Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Үңкүр-Тоодогу телемунара Ителгиге көчөбү?


Үңкүр Тоодогу телемунара
Үңкүр Тоодогу телемунара

Үңкүр-Тоодогу телемунарага инженерлер чыгып барып, бекет кадимки тартипте иштей баштады. Аны бир айга чукул убакыттан бери ээлеп турган өзбек милициясы кечээ кетишкени белгилүү болгон.

Бирок Аксынын айрым тургундары Бозбу тоонун боорундагы Ителги тумшугуна жол салынып, кошумча телемунара куруу аракеттерине тынчсызданышууда. Анткени алардын айтымында, кыргыз тарап муну менен Үңкүр Тоодогу телемунараны көчүрүүгө өбөлгө түзүп берүүдө. Бирок Аксынын акимчилиги муну төгүндөп, кошумча телемунара телерадио сигналдарын күчөтүү үчүн гана курулуп жатат деп ишендирди.

Үңкүр-Тоону куралдуу күзөтүү демилгеси

Буга чейин белгилүү болгондой, 18-сентябрда Өзбекстан Үңкүр-Тоонун үстүнө жайгаштырылган милиция кызматкерлерин ал жерден чыгарып кетти. Чек ара кызматы бул үчүн кыргыз тарапка эч кандай талап койгон жок деп ишендирүүдө. Тоонун үстүндөгү телемунарага инженерлер чыгып барып, ал бекеттин иши калыбына келтирилди.

Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү.
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү.

Бирок жергиликтүү тургундар Бозбу тоодогу Ителгинин тумшугуна жол салынып, жаңы телемунаранын курулушу башталып жатканына тынчсызданышууда. Алардын айтымында, бул кадам Үңкүр-Тоодогу телемунараны көчүрүүгө өбөлгө түзүп, тилкени коңшу өлкөнүн аймагы катары тааныганга барабар. Ошондуктан Аксынын жергиликтүү тургуну Эргешаалы Озокеев Бозбу тоого жол салуу токтотулуп, анын ордуна Үңкүр-Тоого күзөт койуу керек экенин белгиледи:

- Азыр өкмөт танып жиберген протоколдун шарттары ишке ашырылып жатпайбы. Мына ошонун негизинде өкмөт сегиз миллион сом бөлүп, Ителги тумшугуна жол салуу боюнча тендер өткөрдү. Бул тендерди уткан жол куруу ишканасы азыр Бозбу тоонун боорундагы Ителги тумшугуна кеткен жолду салып баштады. Биздин бийлик муну менен өзбек тарапка Үңкүр-Тоону өзүнүкү деп тааныганга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Биз бул жолду токтотуп, жаңы телемунаранын курулушуна кетчү каражатты Үңкүр-Тоодогу чек ара коопсуздугун чыңдоого жумшагыла деп талап койдук. Бирок биздин талапты бийлик укпай жатат. Бийлик токтоосуз түрдө бул тоонун башына аскердик күзөт коюп, чек араны чыңдабаса, бул маселе кайрадан курчуй берет.

Айдаралиев: Үңкүр-Тоодогу телемунара көчүрүлбөйт

Буга чейин Сариев өкмөтүнүн тушунда Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагы деп тааныган жана андагы телемунараны көчүрүү тууралуу өкмөттүн протоколу чыкканы жарыяланган болчу. Кийинчерээк өкмөт аны жасалма документ деп таап, ал маалыматты жокко чыгарган. Бирок кийин өкмөттүн башка бир протоколу менен Бозбу тоосуна кошумча телемунара куруу чечими чыккан. Аксынын акими Медетбек Айдаралиев жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусуна негиз жок экенин айтты:

- Учурда жолдун курулушу жүрүп жатат. Анын Үңкүр-Тоодогу телемунара менен эч кандай байланышы жок. Ал өзүнчө кошумча бекет болуп курулуп жатат. Бул Аксы, Ала-Бука жана Чаткал аймагындагы телерадио сигналдарын күчөтүү максатын гана көздөйт. Ошол эле кезде Үңкүр-Тоодогу телемунара көчүрүлбөйт. Анан Үңкүр-Тоо маселеси эки тараптуу шартта мамлекеттик деңгээлде гана чечилет. Ага чейин ага эч бир тарап өз алдынча кийлигише албайт. Телемунара болсо мурда кандай иштесе, ошондой иштеп жатат. Мына ошондуктан аны калп эле “коргойбуз” деп 5-6 адамдын чыгып сүйлөп жатканы болбогон сөз.

Өткөрмө бекеттер ачылды

Ошол эле кезде буга чейин бейрасмий маалыматтар боюнча сүйлөшүү учурунда өзбек тарап Үңкүр-Тоодон милиция тобун чыгарып кетүү үчүн Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычындагы жумушчулардын ээн-эркин кирип-чыгышын камсыздоо талабы айтылган. Бирок Үңкүр-Тоону бошотуу боюнча ал талап аткарылганы же четке кагылганы азырынча белгисиз. Чек ара кызматынын аскер штабынын башкы зардалы Бакыт Жылтыров Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычына өткөн чек ара жабык экенин айтып, бирок буга чейин жабылган башка өткөрмө бекеттер кайрадан ачылганын билдирди:

- Суу сактагычтын аймагы чек ара тилкесине кирбейт. Ал жерде биздин чек арачылар жок. Бирок Ала-Букадагы өткөрмө бекет азыр жабык бойдон турат. Ал өкмөттүн атайын токтому менен жабылган. Буга чейин жабылган өткөрмө бекеттер ачылып, бүгүн эртең менен саат сегизден баштап иштей баштады. Мына ошол эле Сохко жана Шаймерденге кетүүчү өткөрмө бекеттер дагы ачылды. Бул өткөрмө бекеттер биздеги көчмөндөр оюндарын жана КМШнын саммитин өткөрүүгө байланыштуу жабылган болчу.

Өзбекстан президенттинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 17-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүн телефондон куттуктаган. Мындан тышкары эки лидер кыргыз-өзбек мамилесинин азыркы абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшкөн. Ага чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Бишкекте өткөн КМШнын саммитине катышкан.

Быйыл 22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоого тик учак менен милиция тобун таштап, анда иштеген төрт инженерди кармап кеткен. Өз ара сүйлөшүүдөн соң 8-сентябрда ал кыргыз жарандары бошотулган. Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын “Кербен-24” деген аталыштагы радиорелейлик станциясы жайгашкан. Өзбекстан бул аймакты талашып келүүдө, бирок кыргыз тарап ал жер тактала элек чек ара тилкеси экенин баса белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG