Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Апта: ортомчулар, базанын мөөнөтү


Парламентте коррупцияга байланыштуу чатак чыкты. Оппозициялык партиялардын лидерлери эл кыдырууда. Президент Роза Отунбаева Европада иш сапары менен болду.

"Ата Мекендин" чабуулу

Аптанын чок ортосунда “Ата Мекен” менен “Республика” фракцияларынын ортосунда жаңжал чыкты. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “Республиканын” лидери, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду жана анын партиялашы, өлкөнүн экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаевди коррупцияга байланыштуу айыптап, аларды кызматтан кетүүгө чакырды.

“Ата Мекендин” пикиринде, экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин коррупциялык иштерине аралашкан.

Ал эми Өмүрбек Бабанов "Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборуна күйүүчү май ташыган “Манас” мамлекеттик ишканасына ортомчулук кылган “Май куйуучу жабык акционердик коомго” тиешеси бар деп айыпталды. Мына ушундай ортомчу компанияларга байланыштуу Кыргызстанда авиакеросин коншу өлкөлөргө караганда тоннасы 300 долларга кымбат болуп, көпчүлүк учактар башка жактан май куйууга учуп кетип жатканы айтылды.

Бабановдун жообу

“Ата Мекен” фракциясынын чабуулунун максаты коалицияны ыдыратуу деп билдирди Өмүрбек Бабанов:

- Мен ойлойм, Өмүрбек Чиркешович мени бул бизнесиң бар, тиги бизнесиң бар деп күнөөлөбөй, Бабанов бул жерден пара алды, биринчи вице-премьер-министр болгондо бул жерден бирөөнүн бизнесин тартып алды же сатып алды деп күнөөлөсө, анда негиздүү айып болмок. Анан мен 1998-жылдан бери бизнес чөйрөсүндө жүрсөм, ушул чөйрөдө өскөнүмдү көтөрүп чыгыш бул эч деле жаңылык эмес. Бул Өмүрбек Чиркешовичтин эмоциясы деп айткым келет. Мунун түбүндө эмне турат? Мунун түбүндө коалицияны бузуу максаты турат.

“Ата Мекен” фракциясы "Манастагы" ортомчу фирмаларды иликтөөгө киришти.

"Манастагы" Транзиттик борборго май ташуу өтө кирешелүү бизнес. Ал бизнес мурдагы президенттердин балдарына таандык болгону, алар ортомчу фирмалар аркылуу пайдага туйтунуп келишкени маалымдалган.

7-апрелдеги ыңкылаптан кийин ошол ортомчулук көрүнүш дагы эле сакталып калганы айкын болууда. Азыркы мезгилде Транзиттик борборго май ташууда эки ортомчу компания бар экени маалымдалууда. Анын бири - "Мегаойл" компаниясы, жетекчиси Мурат Саралинов. Бул компания өткөн жылдын эки айында эле ортомчулуктан 600 миң доллар пайда көргөнү айтылууда.

Экинчиси - “Май куйуучу жабык акционердик коому”. Бул компаниянын кожоюну жээни экенин Бабанов өзү да жашырбай калды.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбеков ал компаниянын иши иликтене башталганын билдирди:

- Бабанов Казакстан жараны деп убагында чыкканы коомчулукка маалым. Аны баары билет. Экинчиси, өзү өкмөттүн мүчөсү болуп туруп, анан премьер-министрдин биринчи орун басары болуп, биз бул жактан бюджетке каражаттын булагын таба албай жатсак, алар 15-20 млн. түшө турган фирмаларды ачып алып, өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон туура эмес да. Муну коомчулук туура эмес түшүнөт. Жүз миңдин тегерегинде сөз болуп жаткан жок. Бул жерде бир канча миллион доллардын тегерегиндеги акча жөнүндө сөз болуп жатат. Азыр комиссия түзүлдү. Анын баарын мына ошол депутаттык комиссия аныктап чыгат деген ойдомун.

Мына ушундай коррупциялык жаңжалдардын тегерегинде коалиция таркашы мүмкүндүгү тууралуу сөздөр кайрадан күч алды.

Оппозиция чабуулда

Парламенттик оппозиция бийликке келүү үчүн Жогорку Кеңеште күрөш жүргүзүп жатса, парламентке кирбей калган күчтөр да тынч жаткан жок. Алардын бир тобу Улуттук конгресске бириккен партиялар көмүскөдөгү өкмөттү түздү. Анда премьер-министрликке Аликбек Жекшенкулов, төрагалыкка Мухтар Өмүракунов шайланды.

Башка саясий партиялардын лидерлери региондорду кыдырууга чыкса, дагы бирөөсү өзгөчөлөнгөн саясий өнөктүктү жүргүзүүдө.

Мисалы, бул аптада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырса, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев Ош, Талас облустарында болуп кайтты. Ал жерлерде бийликке нааразылык бар экенин Сариев мындайча белгиледи:

- Эл арасында азыркы өкмөткө, өкмөттө иштеп жаткан кээ бир адамдарга абдан чоң нааразычылыктар бар. Мына мен жакында эле Ошту, Таласты кыдырып келдим. Ошол жерде эл менен жолугуштум. Ал жерде эл катуу айтып жатат. Ошонун ичинде Бабановго да сын айтылууда. Бардык эле кирешелүү мекемелерге өзүнүн партиялаштарын, жакын досторун коюп жатат дешүүдө.

Парламенттик оппозициядагы “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов “коррупциялык схемалар” боюнча документтердин экинчи топтомун жарыялады. Анда жер сатууда, энергетика тармагында, бажы, салык кызматтарында коррупция мурунку калыбында гүлдөп-өнүгүп жатканы фактылар менен көрсөтүлгөн жана конкреттүү ысымдар аталган.

Маселен, Бажы кызматынын жетекчиси Кеңешбек Кулматов эч кандай тендерсиз эле “Семтэк” аттуу компания менен келишим түзүп, Бажы кызматын модернизацияло жана автоматташтыруу программасын сатып алган. Бул үчүн 15 миллион доллар жумшалган.

“Ар-намыс” партиясы жарыялаган схемаларда жүк ташып келүүдө, кампаларда сактоодо бажы тармагында кандай коррупциялык көрүнүштөр бар экени ачык көрсөтүлгөн.

Ажылык уюштуруудагы жаңжал жабыла элек

Ошондой эле ажылык сапар уюштурууда президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаевдин уулу Кубан Каптагаевдин коррупциялык иштерге аралашканы көрсөтүлгөн. Маселен, Кыргызстанга 2010-жылы 5140 кишиге ажылыкка барууга квота берилген. Анын ичинен 3860 кыргыз жараны ажылыкка виза алган. Квотанын калган бөлүгү чет өлкөлүктөргө 2.5-3 миң долларга сатылган. Бишкек-Жидда-Бишкек каттамына авиабилет да атайын кымбаттатылган. Өздүк баасы 1.4 миң доллар болгон билеттер 2.3 миң доллардан сатылган.

"Мындай коррупциялык иштер боюнча мамлекет башчысы өзүнүн чечимин кабыл алыш керек",-дейт юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев:

- Коррупциялык схема биздин мамлекетте бар. Бул коррупциялык схема биздин саясий, укуктук системага ылайыкташып калган. Биз коомдун саясий түзүлүшүн, коомдун укуктук түзүлүшүн өзгөртмөйүнчө коррупциялык схема кала берет. Муну турмуш өзү далилдеп жатат. Мына мисалы үчүн 2010-жылдагы референдумадан кийин да эч нерсе эч кандай өзгөргөн жок. Мына ошонун натыйжасында бизде коррупция азаймак түгүл, кайрадан көбөйүп жатат. Андан кийин да бир маселе мамлекеттик бийлик, президент өзү ушул маселер боюнча, коомчулукка белгилүү маселелер боюнча чечим кабыл алыш керек. Ошол эле Каптагаев боюнча, ошол эле Кулматов боюнча жана башка маселелер боюнча чечим кабыл алыш керек.

Бирок бийлик башчылары тарабынан андай чечим кабыл алына элек.

Коррупциялык айыптоолор боюнча Эмилбек Каптагаев жана анын уулу Кубан Каптагаев сотко кайрыла турган болгон эле. Бирок ушул кезге чейин андай кайрылуу боло элек.

Европага, Орусияга сапарлар

Узап бараткан аптада тышкы саясатта көңүл бура турган бир катар окуялар болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Москвага сапарда болуп келди.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Орусиянын борборуна жөнөп кетти. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрдү. Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө мурдагы келишимдерди аткаруу талкууланган:

- Өкмөт башчынын айтуусуна караганда, мурдагы келишимдерди кандай аткаруу талкууланган. Баары аткарылып жатканы тастыкталып, алдыдагы маселелерди чечүүдө андан ары жылуу керектиги белгиленген.

Фарид Ниязовдун айтымында, орус тарап Кыргызстанга келе турган күйүүчү майларга кошумча бажы төлөмүн киргизбөөнү чечти. Белгилүү болгондой Москва кошумча бажы төлөмүн өткөн жылы киргизип, ал күйүүчү майга баанын кескин өсүшүнө алып келген. Алмазбек Атамбаевдин жыл башында Москвага сапары учурунда орус тарап бажы төлөмүн 1.5 айга алып турууну чечкен. 1 жарым ай өткөндөн кийин бажы төлөмү киргизилбей турганы айкын болууда.

Тышкы саясаттагы мына ушундай окуя жана сапарлардын негизгиси -президент Роза Отунбаеванын Европа Биримдигине бир нече күнгө созулган, буга чейин кыргыз президенттеринде болуп көрбөгөн сапары болду.

Роза Отунбаеваны Европа Биримдигинин дээрлик бардык жетекчилиги кабыл алып, жардам берүү улантыларын убада кылышкандай болду.
Бул сапар Биримдиктин Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө кызыгуусу бар экенин көрсөтүп жатат. Бирок ал кызыгуу Кыргызстан эгемендүүлүк алып, “демократия аралчасына” айланган кездеги көрүнүштү кайталагандай болуп турат.

Кыргызстан “демократия аралчасы” атала баштаган мезгилде Европа Биримдиги карыз, кеңеш, грант берип жатып кыргыз бийлигинде “кол карамай” өнөкөттүн пайда болушуна себепкерлерден болгон. Бул өнөкөт Кыргызстандын өнүгүшүнө алып келбегени азыр айкын болуп турат.

Эми ал көрүнүш “Кыргызстан региондо биринчи болуп парламенттик система түзүүдө” деген ураан менен кайталанчудай. Ошого жараша өкмөт да өндүрүш, экономиканы өстүрүү жөнүндө эмес, алсыраган ишкана, кыйналган ишкерлерден салык чогултууну, бюджеттин 21 млрд. сомдук тартыштыгын чет өлкөлүктөрдүн жардамы менен жабууну көбүрөөк ойлоп жатат. Бул өз кезегинде карыздын өсүүсү сыяктуу терс көрүнүштөрдүн күчөөсүн алып келерин тажрыйба тастыктап турат.

База 2014-жылы чыгарылабы?

Президент Отунбаева Европага сапары учурунда, Евроньюс сыналгысы үчүн курган маегинде кыргыз коомчулугуна белгилүү эмес бир жагдайды ачты. Ал Транзиттик борбордун 2014-жылы "Манастан" чыгышына байланыштуу маалымат болду:

- Бизде мурда эле, Бакиевдин учурунда эле келишимге кол коюлган. Ага ылайык база 2014-жылга чейин туруш керек. 2014-жыл альянстын күчтөрүн Ооганстандан чыгаруу мезгили катары белгиленген. Мен келишимдер аткарылыш керек деп эсептейм.

Роза Отунбаева Кыргызстан АКШ, Кытай жана Орусиянын кызыкчылыктары кезигишкен стратегиялык маанилүү жерде жайгашканын жана аны өлкө өз ыңгайына пайдаланыш керектигин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG