Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Бийлик иштебей жатабы, же системабы?


Талдоочулар бийлик башындагылар мамлекеттик кызыкчылыктан саясий кызыкчылыктарын жогору коюп жатканын айтууда.

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Абдырахманов жана Курманбек Дыйканбаев, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов катышты.

“Азаттык”: Эски бийликтин кеткенине эки жылдан ашып калды. Жаңы бийлик келгенине да ошончо убакыт болду. Бирок жаңы бийлик менен келген жаңы системанын толук кандуу ишке киргенине 7 айга жакындап баратат. Мына ушул системанын кандай иштеп жатканы боюнча оппозициялык саясатчылар эмес, олуттуу саясий талдоочулар да өз баасын бере баштады. Аликбек мырза, жаңы бийлик системасы өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн, өлкөнү өнүгүүгө алып чыгуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алдыбы?

Аликбек Жекшенкулов: 2010-жылы баарыбыз Конституцияны колдоп бергенбиз. Бирок эмнегедир ушул Конституциянын бүгүнкү күндө элге пайдасын, келечекти көрө турган кадамдарды көрсөтө алган жок.

Мен система жаман деп айткандан алысмын. Бирок бүгүнкү парламенттин, өкмөттүн абалын өзүңөр билесиңер. Менин оюмча саясий элита бул Конституцияга даяр эмес экен. Ар бир партиянын ичинде тытыштар болуп атат.

Экономикалык абалды талдасак, азыркы өкмөттүн башчысы жана мүчөлөрү иштегенине эки жыл болду. Алар негизинен пиар катарында көрсөткүчтөрдү, инвестиция, тышкы саясат боюнча аябай жогорку деңгээлге жеттик деп айтып жатышат. Бирок, тилекке каршы, андай эмес. Кайсы маселени албайлы бул Конституцияга жараша жыйынтык бербей атат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Өмүрбек Абдырахманов: Биздин саясатчылардын көз карашы ар дайым отурган жерине жараша болот. Бул Конституциянын эң негизги максаты бирөө болчу - биз бир кишинин бийлигинен кутулсак, монополияны эч кимге бербесек. Парламенттик система кылып үч бийлик тең салмактанып иш кылса деп жасаганбыз.

Конституцияда эч күнөө жок. Конституция өзүнөн өзү экономиканы көтөрбөйт. Биз ошол Конституцияга таянып жакшы иштерди, реформаларды жасасак гана оңолот. Биздин өкмөт реформаларды жакшы түшүнбөй атабы, начарыраак жасап атат деп айтсак болот.

“Азаттык”: "Кыргызстанда кризис тереңдеп баратат. Президент Атамбаев аны алып чыгуудан белдүү эч кандай аракет жасаган жок, ал жабык президент болуп калды" деп айтып жатат. Бул сын канчалык туура? Биздин президент арбитр гана болсун деп Конституция кабыл алынбады беле...

Курманбек Дыйканбаев: Бүгүнкү күндө көп кишилер Конституцияны ачып окуган эмес. Конституциянын беренелерин кайсы бийлик эмне иш кылаарын карап көрсө жакшы болмок.

Бизде президенттик-парламенттик башкаруу формасы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Конституциянын үзүрү менен парламент толук кандуу иштеп атат, өкмөт, президент иштеп атат. Бүгүн мурунку Акаев, Бакиевдин учурундай Атамбаев чыгып алып "мен гарантмын, мен бул кадрды жумушка койом, муну кетирем" деп айта албайт.

Өкмөттүн иштегенине 4 ай болду, функционалдуу анализ болбой, өкмөттүн курамы толук кандуу иштебей, 50-60 пайызга иштеп атат, калгандары жумушту алып кеткенге көзү жетпей жатат. Президент өзүнүн конституциялык укугун колдонуп, арбитр да болуп, өзүнүн функциясын издеп атат. Президент тышкы саясатка активдүү катышып атат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG