот иштери боюнча комитеттин төрагасы Садыр Жапаров Жогорку Соттун мүчөлөрүн тандоодо орун алган тымызын саясий оюндар боюнча билдирүү жасады. Ал 15-августтагы парламенттин кезексиз олтурумун үзүлтүккө учуратуунун чыныгы себептерин ачыктап, сотторду тандоо кеңешинин ишине карата уюштурулган каршылык акциясынын артында бийликтин айрым билермандары турган деп айыптады:

Кезексиз жыйын митинг менен коштолду

x
- Мунун бардыгынын атайылап даярдалгандыгы боюнча бизде далилдер бар. Мени сотторду тандоо кеңешинин ишин толугу менен көзөмөлдөп, кимдин судья болоорун алдын-ала чечип жатат деген сөз таратышыптыр. Аталган кеңеште биздин фракциядан көрсөтүлгөн эки гана мүчөсү бар болсо, анын ишин мен кандайча жалгыз эле көзөмөлдөй алат элем? Анан дагы алардын чыгарган имиштери боюнча биз мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевди камактан бошотуу боюнча сотторго басым жасап жаткан экенбиз. Мен мына ошол митингдегилерге анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч катка кол койбогондугумду тастыктагандан кийин алар буга таң калышып, жалган маалыматтарга ишенип келишкендигин мага кийин айтып беришти.

Бул жагдай саясий күчтөр ортосундагы курч тирешүү бар экендигин дагы бир жолу тастыктады. Садыр Жапаровдун аталган билдирүүсү башкаруучу коалицияга кирген алардын саясий өнөктөштөрүнүн нааразылыгын жаратты. Алар билдирүүнү Жапаровдун кызматын сактап калууга жасаган жандалбас аракети катары мүнөздөштү. Анткени өткөндөгү каршылык акциясында сотторду тандоо кеңешинин акыйкатсыз чечимдерине парламенттин сот-укук иштери боюнча комитетинин төрагасынын тиешеси бар экендиги боюнча маселе көтөрүлгөн. Мындан улам анын кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар да орун алган болчу.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков сотторду тандоо ишине Садыр Жапаровдун кийлигишкендигин тастыктоочу фактылар бар экендигине токтолду:

- Зоотбек Кудайбергенов деген атактуу кыргыз бар. Мына ошол адам Жапаров жетектеген комитетке келгенде эле “мына ошол аты булганып калган адамды комитетке жакындатпай эле койбойсузбу, сиздин атыңыздан сотторго буйрук берип жатыптыр” деген өтүнүч болгондо сиз өзүңүз аны калкаладыңыз эле. Кийин мен сизге ошол адам сотторду тандоо кеңешине барып, фракция жетекчилери менен макулдашылган деп сотко өтө тургандардын тизмесин киргизип жүргөндүгүн айткамын. Ал эми кеңешке төрага болуп келген Замирбек Базарбеков менен кандайча байланышыңыз болгондугун айтпай эле койойун. Сиз бирөөгө сын айтуудан мурун өзүңүздүн айланаңызды карабайсызбы. Бизде да мына ошол сотторду тандоо иштери кандайча жүргүзүлгөндүгү боюнча жана ага силердин кандайча аралашкандыгыңарды ырастай турган фактылар бар.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров өз билдирүүсүндө анын айланасындагы айтылган маалыматтарды шайлоонун алдындагы саясий оюн катары баалады. Анын айтымында, мунун бардыгы бийликтин өзүнө гана ыңгайлуу сотторду алып келүү аракетинен чыгууда. Анын бирден-бир мисалы катары Жапаров президенттин Жогорку Соттун мүчөлүгүнө талапкерлерди телекөрсөтүү аркылуу сынакка чакыруусу моралдык жана мыйзамдык эрежелерге сыйган жок деп айыптады. Садыр Жапаров телевизиондук монтаждын жардамы менен соттукка талапкерлердин беделине шек келтирилди деп эсептейт:

- Эгерде аларга ыңгайсыз соттукка талапкер он суроонун тогузуна жооп берип, бирөөнөн такалып калса, дал мына ошол жерин кесип алып теледен беришиптир. Бул эмне деген пастык. Президенттин өкүлү Нарынбаев бул ишке катуу аралашып, ынтызар болгондугу байкалган. Анын себеби соттор кеңеши Нарынбаевдин аялынын соттордун беделине шек келтире турган жоругу үчүн аны кызматтан кетирүү боюнча президентке сунуш киргизгендигинде болуп жатат.

Бирок телекөрсөтүү аркылуу соттордон сынак алуу учурундагы бейне тасма алардын кызыкчылыгына каршы кыркылган деген айыптоону президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев четке какты.
Ал аңгемелешүүнү баштан аяк камтыган аудио жана видео материалдар сакталып тургандыгын белгиледи. Аталган сынакта президент менен биргеликте анын өкүлү дагы талапкерлерге суроо узатып олтурган. Анын суроо берүүгө моралдык укугу тууралуу маселе сот болуп иштеп келген өзүнүн жубайынын судьялыкка шайкеш келбеген аракеттеринен улам көтөрүлдү. Данияр Нарынбаев "Бета-Сторесте" иштеген кызды ур-токмокко алды деп шектелип, камакка алынган түрк жаранын бошоткон деген кинее менен кызматынан четтетилген өзүнүн жубайы үчүн жооп бербей тургандыгын белгилеген:

- Менин жубайым кеңештин сунушу менен президенттин буйругуна ылайык кызматтан четтетилгендигин танбайм. Бул мен президенттин өкүлү болуп дайындалганга чейинки окуя. Президент бул маселенин кандайча болгондугун жакшы билет. Ошондуктан президент мени дайындоо боюнча ушундай чечимге келген. Аялы менен күйөөсү бул эки башка адам. Кимиси кандай иштегендиги үчүн экинчиси жооп берүүгө милдетүү эмес.

Парламент Садыр Жапаровдун билдирүүсүн комитеттерде карап, иликтегенден кийин гана ага баа берүү чечимине токтолду. Анткен менен серепчилер бул окуя башкаруучу коалицияны ажырымга алып келиши мүмкүн деп божомолдошууда. Анткени буга окшогон маселелердин курч мүнөзгө өтүшү кийинки учурлардагы саясий кызыкчылыктардын кагылышына жөн гана шылтоо экендиги айтылууда.


Күйүүчү май күйүтү


Сотторду тандоодогу чатакка удаалаш эле парламенттин “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынын айрым мүчөлөрү Тажикстанга ташылып кетип жаткан кара май аткезчилигине аралашкан дешип бирин-бири жөөлөп өткөнгө үлгүрүштү. Башкы “атажуртчу” Камчыбек Ташиев парламент отурумунда өлкөдө кара май таңкыстыгы орун алган мезгилде буга жол берүүнү мамлекеттик кылмышка тете иш катары баалады:

- Мурдагы бийликтин тушунда мына ушундай аткезчилик жол менен Кытайга кара май ташылчу. Азыр болсо ошондой эле жолдор менен Тажикстанга, ал аркылуу Ооганстанга кара май ташылып чыгууда. Өзүбүзгө болсо мунайзат жетишпей жатат дейбиз. Бул мамлекеттик деңгээлдеги коррупция. Эгерде биздин мамлекеттин чек арасынан күнүнө 800 тоннадан кара-май сыртка кетип жатса, биздин өкмөттөгү жетекчилер аны көрбөй жатса мына ошондой бийликтин бизге кереги барбы?

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Казакстан менен Орусиядан алынып келинген кара майды аткезчилик жол менен Тажикстанга ташыган учурлар катталып, бул боюнча жыл башынан бери он бир кылмыш иши козголгон. Акыркы маалыматка караганда, кара май тартып бараткан автоууналардын төртөө “Ата-Журт” фракциясынан шайланган бир депутатка караштуу болуп чыкты.

Уюмдашкан кылмыштуулукка жана жемкордукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатывалдиев кара май аткезчилигине байланыштуу депутат Азамат Арапбаевге тиешелүү компанияга каршы кылмыш иши козголгондугун билдирди:

- Учурда беш жүз миң литрге жакын күйүүчү майды далил зат катары кампага камап койдук. Негизинен солярка жана бензин. Наркы базар баасы менен санап көрсөк 14 миллион сомдон ашуун. Тергөө жүрүп жатат. Биз иликтеп көрсөк, бул товар жоопкерчилиги чектелген “Даннур-Юг” фирмасына таандык болуп чыкты. Бул фирманы болсо учурунда азыркы депутат Азамат Арапбаев уюштурган экен.

Бирок бул окуяны депутат Азамат Арапбаев бийликтеги саясий атаандаштарынын атайылап жасаган буюртмасы катары баалады. Анын айтымында, муну менен шайлоо алдында ал аркылуу “Ата-Журт” фракциясынын атына жалаа жабуу аракети болгон:

- Мына ошол компания мага караштуу экендиги чындык. Бирок ал аркылуу кара май аткезчилиги менен алектенген дегени карандай калп. Менимче, президенттикке талапкерлердин бирине тоскоолдук жасап жатат окшойм. Мына ушуга байланыштуу бул маалыматты мен жана менин саясий санаалаштарымды карандай каралоо катары баалайм.

Ошол эле учурда парламент олтурумунда кара май аткезчилиги менен алектенгендер бийликтин бийик серелеринде отургандыгы боюнча маалымат тарады. “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Камила Талиева "депутаттык иликтөөнүн жүрүшү бул ишке өкмөт башчысынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабановдун аралашкандыгын көрсөттү" деп “Азаттыкка” билдирди:

- Изилдесек, аталган компаниялардын бирөөсү Бабановдун жээнинин фирмасы болуп калып жатпайбы. “Нефтисинтез” деген ат менен катталган экен. Бирок биз бул маалыматты айтып чыккандан кийин эле документтерин өзгөртө башташты. Мага болсо бүт “Республика” фракциясы “андай болушу мүмкүн эмес деп каршы чыгышты. Мен аларга эгерде ага тиешеси жок болсо эмнеге ошол күнү-түнү менен Бабанов мага чалып чыкты. Ага тиешеси жок болсо жөн эле чала бермек беле деп айттым. Бирок кара май аткезчилигине каршы мамлекеттик комиссияны жетектеп алып, ал өзү корбашы болуп олтурбайбы?

Бул боюнча өкмөт башчысынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов менен түздөн-түз байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошол эле учурда өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Кадыр Токтогулов кара май аткезчилигине байланыштуу бул маалыматты чындыкка коошпойт деп четке какты:

- Өмүрбек Бабановдун атына жазылган күйүүчү май саткан же башка жакка ташыган компаниясы жок.

Серепчилер президенттик шайлоо жакындаган сайын сотторду тандоо гана эмес, кара май аткезчилигине байланышкан маселелер да саясий түс алып, негизги атаандаштар ортосундагы тирешүүгө себеп болуп жаткандыгын айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG