Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Кыргыз президенти таза парламенттик башкарууга багыт алуу зарылдыгын айтышы коомчулукта талкуу жаратты.

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу Германиядагы расмий сапары учурунда айтты. Мамлекет башчысынын сөзү Германияга комплимент катары айтылдыбы же анын артында олуттуу максаттар жатабы?

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу системасы иштеп турат. Келечекте президенттин кайсы бир ыйгарым-укуктарын кыскартып, Германиядагыдай парламенттик башкарууга багыт алса туура болот. Атамбаев буга беш жылдан кийин барса болоорун, анын баары Конституцияга ылайык, элдин пикирин эске алуу менен парламентте талкуу аркылуу жасалыш керектигин кошумчалады.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиевдин айтымында, президенттин бул сөзү жөн жерден чыга калган жок. Таза парламенттик башкарууга карай багыт алыш керектигин Алмазбек Атамбаев өткөн жылы президенттик кызматка киришүү аземинде эле белгилеген.

Молдалиев азыркы системага карата мындай баасын берди:


- Азыр бизде парламенттик башкаруунун түрүнө өттүк деген менен бизде президентти да, парламентти да эл шайлайт да экөөнүн легитимдүүлүгү бирдей. Ошон үчүн президент да шайлоочуларга кайрылат, парламент да кайрылат. Андыктан акырындык менен парламенттикке өтөлү дегени - президентти парламент шайлаган формага өткөндө башкаруунун таза парламенттик түрү болуп калат. Ошого өткөрөбүз акырындык менен деген сөз.

Молдалиевдин пикиринде, азыркы мезгилде кыргыз коомчулугу, парламент да парламенттик системаны өздөштүрүп келатат. Жакынкы мезгилдерде ал система калыптанып калат. Андан кийин таза парламенттик башкарууга өтүүгө болот.

Азыркы системанын атасы катары аталган Өмүрбек Текебаев президенттин Германиядагы сөзүн бул өлкөгө карата айтылган комплимент катары көрөт жана азыркы кезде Кыргызстан таза парламенттик башкарууга даяр эмес дейт:


- Биз Кыргызстандын спецификалык өзгөчөлүктөрүн эске алышыбыз керек. Башкалардыкына окшобогон өзүбүздүн проблемаларыбыз бар: кландык, регионалдык, менталдык, ар кандай... Ошолордун баарын эске алган система керек. Биз жөн эле Германиядагыдай же Жапониядагыдай болобуз дей албайбыз. Анын үстүнө бизде көп партиялуулук калыптана элек. Мына ит жыгылыш болуп, парламентке да, шаардык кеңешке да төрттөн-бештен партия өтүп олтурат.

Текебаевдин пикиринде, мына ушундай шартта президенттин ролу күчөйт. Өлкөнүн биримдигин сактап, партияларды ынтымакка чакырган реалдуу күч болуп турат.

Оппозициялык маанайдагы депутат Равшан Жээнбековдин пикиринде, президенттин сөзүнө олуттуу маани берүү татаал. Анткени президент кайсы мамлекетке барса, ошол мамлекеттин жетекчилигине жага турган сөздү айтат. Бирок президент чын ниеттен парламенттик башкарууну жактап жатса, анда аны колдоймун дейт Жээнбеков:

- Кыргызстандын келечеги толугу менен парламенттик башкарууда. Президенттин ыйгарым-укуктарын азайтып, келечекте президенти жок, парламенттик мамлекетке өтүшүбүз керек. Анткени президент дайыма мамлекетти экиге бөлөт, региондорго бөлөт жана бизге кыйынчылыктарды алып келет. Трагедияларды алып келген институт. Ал эми парламенттик башкаруу жаманбы-жакшыбы кичине болсо да мамлекетти, региондорду биригүүгө алып келип, кичине да болсо өзгөрүүгө түртө баштады. Ошондуктан биз келечекте парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болот.

Кыргызстандагы азыркы бийлик системасына нааразылык системалык эмес оппозиция тарабынан да кеңири айтылып келатат. Алар бул система жоопкерчиликсиз системага айланды деп сындашат. Оппозициянын ал бөлүгү президент түздөн-түз өкмөттү башкарган Америкадагыдай системаны жактап келатканы белгилүү.

Кыязы, президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн кийин Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керек деген талаш-тартыш кайрадан тутанат окшоп калды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG