Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу боюнча катчылык чыгымдар эсептелип бүткөндөн кийин гана отчет жарыялана турганын билдирди. Бул арада каржы министрлиги кеткен чыгымдар туурасында алдын ала айтып, демөөрчүлүктөн чогулган акчадан ашып калган каражат бюджетке кайтарыла турганын жарыялады.

Сарамжалы жок саясатпы?

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова президенттик аппарат менен өкмөттүн экономика алсырап, өлкө казынасы каржалып турган чакта Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүшүн акылга сыйбаган саясат катары мүнөздөдү. Аида Салянова өлкөдө саламаттыкты сактоо, билим берүү жана коопсуздук тармактарынын чыгымдарын жабууга каражат табылбай турган кезде эл аралык деңгээлдеги көп чыгымдуу шаан-шөкөт уюштуруу учурда канчалык максатка ылайыктуу деген суроону кабыргасынан койду.

Көчмөндөр оюндары.

Көчмөндөр оюндары.

Ошол эле кезде парламент депутаты Аида Салянова бюджеттен бөлүнгөн жана демөөрчүлөрдөн чогултулган каражаттын отчету ачык жарыяланышын талап кылды:

- Ат майданды кургандан башка деле жүздөгөн миллиондор кетти. Азыр эми ар кандай суммалар айтылып жатат. Аны эми тиешелүү бийлик органдары тактап туруп, анан ачык айтышы керек. 2014-жылы көчмөндөр оюндарын өткөрдүк. Бирок мындай өлчөмдөгү акча кеткен эмес. Анан эми эки жыл өтпөй жатып эле кайра оюндарды өткөрүп, чыгымдарды көбөйтүп жатабыз. Азыр эл арасында деле мына ошол акчаны башка бир муктаждыктарга жумшасак болбойт беле деген сөздөр бар. Акча болуп турса, каражат жетиштүү болсо, албетте, мына ушундай мааракелерди өткөзгөнгө эмне жетсин.

Бюджеттен бөлүнгөн каражат боюнча эки ача маалыматтар

Буга чейин 23-августта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков демөөрчүлөрдөн эки миллион долларга чукул акча топтолгонун билдирген. Анын бир миллион долларын Түркия мамлекети, 500 миң долларды түрк президентинин уулу Билал Эрдоган жетектеген этноспорт конфедерациясы берген. “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы дагы 500 миң долларлык өлчөмдө демөөрчүлүк кылган. 8-сентябрь күнү көчмөндөр оюнун жыйынтыктаган маалымат жыйынында Сапар Исаков демөөрчүлүк жардам 3 миллион долларга барабар экенин айткан. Анда Сапар Исаков бюджеттен көп деле каражат кетпегенин айтып, чыгымдарды сырттан алынган гранттык каражаттар жапканын белгилеген болчу:

- Сиздер билесиздерби, мамлекеттик бюджеттен буга чоң деле акча бөлүнгөн жок. Анткени кеткен чыгымдын көпчүлүгү бюджетке сырттан грант катары тартылып келген акчадан кетти. Бул биздин улуу урматтуу президентибиз чет жактан алып келген гранттык каражат. Биз эки жыл мурун эле бул иш-чарага катуу даярданып, акча чогулта баштаган болчубуз. Кудай жалгап, биз муну ишке ашыра алдык. Биз ошол гранттык акчаны сырттан тартып келдик. Мына мынтип эң мыкты ат майданын куруп койдук. Бул үчүн биздин кыргызстандыктар абдан сыймыктанып жатышат.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын фотографы Амос Чэплдын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда тарткан сүрөттөрү:

Ошол эле кезде каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 695 миллион сом чыгымдалганы анык болду. Анын ичинен эң негизги каражат Чолпон-Атадагы ат майданды курууга жумшалып, курулуштун чыгымы мындан бир жыл мурун бюджетте бекитилген капиталдык салымдар беренеси боюнча каржыланган.

Мамлекеттик бюджеттен буга чоң деле акча бөлүнгөн жок. Анткени кеткен чыгымдын көпчүлүгү бюджетке сырттан грант катары тартылып келген акчадан кетти. Бул биздин улуу урматтуу президентибиз чет жактан алып келген гранттык каражат.

2014-жылы эле Чолпон-Атадагы 800 орундуу ат майданды оңдоого мамлекеттик бюджеттен 84 миллион сом акча жумшалып, бирок анын аягы каржылык чыр жана айрым аткаруучуларды камакка алуу менен аяктаган болчу. Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков бул жолку көчмөндөр оюнун уюштурууга бюджеттен кеткен чыгымдар туурасында мына буларды билдирди:

- Чыгымдардын 36 миллион сому маданият министрлиги аркылуу кетти. Анын 20 миллион сомдон ашууну массалык иш-чараларды уюштурууга жумшалды. Он алты миллион сом жарык берүүгө, телеканалдар аркылуу оюндарды чагылдырууга чыгымдалды. Мындан башка 159 миллион сом дене-тарбия жана спорт агенттиги аркылуу чыгымдалды. Бул акча чет өлкөдөн келген спортсмендерди тосуп алууга, алардын жашаган жерине, ичке-жегенине жумшалды. Ошондой эле көчмөндөр оюндарынын байге фонду дагы мына ушул акчадан жумшалды. Мындан сырткары ат майдандын курулушуна бир жарым миллиард сом жумшалган.

Демөөрчүлөрдүн акчасы так эсептелдиби?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун экинчи ирет Чолпон-Атада уюштуруу үчүн мындан мурун президенттик аппарат өлкөдөгү ири компаниялардан жана банктардан каржылык жана материалдык жардам көрсөтүүнү суранган болчу. Кыргызстандагы “Мегаком”,”Түрк аба жолдору”, Газпром-Кыргызстан, “Аю холдинги”, “Шоро” сыяктуу ондогон ири компаниялар, “Айчүрөк”, “Бишкек парк”, “Вефа” сыяктуу ири соода борборлору, Демир-Банк, БТА банк, Росинбанк, Оптима банк сыяктуу ири банктар, “Андаш”, “Жерүй”, “Талас-Коппер голд” сыяктуу алтын казуучу компаниялар көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө демөөрчүлүк кылышты. Көпчүлүк демөөрчүлөр каржылык салымдарынын өлчөмүн расмий түрдө ачык айтуудан баш тартышты. Бирок өздүк булактардын маалымдашынча, демөөрчүлүк жардамдын өлчөмү 50 миң доллардан 500 миң долларга чейин жеткен. Мына ошондо алдын ала болжолдуу түрдө эсептегенде эле демөөрчүлүк жардамдын өлчөмү расмий жарыяланган өлчөмдөн бир канча эсе жогору болчудай.

Президент Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарынын ачылышында.

Президент Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарынын ачылышында.

​“Аю холдингинин” аткаруучу директору Балбак Түлөбаев улуттук долбоорду каржылоого алардын компаниясы бөлгөн акчалай жана материалдык жардам туурасында ачык маалымат берди:

- Биздин компания эле чама-чаркыбызга ылайыктап туруп 3,5 жарым миллион сом накталай акча котордук. Мындан сырткары эки миллион сомдон ашуун продукция түрүндө бердик. Бул эми коноктор жана уюштуруучулар үчүн берилген суусундуктар бизден болду. Ошондой эле чыгарган продукцияларга көчмөндөр оюндарынын эн белгилерин тактык. Мына ошентип, жалпысынан 5 миллион сомдон ашуун жардам көрсөттүк.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу боюнча катчылыктын жетекчиси Нурдин Султамбаев учурда кеткен чыгымдар туурасында эсеп-чот бүтө электигин белгиледи. Мына ошондуктан ал азырынча түшкөн демөөрчүлүк каражаттын жана бюджеттик акчанын чыгымдалышы боюнча кеңири отчет даяр боло электигин айтты.

- Демөөрчүлүктөн түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгү кайра бюджетке кайтарылат. Анткени башында биз мына ошентип сүйлөшкөнбүз.

Демөөрчүлүк каражаттын жалпы өлчөмү туурасында дагы толук маалымат берүү азырынча эртелик кылат, деп билдирди катчылыктын башчысы Нурдин Султамбаев:

- Демөөрчүлөрдөн түшкөн акчаны жана анын чыгымдарын азыр эсептеп жатабыз. Азырынча так маалымат бере албайбыз. Анткени материалдык дагы жардамдар аябай көп болду. Мына ошонун бардыгын акчага чагып, анан эсебин чыгарышыбыз керек. Бюджеттен бөлүнгөн акчанын эсебин алганга азырынча кол жете элек. Мамлекеттик органдар бул боюнча тиешелүү отчетторун өздөрү беришет. Анткени мен алардын акчасына кийлигишкен жокмун. Алар өздөрүнө бөлүнгөн акчаны өздөрү каржылашты. Алардын отчетторун алып, бардыгын бириктирип, талдап туруп, анан кеңири отчет беребиз.

Ашык акча бюджетке кайтарылат

Ошол эле кезде Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга демөөрчүлүк кылууга ири кирешелүү компаниялардан тарта, көптөгөн каржылык уюмдар жана орто деңгээлдеги ишканалар тартылган. Мына ошолордун каржылык жана материалдык салымдары менен кеткен чыгымдарды салыштыруу бир далай убакытты алары бышык. Анткен менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков буга чейин демөөрчүлүк каражат Улуттук олимпиада комитетинин атайын банк эсебине которулганын билдирген. Анын айтуусунда, мындай жол менен түшкөн каражатты эл аралык аудит аркылуу текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок учурда канча каражат түшкөнү жана канчасы чыгымдалганы тууралуу так маалымат чыга элек. Бирок ошого карабастан, каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгү ашып калганын айтып, ал акча эми бюджетке кайра кайтарыларын белгиледи:

- Демөөрчүлүктөн түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгү кайра бюджетке кайтарылат. Анткени башында биз мына ошентип сүйлөшкөнбүз. Мына ушул жуманын аягында биз бардыгын тактап туруп, анан үч мамлекеттик орган ишин жыйынтыктаган соң биз канча акча ашып калганын айтабыз.

Ошол эле кезде президенттик аппарат менен өкмөт Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга талап кылынгандан аз акча чыгымдап, бирок эл аралык деңгээлде чоң жыйынтык берген иш-чараны өткөрүүгө мүмкүн болгонун белгиледи. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземинде өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков бул иш-чара көптөгөн мамлекеттердин колдоосуна ээ болгонун айткан болчу:

- Кереметүү кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде дагы бир жолу дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган эл аралык иш-чара аяктап жатат. Биздин президентибиз Алмаз Шаренович Атамбаевдин көчмөн духту колдоп, анын маданиятын жандандырууга жана жайылтууга багытталган демилгеси көптөгөн мамлекеттердин колдоосуна ээ болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары глобалдык масштабдагы иш-чарага айланды.

Ошол эле кезде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруучу тарап кеткен чыгымдар толук акталганын жарыялаган. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков бул оюндарды өткөрүүдөн 9,9 миллион доллар киреше түшкөнүн билдирди. Бирок бул каражат жалаң эле сувенир менен билет сатуудан бюджетке түшкөн акчабы же жеке ишкерлер иштеп тапкан пайдабы, ал жагы азырынча белгисиз бойдон турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG