Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

Былтыр 27-июнда Кыргызстанда референдум өтүп, ал парламенттик башкарууну негиздеген Конституцияны жана президенттин укуктарын мыйзамдаштырган.

Кыргызстандагы акыркы референдум улуттар аралык жаңжал кызыткан элдин деми басыла элек, бийликти чет өлкөлөр эле эмес, Кыргызстандын ичинде айрым саясий күчтөр тааныбай турган учурга туш келди. Ушундай шартта системаны алмаштырчу жаңы Конституция долбоору менен өткөөл президентти бекитүүнү сунуштаган референдум кезинде тобокелчиликтин иши болгонун талдоочулар көп мертебе айтып келатышат.


- Бул – тарыхый күн. Биз референдум өттү деп эсептейбиз. Жаңы Конституция кабыл алынды. Ал өтө катуу каршылыктарга карабастан кабыл алынды. Жарандардын жарымынан көбү референдумга келишти. Ушуну менен эл мурдагы эки президенттин авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруусуна майлуу чекит койду, - деп билдирген 27-июнда жалпы элдик добуш берүү аяктагандан кийин Ошто сүйлөгөн сөзүндө жаңыдан өткөөл президент макамына ээ болгон Роза Отунбаева.

Ошентсе да бул жолку референдум элдин нагыз пикирин билдире алган жок, жаңы бийлик деле мурдагыдай өз турумун бекемдөөнүн жолун референдумдан тапты дегендер коомдо кыйла эле жолугууда.

Оштогу медиа-борбордун жетекчиси Максуда Айтиева жергиликтүү агенттиктердин бирине жаңжал болуп жаткан ошол кезде элге көз карашын салмактап берүүгө чамасы жок болчу деп айтканы бар.

Саясат таануучу Табылды Акеров тескерисинче бир жылдык тажрыйба референдум өзүн актады деген ойдо болууда:

- Менимче, референдум өзүн өзү актады. Ошол кезде Ош, Жалал-Абадда коогалаң болгон. Кыргызстандын жарандары ошол кырдаалду туура түшүнүп, референдумга күжүрмөн катышкан. Ошондуктан, Акаев, Бакиевдердерден айырмалуу болду десек болот.

Референдум аркылуу бекиген Роза Отунбаеванын өзүн жана жалпы эле парламенттик башкарууну алып келген 2010-жылкы ыңкылапчыларды кескин сынга алып, президенттик башкарууга кайтууну каалаган саясий күчтөр аз эмес. Мындай пикирди карманган саясий чөйрө өз дооматын демокартияны курабыз деген азыркы бийлик ырааттуу саясат жүргүзө албай, мамлекеттик башкаруу чаржайыт деп негиздейт. Кыргызстандын тышкы өнөктөштөрүнөн Орусия президенти Дмитрий Медведев да Кыргызстан чачырап кетпеши үчүн күчтүү бийлик керек экенин референдумдан кийин айтканы бар.


Мындай маанай акырындык менен кезектеги референдумду ыңгайлаштырбайбы деген жоромолдор айрыкча негизги бөлүгү мурдагы «Ак жол» партиясынан куралган «Ата-Журт» партиясы парламенттик көпчүлүктү түзүп калгандан бери көбүрөөк айтылып, ал шашылыш кабыл алынган Конституция оңдоп-түзөтүүлөргө муктаж деп негизделип жүрөт.

Айрым талдоочулардын баамында, келерки референдумдун жакынкы жылдары өтөр-өтпөсү президенттик шайлоодон көз каранды.
Баш мыйзамды түзүүчүлөрдүн бири Данияр Нарынбаев жаңы референдумдун ыктымалдыгын жокко чыгарбайт, бирок парламенттик башкаруу системасы азыр элдешкис саясий күчтөрдү кепке келүүгө аргасыз кылып жатканын жетишкендик катары баалайт:

- Ага (жаңы референдумга – ред.) эч ким кепилдик бере албайт. Эгерде коом жалпысынан талап кыла турган болсо, анда, балким бул маселе деле коюлуп калар. Бирок ал (жаңы система – ред.) саясий атаандаштыкты жаратты. Ошонун негизинде парламентке ар кандай саясий күчтөр, балким ар кандай маселелер боюнча келишпес саясий күчтөр келгенине карабастан сүйлөшүү жолу менен туура чечимдер кабыл алынып атат. Эң негизги максат ушул болчу. Биз ал максатка жетишип атабыз.

Ушундай эле көз карашты парламенттик башкарууну киргизген бул Конституциянын башкы авторлорунун бири, азыркы оппозияда калган "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев да айтып келатат. Анын тарапкерлери референдум аркылуу күчүнө кирген парламенттик башкаруу коомдук-саясий чөйрөдө ынтызарлык менен өздөштүрүлүп жатканына бекем ишенет.

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Баш мыйзамды бийлик башындагы саясатчыларга ыңгайлаштырып өзгөртүүгө көбүрөөк батынган өлкө катары айтылып жүрөт. Бул максаттагы жалпы добуш берүүлөр Аскар Акаев президент кезинде төрт ирет, Курманбек Бакиев президент кезинде бир ирет болгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG