Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Референдум: үгүтчүлөр экиге бөлүндү


Кыргызстанда референдум 11-декабрда өтөт.
Кыргызстанда референдум 11-декабрда өтөт.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө чакырган, ошол эле учурда ага каршы үгүт кылган уюмдар БШКдан каттоодон өттү.

"Биз эмне үчүн каршыбыз?"

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт жүргүзүүгө уруксат берилген топтор - жарандык коомдун өкүлдөрү, оппозициячыл саясатчылар жана өздөрүн мекенчил күчтөрдүн өкүлдөрү деп тааныштырган активисттер. Бул тууралуу жарандык коом өкүлдөрүнөн түзүлгөн топтун ыйгарым укуктуу өкүлү Рита Карасартова “Азаттыкка” билдирди:

- Ар бир топтун “биз эмне үчүн каршыбыз” деген суроого өз жообу бар. Мекенчил топтор кыргыздын үрп-адатына, салтына жараша Баш мыйзамды көргүбүз келет деп жатышат. Оппозициялык саясатчылар бийлик бутактарынын тең салмактуулугу кыйрап жатканына тынчсызданууда. Биздин, жарандык коомдун болсо, өзгөртүлгөн Баш мыйзамда адам укуктары чектелүүдө, адам укуктары боюнча эл аралык комитеттерге кайрылууга мүмкүнчүлүктөр жок болууда деген сыяктуу жүйөлөрүбүз бар. Мына ошондуктан, ар бир топ өзүнчө каттоодон өтүп, телеканалдагы эфир убактысын да өзүнчө алып, добуш берүүчүлөргө жеткирүүнү максат кылат.

Кыргызстандагы оппозициялык саясатчылар жана жарандык коом башынан эле Баш мыйзамдын өзгөртүлүүсүнө каршылыгын билдирип келет. Алардын дагы бир дооматы - Конституцияга кандай өзгөрүүлөр киргизилери тууралуу коомчулукка кенен маалымат берилбегени.

Шайлоо жана референдум мыйзамдарына ылайык, үгүт иштерин жүргүзүү үчүн катталган топторго мамлекеттик телеканалдардан прайм-тайм мезгилинде дебат түрүндөгү таймаштар үчүн акысыз убакыт бөлүнүп берилет. Жарандык активисттер мына ушул телеубакыт аркылуу Кыргызстандын элине Баш мыйзам өзгөрсө кандай кесепеттери болоору тууралуу кеңири маалымат бере алабыз деп үмүттөнүшүүдө. Рита Карасартова мындай дейт:

- Эфирден тышкары биз Конституцияны өзгөртүүгө эмнеге каршы туруу керектигин түшүндүргөн кыска нускамаларды даярдап, аймактарга, борбор калаага, дегеле добуш берүүчүлөрдүн баарына жеткирүүгө аракет кылабыз.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Референдумду колдогондор

Ал эми Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилүүсү зарыл деп үгүт жүргүзүүчү топтун биринин арызын БШК канааттандырып, каттоого алды. Дагы беш топтун арызы каралууда. Алардын өкүлү Ишен Айтманбетовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул топтор өз ара Конституцияны өзгөртүүнү макул көргөн жарандардын башын бириктирип, алардын атынан үгүт жүргүзөт:

- Бүгүнкү күнү Баш мыйзамдын өзгөртүлүүсүн каалаган жарандарыбыз да арбын. Биздин максат мына ошол жарандарга өздөрүнүн пикирин билдирүүгө аянтча болуп берүү. Колдойбуз деген интеллигенция өкүлдөрүнө, жумушчу-дыйкандарга, ишсиз жүргөндөргө, ишкерлерге жана башка жарандарга өздөрүнүн аргументтери менен ойлорун айтуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берели деп жатабыз.

Референдум акыры өтмөй болду

Референдум акыры өтмөй болду

Жогорку Кеңеш "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдоду. Ага ылайык, жалпы элдик добуш берүү 11-декабрда болот.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, референдумду өткөрүү боюнча бардык каалоочулар үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Үгүт топторуна мамлекеттик кызматтарда, диний жана эл аралык уюмдарда иштеген жарандар мүчө боло алышпайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев “Азаттыкка” билдирди:

- Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы же макул деп добуш берүүгө үгүт жүргүзүүчү топко ондон кем эмес адам кире алат. Алар өздөрүнүн чогулуш протоколун жана үгүт иштерин жүргүзүүчү мүчөлөрүнүн тизмесин БШКга жибериши керек. Биз тизмени текшерип чыгып, ошого жараша үгүт жүргүзүүгө уруксат беребиз же баш тартабыз. Анткени, шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдарда, диний жана эл аралык уюмдарда иштегендер мындай үгүт жүргүзүүгө укуксуз.

Шайлоо мыйзамдары боюнча Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул жана каршы үгүт жүргүзүүчү топтор мамлекеттик телеканалдардан убакыт алуу үчүн чүчүкулак кармашат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG