Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Оппозиция Жалал-Абадда митинг өткөрдү. Казакстан Кыргызстан үчүн күрөш баштаганы байкалды. Экономика үч айда эмнеге жетишти?

Кыргызстанда бийлик менен оппозиция кайрадан тирешип калды. Кайрадан талаптар, мөөнөттөр коюлуп, көчөдө күч көрсөтмөйлөр башталды. Бийлик да олуттуу мунасага баруу ниетин байката элек. Булардын баары Кыргызстан үчүн өнөкөт көрүнүш болуп калгандай.

Кыргызстанда саясий күчтөрдүн мына ушинтип эки жээк болуп тирешүүсүнөн сырткы күчтөр пайдаланып, улуттук кызыкчылык жабыркап калуу коркунучунда турат. Кыргыз саясатчылары утурумдук саясий кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкты жогору коюп, жок дегенде чет өлкөлөрдүн алдында биримдүүлүктү көрсөтүүсү зарыл болуп турат. Андай биримдик өзгөчө тагдыр чечүүчү гидроэнергетикалык долбоорлордо сакталыш керектиги айтылууда.

Саясий күрөшкө келе турган болсок, оппозиция 10-апрелде Жалал-Абаддагы митингде алты пункттан турган талап койду. Ал талаптардын катарында өкмөттү кызматтан кетирүү, Конституциялык кеңешме чакыруу, апрель, июнь окуялары үчүн күнөөлүүлөрдү, банк уячаларын тоногондорду жазалоо, кесипкөй өкмөттү түзүү бар. Ал талаптарды аткарууга 21-апрелге чейин мөөнөт коюлду. Андан кийин талаптар дагы катаалданып, президентти кызматтан кетирүү талаптары коюлуш мүмкүндүгү эскертилүүдө.

Азырынча президент бул саясий окуяларга үстүртөдөн көз салып, аны демократиялык өлкөгө мүнөздүү көрүнүш катары баалап келатат. Ал эми өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди. Оппозиция да даярдыгын айтып, бирок жолугушуу жана сүйлөшүүлөр түз эфирде көрсөтүлүш керек деген шартты койду.

Оппозициянын талаптарын аткаруу жеңил эмес. Ал үчүн Өмүрбек Бабановду оппозиция өкүлү менен алмаштыруу керек. Буга барууга Алмазбек Атамбаев даярбы деген суроо турат.

Эгерде кыргыз оппозициясы энергетикалык долбоолордо Кыргызстан менен Орусия мурунку жетишкен келишимдер аткарылыш керек деген позицияда боло турган болсо, анда мындай алмаштыруу ички биримдикти бекемдеп, Кремль менен сүйлөшүүдө президент Алмазбек Атамбаев үчүн да жеңилдик болот беле деген ой да жок эмес.

Бирок азыркы кездеги абалга караганда Алмазбек Атамбаевде эки фронтто тең чегинүү ниети байкалбайт. Президент Орусия менен таймашта улуттук кызыкчылык сакталып, энергеткалык долбоолор боюнча 2008-2009-жылкы келишимдер аткарылыш керек, ГЭСтерде тараптардын үлүшү 50% болуш керек деген позицияда турат. Оппозиция менен тиреште да Өмүрбек Бабановду сактоого көбүрөөк ыктап турат. Мындай шартта Орусия кыргыз бийлигинен биротоло жүзүн буруп, оппозицияга колдоо көрсөтүүгө өтсө, мунун натыйжасында оппозиция күч алса, Кыргызстан өтө олуттуу туруксуздукка багыт алат.

"Мындай шартта эки тарап сүйлөшүүгө отуруш керек" дейт оппозициялык саясатчы Улукбек Ормонов:

- Менимче акыркы жыйындардагы оппозициянын талаптарын карап чыгып, такыр эле укпагандай, көрбөгөндөй болбой, алар менен сүйлөшүүгө отуруш керек. Менимче ал жерде да улут деген, элим деген кыргыздын жигиттери турат.

Саясат таануучу Марат Казакпаев өлкөнү күтүп турган кырдаал тууралуу мындай оюн билдирди:

- Азыркы бийлик, Атамбаев биринчи кезекте Орусия менен мамилени курчтууга баратат. Бирок бул жол баары бир туура. Мына ушу гидродолбоолор боюнча биз позициябызды кармап турушубуз керек. Менин оюмча, Орусия да жөн калбайт. Басым-кысым болот.

Бирок позициябызды бербей, чыдашыбыз керек. Ошондуктан Орусия менен мамиле чыр-чатактуу болот. Ал эми кыргыз оппозициясы Орусия тараптан жардам сурайт, Москвага таянган саясат жүргүзөт. Көбүнчө Ташиев айтып жүрбөйбү, “АКШнын базасын чыгаргыла, Орусиянын базасын калтыргыла” деп. Ички кырдаал боюнча өкмөт дурус иштебей калды. Мына жүз күн өттү. Бул боюнча Бабанов иштей албай калды. Эми Атамбаев же оппозиция менен сүйлөшүүгө чыгат, же Бабановду алып салат. Иши кылып көп эле өзгөрүү болот
.

Москванын кысымы демекчи, бул аптада орус президентинин администрация башчысы Сергей Иванов Орусия үчүн “Дастандын” 48% акциясы аздык кылаарын билдирди. Жаңы курула турган ГЭСтерден да 75% үлүш Орусияга берилиш керектиги жакын арада мына ушундай жогорку деңгээлде айтылып калышы да күтүлөт.

Мына ошентип узап бараткан апта бийлик менен оппозициянын, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы тирешүүнүн уланышы менен коштолду. Бийлик улуттук кызыкчылык, эгемендүүлүк туусун көтөрүп, түндүк региондордо позициясынын бекемдигине таянса, оппозиция өлкөнүн бардык региондорунан катарын толуктоого бүт аракетин жасап, анын натыйжасы болуп жатканын Жалал-Абаддагы митинг көрсөттү. Эгерде Орусия оппозицияга колдоо көрсөтө баштаса, оппозициянын катары дагы да толукталышы күтүлөт.

Казакстан оюнга кирдиби?

Кыргызстан үчүн күрөшкө Казакстан активдүү аралаша баштагандай. Казак президенти Нурсултан Назарбаев президент Алмазбек Атамбаевди май айында сапар менен Астанага келип кетүүгө чакырды. Назарбаевдин эң жакын жана таасирлүү жөкөрү, миллиардер Болат Утемуратов жума ортосунда бейрасмий түрдө Кыргызстанга келип, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кетти.

Утемуратовдун сапары Кыргызстанда ар кандай жоромол, түкшүмөлдөрдү жаратты.

Казак ишкеринин бейрасмий түрдө келип-кеткенин жергиликтүү орус тилдүү гезит кенен-кесири жазып чыкты. Ал гезитке маалымат кайсы бир атайын кызматтардан түшкөнү байкалып турат. Жашыруун маалыматты тараткан ал атайын кызматтын максаты бир жагынан Өмүрбек Бабановго зыян келтирүү болсо, экинчи жагынан өлкөдө жаңжал чыгарып, мына ошонун негизинде кыргыз-казак мамилесинин бекемделүүсүнө жол бербөө болушу ыктымал.

Оппозиция бул окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчы кайсы бир өлкөнүн үлкөн чиновниги менен жашыруун сүйлөшүүсү туура эмес деп сынга алды:

- Мына кечээ эле Казакстан президентинин кеңешчиси Болат Утемуратов деген келип, аны "Манастан" өкмөт башчынын эки автоунаасы алып келип, өкмөт башчы менен жолугуштуруп, андан кийин кайра узатып жиберди деп маалымат каражаттары жазып чыкты. Эмне үчүн мындай болду? Кыргызстан, орус тилинде айткандай, “проходной двор” болуп калдыбы? Эмне үчүн Кыргызстанды кайсы бир мамлекеттик чоң чиновниктин жеке менчигине айлантышыбыз керек? Кыргызстан - өзүнчө мамлекет. Кыргызстанга кимдир бирөө кирип, чыга турган болсо, ал сөзсүз түрдө катталыш керек. Ал маалымат таркатылыш керек. Эгерде ал өкмөт башчы менен жолугуп жаткан болсо, анда сөзсүз түрдө коомчулукка жеткирилиш керек.

Өкмөт адегенде Утемуратов менен жолугушууну шардана кылбай, бирок соңунда ал жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын кызматташуусуна байланыштуу маселе талкууланганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, Казакстан миллиардери менен өкмөт башчы Бабанов алтын кендерден баштап, гидроэнергетикалык долбоолорго чейинки маселелерди сүйлөшүүсү мүмкүн. Анын үстүнө Орусиядан кысым көрүп жаткан Кыргызстан Казакстан менен калкаланууга абдан эле кызыкдар. Ошондуктан Астанага Камбар-Ата-1ди курууга катышуу сунушталып жатканы байкалат.

Андан сырткары Кыргызстан Азербайжан мунайын алып келип, кайра иштетүүгө кызыкдар. Ал мунай да Казакстан аркылуу келет. Ошондуктан мына ушул маселе да көңүл борборунда болушу мүмкүн.

Экономика эмнеге аксады?

Улуттук статистикалык комитет өлкө экономикасынын быйылкы жылдын үч айындагы көрсөткүчтөрүн жарыялады. Өкмөт да 100 күндүк программасынын аткарылышы боюнча парламентте отчет берүүгө камданууда. Маалыматка караганда, премьер-министр Өмүрбек Бабанов 26-апрелде парламентке маалымат берет.

Оппозиция бул күнгө кандайдыр бир акция өткөрүүгө камданууда. Ал эми өкмөттүн 100 күндүк программасын популисттик маанайдагы пиар-кампания деп сынга алган. Өз кезегинде өкмөт жүз күндүн ичинде эч кайсы өкмөт өлкөнү кризистен алып чыга албайт деп жооп берүүдө.

100 күндүк программанын алкагында өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди 20% кыскартуу, Финансы полициясын кайра түзүү, административдик-аймактык реформанын концепциясын иштеп чыгуу, мамлекеттик ипотекалык компания түзүү, ГЭСтерди курулушун баштоо боюнча келишимге жетишүү, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүксүз өткөрүү, облустарда үрөн чарбаларын түптөө сыяктуу иш-чараларды белгилеген. Аларды аткаруу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыктан, "программанын кайсы бир пункту аткарылды жана ал мындай натыйжа алып келди" деп айтыш татаал.

Ал эми реалдуу экономикада көрсөткүчтөр анча дурус эмес.

Маселен, быйылкы жылдын үч айында ички дүң продуктынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 7 пайызга төмөндөгөн. Төмөндөөгө өзгөчө Кумтөр кениндеги кыскаруулар таасир эткен. Улуттук статистикалык комитет Кумтөрсүз ички дүң продукты 4.5% өстү, өсүштүн негизин энергетика тармагы камсыздаганын белгилейт.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын үч айында энергетика тармагы 24% өсүштү камсыздаган. Бирок кайра иштетүү тармагы жыл башынан бери аксап келатат. Үч айдын жыйынтыгы боюнча бул тармак дээрлик 43 пайызга, тоо-кен тармагы 3.7 пайызга кыскарган.

Кумтөрдүн начар иштеши өлкөнүн тышкы соодасында тескери сальдосунун кескин өсүүсүнө алып келген. Маселен, үч айда экспорт 233 млн. долларды түзүп, 36.7 пайызга кыскарган. Ал эми импорт 706 млн. долларды түзүп, бир жарым эсе өскөн. Тескери сальдо 482 млн. долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карай төрт эсеге көптүк кылат.

Өкмөт жыл сайын, анын ичинде быйыл 7-8% өсүштү камсыздоону пландаган. Бирок анын аткарылышы күмөндүү экенин экономисттер белгилеп жатышат. Анын үстүнө Орусия менен аткара турган ири энергетикалык долбоорлордун тагдыры өтө татаалдашып калды.

Бишкек ишкерлер уюмунун аткаруучу жетекчиси Улук Кыдырбаев туристтик сезондун башталышы менен өсүш жанданышы мүмкүндүгүн белгилеп, бирок өкмөттүн 100 күндүк программасы ишкерлер менен кеңешилбей түзүлгөн деп сынга алды:

- Бааны бергенде эң жогору баам эки. Көп максаттар коюлган. Бирок коюлган максаттарга жетишкен жок. Түшүнөбүз, аябай оор шарттарда иштеп жатышат. Биринчиден, булар ишкер чөйрө менен кеңешпей чыгарылган программа болгон. Өздөрү эле жазып коюшкан. Соңунда көп коюлган пландарды ишке ашыра албай калышты.

Кыдырбаевдин айтымында, өкмөт менен парламенттин ортосунда да карама-каршылык да реформалардын жүрүшүнө терс таасирин тийгизип жатат.

Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев өкмөттүн аракетин алгылыктуу деп атап, анын натыйжасы сөзсүз болот дейт:

- Сөзсүз натыйжасын берет. Жыл соңунда көрөбүз. Азыр эле берип жатат. Мен экономист катары айтам - бизде чоң секирик болбойт. Аны биз жасай албайбыз. Бизге инвестиция келбей жатат. Орусия менен кандай соодалашуу болуп жатканы өзүңүзгө белгилүү. Ошон үчүн башка жактардан, Катар, Түркия, Кытайдан инвесторлор издеп жатышат. Өкмөттүн стратегиялык максаттары туура, саясаты колдоого татыктуу.

"Экономикалык өсүштүн болушуна коомдо туруктуулуктун болушу да өтө маанилүү" деп кошумчалады Мейманбек Абдылдаев.

Кыргызстан болсо мына ушул жагынан ар дайым аксап келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG