Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Парламенттик система: ким утту, ким калды?


Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу элдин көңүлүнө көк талкандай тийди.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу элдин көңүлүнө көк талкандай тийди.

Өткөн жылы 27-июнда референдум өтүп, Конституция кабыл алынган жана Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенттигине шайланган. Референдумдун жыйынтыгына жараша Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы кирди. Бул системанын артыкчылык жана кемчилик жактары “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Талкуунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов, мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова жана Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымкул уулу.

“Азаттык”: Өткөн жылы 27-июндагы референдум Кыргызстандын укуктук жолго түшүүсүнө эле эмес, парламенттик башкаруу системасына карай кадам таштоосуна алып келди. Ошондуктан 27-июндагы референдумдун негизги жыйынтыгы катары парламенттик системага кадам таштаганыбызды атасак болобу?

Өмүрбек Абдрахманов: Революциядан кийин кыргыз элинин өкүлдөрү катышып, жаңы Конституциянын долбоорун жазып чыгышты жана кыргыз эли ошол Конституцияны кабыл алып берди. Демек мындан кийин биз парламенттик системага өттүк десек болот. Бул парламенттик системанын эң маңызы мурункудай болуп бир киши акылдуу болобу, кандай болот – өз билгениндей башкара албайт. Бул эң негизги нерсеси.

“Азаттык”: Бул система өзүнүн жашоого жөндөмдүү экенин көрсөтө алдыбы?

Эгерде бийликке келген адамдар мыйзамды сыйлабай буза берсе, анда эч кандай Конституция жардам бербейт.


Марат Кайыпов: Жок, көрсөтө алган жок. Элдин баары парламентке көңүл буруп отурат. Парламент – ар бир кыргыздын жүрөгүндөгү “мамлекетибиз эртең эмне болот” деген суроого жооп бере турган күзгү. Парламент өзү эмне болуп атканын көрүүдөбүз. Кайсы маселелер кандай чечилип атат, кимдер келип калды, кандай мушташтар болуп атат, мындайча айтканда кыргыз улутуна кереги жок системада жашап жатабыз.

“Азаттык”: Динара айым, өкмөттүк эмес уюмдарда кандай реакция бар?

Динара Ошурахунова: Башында парламенттик системаны кабыл алып атканда биз абдан колдогонбуз, азыр да колдоп келатабыз. Бирок Жогорку Кеңеште отурган өкүлдөрдүн деңгээли, алардын чечимдери парламенттик системага ылайык болбой, көп нааразычылыктар чыгып атат. Эл парламенттик система деле жаман турбайбы деп айтып атат. Ал парламенттик, же президенттик системадан эмес, ал өлкөнү башкарган адамдардын деңгээлинен көз каранды.

Касымбек Райымкул уулу: Коомдук парламент 7-апрелден кийин изилдеп, жаңы келген Убактылуу өкмөттүн декреттеринин мыйзамдуулугун жана референдумга кабыл алына турган Конституциянын мыйзамдуулугун изилдеп, карманча каршы болгонбуз. Анткени Конституцияны иштеп чыга турган мыйзамдуу орган болбостон иштелип чыгылган.
Талаш-тартыш болот. Акаев 15 жыл 3 мөөнөттө отурганда сиз унчукпай отургансыз.

Ошондой эле референдумга алып чыккан суроолору да декреттин негизинде кабыл алынгандыктан биз бардыгын мыйзамсыз деп эсептейбиз. Анткени Убактылуу өкмөттүн номур биринчи декретинде 2007-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституция юридикалык күчүн сактайт деп жазылган. Эгерде 2007-жылдагы Конституция юридикалык күчүн сактаса, ал жерде Убактылуу өкмөт, декрет, он чакты киши чогулуп алып эле Конституция иштеп чыгат деген жок.

Демек Кыргызстан мамлекети мыйзамсыз жолго түшүп кеткен. Ошонун негизинде Коомдук парламент ушул күнгө чейин айтат, “бизде демократия орногон жок, мыйзамдуу жолго түшкөн жок. Бул Кыргызстан үчүн аябай коркунучтуу болуп эсептелет. Анткени аягы жаман нерсеге алып барат”.

"Кечээ бийликте, азыр оппозицияда"

“Азаттык”: Шайлоолорго айтылган сындардын маңызына кошуласызбы, же бул Конституциянын кемчиликтеринен пайда болгон нерсеби, же адам фактору болуп калдыбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Мен такыр кошула албайм. Министр мырзабыз башында туруп “Ак Жол” деген партияны түзүшкөн, Бакиевди президент кылып алып чыгышкан, элдин азабын берип, баарын кымбаттатып, Бакиев президент башкарбай эле, балдары, бир туугандары башкарып, Кыргызстанды жеп-ичкенде булар унчукпай отурган.

Эми бир монополдук күч жок, депутат болгула, партияңарды түзгүлө, парламентиңерди күчөткүлө, законду кабыл алгыла, эч ким тоскоолдук кылган жок. Ошон үчүн парламентте талашыш керек. Парламент асмандан түшкөн жок. Элибиз кандай болсо парламент ошондой, элибиздин көбү “Ата Журтка”, башкага добуш берди. Парламент урушуп атат дейт, дүйнөнүн бардык парламенттеринде уруш болот. Бул нормалдуу нерсе. Ошон үчүн көчөдөн мушташпай, үйдүн ичинен мушташсын деп парламентти адамзаты ойлоп тапкан.

Динара Ошурахунова: Бул адам фактору. Бизде бийликке келген адамдар ордун алмаштырып турушат, кечээ бийликте, азыр оппозиция, же тескерисинче болуп калат. Оппозицияга келгенде демократия, укуктук мамлекет деп кыйкырып калабыз, бийликке келгенде эле байкуш өлкөбүздү тытып, бөлө баштайбыз.
Парламент – ар бир кыргыздын жүрөгүндөгү “мамлекетибиз эртең эмне болот” деген суроого жооп бере турган күзгү.

Марат Кайыпов: Мен унчукпай койбогонум үчүн кызматтан кеткем. Конституция күчүнө кире турган мыйзамга биздин бир тараптуу баа бергенибиз туура эмес болуп калат.

Мен ошол учурда эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен көп сүйлөшкөм. Эл аралык коомчулукка кыргыз эли эмне көрсөттү? Апрелде кандуу, куралдуу төңкөрүш болду.

Андан кийин май, июнда Жалал-Абад, Ошто кандуу окуялар болду. Ошого карабай кыргыз улуту 27-июнда тынч референдум өткөрүп, мыйзамсыз жол менен келген утурумдук бийлик мыйзмсыз бийлик өкүм сүрүп аткан учурун референдум менен мыйзамдуу жолду тандап берди. Муну эл аралык уюмдар баса белгилеп атат, "силердин улутка баа бериш керек экен, бир заматтын ичинде будуң-чаң чыгып, эми эмне болот, 5-6 жыл басылбайт калат десек, референдум кабыл алып бердиңер, жакшынакай база түзүлүп калды" деп атат.

Укукчу, юрист катары баа бере турган болсок, ар бир референдум өткөрүүнүн конституциялык мыйзамдуу тартиби болот. Бул тартип толугу менен бузулган. Референдум жыйынтыгын эмки келген бийлик жокко чыгарып койгонго толук шарт бар. Конституциянын өзүнө кайрыла турган болсок, Өмүрбек мырза парламентти түзүп алып, ошол жерде мушташа бергиле деп атат. Дүйнөнүн ар бир мамлекетинде бул мамлекеттин кожоюну ким экени көрүнүп, билинип турат. Биздин Конституцияда андай жок. Отунбаева өзү баш болуп биздин Кыргызстанда ички жана сырткы саясаттын негизги багыттары жазылбай калыптыр деп айтты.

Тынчсыздандырган тышкы саясат

“Азаттык”: Биз Европа, АКШга шилтеме жасаганды жакшы көрөбүз. Бирок бул өлкөлөрдө көбүнэсе, Францияны эске албаганда, аткаруу бийлиги бир адамдын колуна топтолот. Маселен, Европада өкмөт башчы, АКШда президент баарын тейлейт. Бизде парламент биз бийлик борборубуз деп чыгат. Өкмөт да өзүнчө. Президент да өтө эле алсыз эмес. Бул форма дурус натыйжа берип жатабы?

Касымбек Райымкул уулу: Конституцияны аябай демократиялаштырып жакшы кабыл алдык деп жатат. Олуттуу гана жерлерин айтып өтөйүн, Конституциянын 8-беренесинде жазылып калбадыбы, “азыркы чек ара аймагы бүтүн жана кол тийгис” деп. Демек бул Конституция мурдагы Үзөңгү-Кууш, Каркыра кеткенин далилдеп атат.

Кыргызстандын азыркы Конституциясынын кепили жок. Андай болбойт да. Азыр Конституцияны бардыгы бузуп атат. Бул Конституциянын 65-беренеси өтө коркунучтуу. Анын негизинде президент мыйзамга карабай эле буйрук чыгара берет. Демек эгерде коркунучтуу президент келип кала турган болсо коркунучтуу указ чыгарып коюшу мүмкүн.
Оппозицияга келгенде демократия, укуктук мамлекет деп кыйкырып калабыз, бийликке келгенде эле байкуш өлкөбүздү тытып, бөлө баштайбыз.

Коомдук парламенттин аныктамасы боюнча Кыргызстан легитимдүү 93-жылкы Конституцияга келиш керек. Анткени ошол убактагы Акаев өзүнүн укугу болбогонуна карабай указ менен бузган. Убактылуу өкмөт 1993-жылкы, 2007-жылкы Конституцияны жокко чыгарып койду. Ушул коркунуч жол менен бара турган болсок кагылышуу болот. Жаман жол менен баргандан көрө биз маданияттуу жол менен келсин деп ойлоп атабыз.

Өмүрбек Абдрахманов: Азыркы Конституцияны, эл аралык цивилизациясы бар делген мамлекеттер биригип, Венеция комиссия деп түзгөн, ошолордун экзаменинен өткөн. Бул эл аралык бардык демократиялык сыноолордон өттү. Кеп Конституцияда эмес, биз аны кандай пайдаланып атабыз, кандай иштетип атабыз – мына ошондо.

93-жылкы Конституция мага эч убакта жакпайт. Аны биз коммунисттерден жаңы чыга калып бирөөлөрдүкүн көчүрүп жазып койгонбуз. Заман өзгөрүп атат. Азыркы Конституция ушул заманга төп келет. Тышкы саясатты бир кишиге берип койсоң, ал өз билгенин кылат экен. Бул жерде тышкы саясатты президент, өкмөт, парламент, коомчулук өзү аныктайт. Кимиси болбосун уюткуну алып чыгып ишке ашыра турган орган болуп эсептелет.

Динара Ошурахунова: Мен АКШ, Европаны карагым келбейт. Монголияны алсак, ал жерде азыр парламенттик система. Алардын Конституциясы идеалдуу эмес. Бирок алар мыйзамды сыйлайт, жумуштун баарын мыйзам чегинде жасайт. Азыр биз беренелерин карап бири-бирибизди такалай берген болбойт. Бул беренелер аткарылбаса, сыйланбаса, биз эмнеге Конституция жөнүндө сүйлөйбүз?

Эгер жыл сайын өзгөрүлө берсе аны ким сыйлайт? Конституциянын кепили жок. Парламенттик системада азыр атаандаштык бар. Мурда бийлик жасалма оппозиция коюп, алар сүйлөчү эмес, калганы куугунтукта болгон. Азыр бийлик системасында реформа керек. Бир жылдан бери реформа жөнүндө көп сүйлөп атабыз, бирок эч нерсе жасабай атабыз.
Элибиз кандай болсо парламент ошондой, элибиздин көбү “Ата Журтка”, башкага добуш берди. Парламент урушуп атат дейт, дүйнөнүн бардык парламенттеринде уруш болот.

Марат Кайыпов: АКШ – дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү мамлекет, демократиянын туу чокусу. Алар эң улуу депрессия учурунда да өзүнүн президенттик формасын алмаштыруу тууралуу ойлонуп да койгон эмес, эч убакта күмөн санаган эмес. Биз болсо “битке өчөшүп көйнөктү өрттөп”, эки президентке өчөшүп президенттик форманы ыргытып жиберип, парламенттик системага барабыз деп атабыз. Ага да толук баралбай атабыз.

Классикалык парламенттик аркылуу бийликте президентти эл шайлабайт, аны парламент шайлайт. Конституцияда бизде эл шайлайт деп атат. Эртең президент эл аркылуу шайланып келгенден кийин президент менен парламентте согуш болот.

Өзгөртө берүү адаты

“Азаттык”: Экономикалык жактан анча жылыштардын байкалбаганы биздеги коомдук абалданбы, же Конституциядагы өкмөттүн ар бир фракциялдардан кирип алып бир пикир таба албашынанбы?

Касымбек Райымкул уулу: Парламенттик система келди, жакшы болду деп атышпайбы. Экономикабыз өнүкпөгөнү коалициялык өкмөт түзүлүп, алардын "башы бир казанда кайнабай", элдин камын, экономиканы ойлобогону далилденип калбадыбы. Жакында президенттик шайлоо болгону турат, президенттик шайлоонун болбой калышына, же кечигип болушуна президент да, Жогорку Кеңеш да күнөөлүү болгону турат.

Өмүрбек Абдрахманов: Быйыл президенттик шайлоо өтөт, баарыңар катышсаңар катышкыла, кандидатураңар болсо чыгаргыла. Талаш-тартыш болот. Акаев 15 жыл 3 мөөнөттө отурганда сиз унчукпай отургансыз. Эгер президент эл менен шайланбай, парламенттен шайлап койо турган болсок бүт бийликти монополия кылып алып, өз каалаган кишисин коюп алып билгенин кылышы мүмкүн. Эл тарабынан келген президент бир салмак болуп, бир адамдын, же премьер-министрдин, же парламенттин бийликтин баарын тартып алып өзүм билемдигине жол бербейт. Ошондуктан эң туура болгон.

“Азаттык”: Адам укуктарын сактоодо оң жылыштар байкалдыбы, Динара айым?
Кыргызстандын азыркы Конституциясынын кепили жок. Андай болбойт да. Азыр Конституцияны бардыгы бузуп атат.

Динара Ошурахунова: Биздин Конституцияда адам укуктары идеалдуу жазылган. Эгерде мыйзам сакталбай, аткарылбай атса адам укугу бузула берет экен. Элге президенттик, же парламенттик система болобу баары бир, элге эң негизгиси алардын жашоо турмушу жакшы болушу керек.

Бийликке келген адам системаны өзгөртүш үчүн өзү таза болуш керек. Таза болуу мүмкүнчүлүгү келген. Бирок биз бир кап ун үчүн, акча үчүн добуштарыбызды сатып, анан ыйлап атабыз.

Марат Кайыпов: Биз дүйнөдө болуп аткан процесстерге көз жүгүртөлү. Түркияны алсак, он жылдан ашык турган бир партия Түркиянын экономикасын дүркүрөтүп өстүрдү. Ошентсе да Түркиядагы бийлик болгону үч добуш үчүн күрөшүп атат. Үч добуштуу болуп калса Конституцияны өзгөртүп, президенттик бийлик формасын орнотобуз деп атат. Анткени келечек президенттик бийлик формасында экенин билип, көрүп турушат.

“Азаттык”: Бул жерде саясий туруктуулук үчүн кабыл алынган Конституцияны улам өзгөртө бербеш үчүн кабыл алынган норма болуш керек, ушундайбы Өмүрбек мырза?

Өмүрбек Абдрахманов: Ооба, 5 жыл чыдап туруңуз. Дүйнөнүн 99 пайызында парламенттик система.

“Азаттык”: Конституция өзгөрүүгө муктажбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Муктаж эмес. Бүт мусулман мамлекеттеринде 40 жылдап президенттер отургандар баары талкаланып, граждандык согуш жүрүп атат. Президенттик бийликтин келечеги жок. Биз 2020-жылга чейин чыдап туралы. Ошондон кийин мыйзам түрүндө салт кылып, анан өзгөртө берсе болот.
Таза болуу мүмкүнчүлүгү келген. Бирок биз бир кап ун үчүн, акча үчүн добуштарыбызды сатып, анан ыйлап атабыз.

Касымбек Райымкул уулу: Бул Конституция Кыргызстанга жараксыз болуп калды. Ошондуктан биз 93-жылкы Конституцияга келишибиз керек.

Марат Кайыпов: Албетте биз бийликке келебиз. Биз келгенден кийин сөзсүз бийлик формасын өзгөртөбүз, калыбына келтиребиз, мамлекетте тартип болот.

Динара Ошурахунова: Конституциянын кандай кемчилик, же жакшы жери болсо да, эгерде бийликке келген адамдар мыйзамды сыйлабай буза берсе, анда эч кандай Конституция жардам бербейт.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG