Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Ибраимов: “Дастандын” продукциясына талап жогору


“Дастан” ишканасы өткөн жылы 1 млрд. 139 млн. сомдук товар өндүргөн. Завод өндүрүүчү торпедага негизинен Индия, Орусия жана башка өлкөлөр заказ беришет.

Бишектин чок ортосунда жайгашып, баасы абдан кымбат турган ишкана азыркы тапта Кыргызстан менен Орусия ортосунда талаштуу маселе болуп турган чагы. “Дастан” ачык акционердик коомунун башкармалык төрагасы Албек Ибраимов "Азаттыкка" маек курду.

- “Дастан” ишканасынын иши кандай болуп жатат?

- Иш жакшы. Мурунку жылдарга салыштырмалуу биздин өндүрүшүбүз 285% өстү. Анын ичинен 26% Орусиянын, 70% Индиянын, калганы башка өлкөлөрдүн буйрутмасы менен иштеп атабыз.

“Дастан” ишканасы эл керектөөчү товардан башка атайын жабдыктарды жасайт. Бул жабдыктар биздин өндүрүштүн 98% ээлейт.

- Апрель окуясынан кийин “Дастан” ишканасы да улутташтырылган. Азыр ишкананын акциялары кимге тиешелүү?

- 98,4% акция мамлекеттики. Негизги акционер – Мамлекеттик мүлк министрлиги.

- Орусия “Дастандын” 75% акциясына кызыгып атпайбы. Ошол эле учурда ишканадагы жабдуулар эскирди, ошол үчүн заводдун баасы арзан болуп жатат деген кептер айтылып жүрөт.

- 2009-жылкы келишим боюнча Орусияга 48% акция бааланган, бул Кыргызстан тарабынан ратификациядан өткөн. Андан бери үч жыл ичинде эле заводдун жабдыктары эскирип кеткен жок, анткени бул станоктор 20-30 жылдык станоктор. Анын үстүнө эки-үч жылдын ичинде биз жаңы станокторду сатып алууга үлгүрдүк. Заводдун баасына станоктор, жер, имараттар таасир бербейт. Заводдун баасы өндүрүлгөн продукциясына, анын көлөмүнө жана пайдасына жараша бааланат.

- Индия менен Орусиядан башка кайсы мамлекеттер “Дастандын” продукциясына кызыгышат?

- Негизинен Орусия менен Индия. Бирок булардан тышкары да буйрутма берген мамлекеттер бар. Алар аймактары океан, деңиздер менен чектешкен мамлекеттер. Биз советтик стандарт менен иштеп жаткан соң, мурдагы соцлагердин мамлекеттерине сата алабыз. Анткени башка мамлекеттер НАТОнун стандарты деп койобуз, ошол стандарт менен иштешет.

- “Дастан” чыгарган жабдыктар сиз айтып жаткан Батышта жасалган жабдыктар менен тең тайлаша алабы? Сиздердин продукциянын дүйнөлүк базарда орду канчалык?

- Продукция баасы, сапаты менен өзгөчөлөнөт. Ошондуктан биз чыгарган товарды сатып алып жаткан мамлекеттер ага муктаж болгон үчүн алып жатат деп айтсам болот.

- Ишкана өндүргөн продукция канчалык деңгээлде өзүн актап атат? Дегеним, ишкана акцияларынын көзөмөл пакетин Орусияга кармата берүүнүн зарылчылыгы барбы?

- Зарылчылыкты биз аныктабайбыз. Биз – аткаруучубуз. Зарылчылык маселесин мамлекет башчылары чечет. Биздин милдет – ишкананын кирешесин арттыруу.

“Дастандын” продукциясы суу алдында мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштетилет. Биздин мамлекетке биздин жабдыктар зарыл болбогондуктан, биз сатып алуучу мамлекеттерге көз карандыбыз. Бирок ал мамлекеттердин буйрутмасы да алардын Коргоо министрлиги тарабынан бөлүнгөн акча менен эсептелет. Ошол себептен биз өзүбүзчө жашап кете алабыз дегидей, биз эл көп керектеген товар чыгарбайбыз да, бизге келип түшкөн буйрутма менен гана жашайбыз.

Кайсы мамлекеттерден буйрутма көп түшсө, биздин завод да жакшы иштейт. Анткени биз өзүбүз чыгарган продукцияны базарга сата албайбыз. Болгону ал мамлекеттер тендер жарыяласа, ага катышабыз да, ошол мамлекеттер бизден сатып алса, “Дастан” чыгарган продукциянын көлөмү көбөйөт. Эгер акциялардын көзөмөл пакетин Орусия алса, бизге буйрутмалар көбүрөөк болушу мүмкүн.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG