Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:33

“Кыргызтелекомдун” жылдык акционердик жыйынында акционерлер бир пикирге келе албай, директорлор кеңешин шайлоо үзгүлтүккө учурады.

Байланыш тармагындагы бул ири мамлекеттик ишкананы көзөмөлгө алууда директорлор кеңеши менен башкармалыктын ортосундагы бирин-бири айыптаган келишпестик күчөп, акционерлер эки тараптын тең жылдык отчетун жараткан жок.

Буга чейин “Кыргызтелекомдун” башкармалыгы директорлор кеңешинин саясатына каршылык иретинде кызматынан кеткен. Андан соң директорлор кеңешинин төрагасы да кызматынан кетип, компания башчысыз калган.

Артына кеткен “артыкчылык”

“Кыргызтелекомдун” жылдык акционердик жыйыны курч мүнөздө өттү. Акционерлер ишкананын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн төмөндүгүн жана андагы өнүктүрүү саясатынын чабалдыгын талкуулашты.

Буга чейин компаниянын директорлор кеңеши башкармалыктын ишмердигин начар деп баалап, анын курамын алмаштыруу боюнча Мамлекеттик мүлк фондуна сунуш киргизген. Акционердик жыйында директорлор кеңешинин өзүнүн ишмердиги сынга алынды.

“Кыргызтелекомдун” акционерлеринин бири Эдил Байсалов бул тууралуу мындай дейт:

- Мурда Акаевдин тушунда ишкананы өнүктүрбөстөн акциянын бардыгын “Бителге” алып, уулу Айдардын компаниясы катары ачып берген. Бакиевдин тушунда “Мегаком” аркылуу Максим бул тармакты талкалады. “Кыргызтелекомго” сырттан инвестиция киргизип, өнүктүрө коюшкан жок. Азыр деле ошондой көрүнүш кайталанууда. Акциянын баасы азыр алты сомго чейин түштү. Келечеги кең компанияны өнүктүрүп кетсе болот эле. Жок, андай эмес. Ошон үчүн бул жыйынга өкмөт мүчөлөрүнүн бири дагы катышкан жок. Анткени аларды өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү кызыктырбайт.

Жыйынга документтерин берген көз карандысыз аудиттин маалыматы боюнча “Кыргызтелеком” ишканасынын 2012-жылдагы кирешеси 204 миллион сом болсо, 2013-жылы 91 миллионго, 2014-жылы 3,9 миллион сомго чейин түшкөн.

Ошондой эле компаниянын жетекчилиги Бишкек-Ош интернет магистралын куруу долбоорун аягына чыгара албаганы сынга алынды.

“Кыргызтелекомдун” директорлор кеңешинин мүчөсү Мирбек Мурзабеков башкармалык менен келишпестиктин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз учурунда башкармалыкка компанияны өнүктүрүү боюнча сунуштарды айтканбыз. Бирок алар ушул күнгө чейин бир дагы долбоор иштеп чыгып, сунуштай алышкан жок. Алардын ишмердигин сындап койсок, кайра биз менен тирешип, аягында отчет бербестен башкармалыктан кетип калышты. Биз алар менен башында өнөктөш катары иш алып баралы дегенбиз. Бирок андай болбоду. Ошон үчүн биз башкармалыктын курамын алмаштыруу керек деген демилге көтөрдүк.

Атаандаштык айынан араздашуу

Ошол эле кезде директорлор кеңешинин башкармалыктын ишине жасаган тоскоолдуктары да мисалга алынды. Ишкананын мурдагы вице-президенти, экс-коммерциялык директор Эрмек Ниязов башкармалыктын дарегине айтылган дооматтарды четке какты:

- Биз тиешелүү долбоорлор боюнча тиешелүү иш алып барып жатканбыз. Интернет магистралын алып өтүү багыты боюнча чынында маселе бар. Бирок ал бизге чейинки башкармалыктын тушунда долбоору чийилип, каражаты төлөнгөн экен. Биз мына ошол долбоорду гана аткардык. Учурда бул долбоор тесттик тартипте иштеп жатат. Биз директорлор кеңешинен колдоо таба алган жокпуз. Көпчүлүк учурда биздин көз караштарыбыз дал келген жок. Ошондуктан башкармалыктын мүчөлөрү 31-мартта директорлор кеңешинин саясатына макул эместигибизди айтып, кызматтан кетип калдык. Азыр директорлор кеңешине талапкерлигимди койдум.

Жыйын жүрүшүндө тараптар бирин-бири айыптап, андан соң аягы көрүнбөгөн кайым айтышка жана талаш-тартышка өтүштү. Акционерлер көпчүлүк добуш менен директорлор кеңешинин 2014-жыл үчүн отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты. Андан соң директорлор кеңешинин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча маселе каралды.

Директорлор кеңешине талапкерлиги коюлган акционерлердин бири Уран Рыскулов жыйында мындагы бийликтин кызыкчылыгы туурасында билдирүүсүн жарыялады:

- Бул жерде директорлор кеңешине Фарид Ниязов өзүнүн жакын тууганын түртүп жатканы эмнени каңкуулайт? Бул жерде кайра эле ишиндеги кемчилик үчүн кеткен тарап кайра жетекчиликке келүүгө акысы бар беле? Анткени алар отчет бербестен кетип калышты. Эми кайра Ак үйдөгү чоң колдоонун арты менен директорлор кеңешине келүүгө умтулуп жатышат. Мен бул жерде Фарид Ниязовдун аракеттерине каршы туруу үчүн директорлор кеңешине талапкер катары катталдым. Бул жерде үй-бүлөлүк кландар кайрадан баш көтөрүп, иш алып бара баштаганын ким тыят?

Мындай билдирүүнү директорлор кеңешине талапкерлигин коюп жаткан Эрмек Ниязов саясий чайкоочулук катары мүнөздөдү. Анын бул демилгесине президенттин кеңешчисинин тиешеси жок экенин айткан Эрмек Ниязов коюлган дооматты жөнү жок тийишүү катары баалады:

- Мунун бардыгы негизсиз доомат. Мен бүгүн эле келип, директорлор кеңешине талапкерлигимди коюп жаткан жокмун. Анткени мен бул жерде көптөн бери иштейм. Фарид Ниязовдун менин бул демилгеме эч кандай тиешеси жок. Мунун бардыгы мурдагы директорлор кеңешинин адамдары аркылуу атайын жасалып жатат. Алар кайрадан кызматка келүү үчүн ушундай жол менен мени каралагысы келет.

Андан соң директорлор кеңешин шайлоо эрежесиндеги келип чыккан өксүктөрдөн улам добуш берүү кийинкиге калды.

“Кыргызтелекомдун” директорлор кеңешинин курамы үч адамдан турат. Ага үч талапкер көрсөтүлүп, бирок талаш-тартыштан улам алардын ысымдары добуш берүүгө коюлган жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG