Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Былтыр 27-июн күнү бүткүл элдик референдум Роза Отунбаеваны Кыргызстандын президенти кылып шайлаган. Ал - Борбор Азиядагы алгачкы лидер айым. Ушул эле добуш берүү өлкөдө олуттуу бир деңгээлде парламенттик башкарууну орноткон.


Мурдагы тышкы иштер министри, дипломат, көп жылдар оппозицияда жүргөн Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева өз өлкөсүнүн мурдагы жетекчилери жана коңшулаш мамлекет лидерлеринен көп жагынан айырмаланат. Бирок анын жогорку кызматтагы ар күнү ар тараптан талданып, түркүн түмөн суроолор жаратып келатат.

Айырмачылыктар

Демократиялык баалуулуктарды жогору туткандан башка Отунбаева коңшулаш Борбор Азия лидерлеринен жүрүш-туруш жагынан да өзгөчөлөнөт. Көп жылдар Батышта элчилик жана башка кызмат аркалап жүрүп, ал эркиндик, демократия деген сөздөрдүн маани-маңызын башкалардан тереңирээк өздөштүргөн.

Турмушта өзүн жөнөкөй алып жүрөт, кербезденип бой көтөрбөйт, кээ бирлер айткандай президенттик кызматта катуу талап кылынчу өктөм мүнөзү жок.

Мамлекеттин каражатын үнөмдөш үчүн чет өлкөгө чыкканда эл катары кадимки аба каттамдарынан пайдаланат. Президенттик учакты ал кезде чөп басып кеткен жок, ыгы келгенде аны Кыргызстандын премьер-министри, же парламент спикери мине калаары кабарланып жүрөт.

Кыргыз жана орус тилдеринен сырткары Роза Отунбаева англисче эркин сүйлөйт. Парижде саясатчыларга французча кайрылып, Венада Австриянын президенти менен жолугушууда немис тилинде билдирүү жасады. Бул кесиби боюнча философ айым (философия илимдеринин кандидаты) чөлкөмдөгү башка лидерлерден билим жагынан да айырмаланат.

Кыргыз президенти көпчүлүк Борбор Азиялык лидерлердей жумушчу-дыйкан үй бүлөдө чоңоюп, өз жанын өзү сабап, кыйналып жетилген эмес. Ал Советтик Кыргызстандагы “ак сөөк” үй бүлөдө төрөлүп, Москвада окуган, кыргызстандык соттун мүчөсүнүн бапестеп баккан тарбиясын алган.

Бийликке келүү жолу да таптакыр башкача болду.

Роза Отунбаева – былтыр 90дой кишинин өмүрүн жалмап, 1000ден ашуун адам жараат алган 7-апрель ыңкылабынан улам бийликке келди. Ал кайгылуу окуялар маалында Кыргызстандын атынан бирөө тышкы дүйнөгө жарчы болуп, эмнелер болуп кеткенин, кийинки жетекчиликтен эмнени күтсө болорун түшүндүрүш керек эле.

Дал ошондой шартта өзүлөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялаган 14 активдүү оппозициячыл саясатчы шашылыш кеңешип, эл аралык чөйрөдө таанымал, тажрыйбалуу саясатчы деп Роза Отунбаеваны лидерликке тандашкан.

Роза Отунбаева: Кылымга тете бир жыл

x
Анын үстүнө бул Роза айымдын мурдагы эки кыргыз жетекчисинин коррупциялашкан режимине каршы тайманбай күрөшкөн узак ишмердигин баалоо катары кабылданган эле.

Аскар Акаев бир ирет Роза Отунбаеваны Кыргызстандагы эки ыңкылаптын “башкы мотору” атаганы бар.

Анысы чын болсо, Отунбаева оппозициячы катары күрөшүнүн акыбетин кайтара алдыбы? 2005-жылы андай болбогону айтпаса да түшүнүктүү, ал эми 2010-жылы туз буюруп, эки чылбыр бир тизгин колуна тийгендей болду. Бирок анын чектелүү бийлик мөөнөтү өтө опурталдуу жагдайларга туш келди.

Татаал жол, түпсүз сыноо жана өкүнүү...

Былтыр апрелдеги элдик көтөрүлүштөн улам бийликке келген Убактылуу өкмөт үчүн баарынан башкысы - өлкөдөгү туруктуулукту сактап, элдин бейкапар турмушун камсыздап, экономикалык кыйроону болтурбоо эле.

Бул адал максатты ишке ашырууга артыкчылык берилгени сезилбей, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өз ара бийлик орундарын талашып, болочок парламенттик шайлоонун камын көрүп, ар кимиси алдастап катары солгундай түшкөн партияларын, же жаңы эле пайда болгон партиясын байлар жана билеги күчтүүлөр менен толуктап, саясий моокумун кандыруу далалатында аракет көрүп жатышты.

Аларга кошумча мансап-мартабасынан айрылган мурдагы бийликтин жан-жөкөрлөрү туш-туштан бут тосуп, карасанатай иштерин күн алыс уюштура баштады. Бишкектеги “хансарай” жана анын тегерегинде улам бир жаңжал, уруш-талаш чыгып, элдин көңүлү салкындай баштаган чакта чагылган жарт-журт эткендей Ошто алеки заматта кыргыз-өзбек бири-бирине кол салып, кызыл кыргын түшүп калышты.

Ош, Жалал-Абад жана алардын тегерегиндеги айыл-кыштактарды каптаган былтыркы июндагы коогалаң беш күндө барып пастады.

Бул күндөрү ал жерде 400дөн ашуун адамдын жаны кыйылып, дагы бир нече миңдейи жарадар болду. Алардын көбү өзбектер болуп чыкты (ушул жерде “айткандын оозу жаман” деген ылакап кеп эске түштү). Өрттөнүп-талкаланган үй-жай жана башка имараттарды эсептей келгенде, ансыз да каржалган мамлекеттик казнага опол тоодой залака келтирилгени дайын болду.

Отунбаева өзү башкарган өкмөт ал коогалаңды алдын алуу, же ыкчам токтотуу колунан келбей калганын моюнга алып, быйыл Нооруз күнү Ошко барганда кечирээк болсо да элден кечирим сурады.

Эл аралык уюмдар ал коогалаңдын күнөөкөрлөрүн жазалап, сот жообуна тартууда кыргыз бийликтери калыстык орното албай, камалып-соттолгондордун көпчүлүгү өзбектер экенине басым жасашууда.

Жакында Венага барганда, Кыргыз президенти ал кандуу кагылыш боюнча бардыгы 3000ден ашуун кылмыш иш козголгонун, азырынча жыйынтык чыгарып бир тарапты айыптоо эртелик кылаарын эскертти.

Кыргызстандын азыркы бийлигине өлкөнүн бардык аймагы бирдей баш ийеби деген суроо да чет элдик эксперттер көп козгогон маселенин бири.

Ушул маселеге келгенде, Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун ысымы такай аталып жүрөт. Былтыр август айында Оштун мэри аз жерден кызматынан алына жаздап, эки миңдей жактоочусунун кысымы алдында иш ордуна кайтып келип, “мени эч ким иштен алалбайт” деп муштумун кезегени көпчүлүктүн эсинде. Ал окуя – Бишкектеги бийликтин алсыздыгы катары бааланган.

Дегеле Роза Отунбаеванын саясий ишмердигине көз салсак, ал кайсы бир партияны түзүп, же кайсы бир партиянын ураан-максатына жан дилинен берилип, узак жылдар пикирлеш-партиялаш топтогон эмес экен.

Чет элдеги "телегейи тегиз" жашоосун таштап, Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшөм деп жаңыдан кайтып келген 2004-жылдын декабрында маркум депутат жана кинорежиссер Дооронбек Садырбаев менен бирге “Ата-Журт” кыймылын түптөйт. Анан эле 2006-жылы эл оозунда “улутчул” эсептелген “Асаба” партиясына теңтөрагалык кылат.

Кайра 2007-жылкы шайлоодо Социал-демократтар партиясынын атынан парламентке шайланат.

Айтор, Отунбаева былтыр элдин толкуну менен мамлекет башчы болуп калганда, анын артында узак жылдар ийиндеш иштеген, саясий майданда чогуу бышып-жетилген бекем "армиясы" – жеке өзүн колдогон саясий партиясы жок эле.

Апрелден кийинки алгачкы күндөрү Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ар кайсы саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, бири-биринен “жуурканды жула тартканы” жалпы өлкөдөгү жагдайга бир топ зыянын тийгизгени айкын.

Чоң эрдикти талап кылган ийгиликтер

Былтыр улам бир чет элдик эксперттер менен серепчилер Отунбаеванын өкмөтү кыйроо алдында деп ашкере “көрөгөчтүк” кылып жатышты. Алардын айтканы орундалбай, өкмөт кулаган жок.

Ыңкылаптан кийинки бир нече ай бою улам бир жаңжалга илээшкен өкмөт мүчөлөрүн ыдыратпай бирге кармап, кийин түштүктөгү кандуу коога маалында да кайратмандыгын көргөзүп аягына чейин турганы – Кыргыз президентинин башкы жетишкендиги деген баага арзыйт.

Жагдай канчалык кыйын болсо да, өткөн жайда бүткүл элдик референдумду, кийин октябрда парламенттик шайлоону уюштуруп өткөрдү. Бир катар эл аралык уюмдар ал шайлоону Кыргызстандын жана жалпы чөлкөмдүн тарыхындагы эң эркин жана демократиялуу өнөктүк болду деп алкоого алышты.

Былтыркы референдумда Отунбаеванын президенттигине батасын бергенден башка эл Кыргызстанда жаңы саясий система – парламенттик системанын элементтери күчтүү башкарууну орнотууну жактырышты.

Мындай демократиялык “бейбаштык” коңшулаш жана айрым кубаттуу өлкөлөр тарабынан сындалып, атүгүл Кремлдин кожоюндары расмий Бишкекке оозеки чабуул коюшту.

Азыркы кыргыз өкмөтү ар башка көз караштагы үч партиянын өкүлдөрүнөн куралган (бир нече башка партиянын өкүлдөрүн же партияга тиешеси жок мүчөлөрдү атабаганда), аларды бириктирип иштетүү аракети азырынча жамандыр-жакшыдыр жүзөгө ашып жаткандай.

Роза Отунбаева ал өкмөткө ментордук, же патрондук кылгандан башка айрым маанилүү окуялар боюнча кечирээк болсо да, көз карашын ачык айтып билдирүүлөр жасады.

Түштүктөгү коогалаң үчүн Убактылуу өкмөттүн атынан кечирим сурагандан башка анын дагы бир эрдиги – ал кандуу окуяны иликтөөгө эл аралык комиссияны аралаштырып, мындай кадамга батынганы болду.

Эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Килюнен айткандай, буга дейре пост-советтик бир да өлкө жетекчиси андай иликтөөгө уруксат берген эмес.

Килюнендин иликтөө жыйынтыгын чабуулга алып, анын өзүн Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган “персона нон грата” жарыялап жиберген Жогорку Кеңештин чечимин Кыргыз президенти жакында айыптады.

Роза Отунбаева Венадагы сапары маалында: "Эл аралык комиссиянын сунуштары изилденип, жарактуулары ишке ашырылат", - деп ишендирди .

Биринчи Радиого берген интервьюсунда ал ашынган улутчул маанайдагы гезиттерди айыптап, алардын аракеттери өлкөнүн беделине зыян алып келип жатканын ашкереледи.

Баарынан башкысы, Роза Отунбаева ушул жылдын күз айларында өтө турган президенттик шайлоону тийиштүү деңгээлде уюштуруп, кийинки мамлекет башчыга бийликти мыйзамга ылайык өткөрүп берүүнү убада кылды:

- Борбордук Азияда да бийликке асылбай, өз ыктыяры менен жогорку кызматты өткөрүп берип, кош айтышуу мүмкүн экенин далилдегим келет, - деди ал.

Президент Р.Отунбаева Францияда

x
Чынында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 20 жылдык пост-советтик эгемендик тарыхында азырынча мыйзамга баш ийип, бийликти кийинки жетекчиге тынч өткөрүп берген президент катталбаптыр.

Андыктан Роза Отунбаеванын башкы эрдиги алдыда деп күтө туралы.

Шайлоону өткөрүү, алдыдагы алты ай ичинде эл ичинде тынчтык менен бейпилдикти камсыздоо өңдүү абдан олуттуу көйгөй жана сыноолор али алдыда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG