Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Башкаруучу коалицияга кирген үч фракция облустардын губернаторлорунан тарта мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине чейин кызмат орундарын бөлүштүрө баштаганын көрсөткөн тизме Facebook жана Twitter интернет сайттарына жарыяланды.


Жарыяланган тизмеге ылайык, майдасынан баштаганда “Телеком”, “Айылбанк”, “Кара-кече”, “Кыргызтемир” “Кыргызтамеки” мамлекеттик ишканалары, “Кыргызстан” авиакомпаниясы жана “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” гезиттери “Ата Журт” фракциясынын көзөмөлүнө өткөн.

Социал-демократтарга “Бишкек” эркин экономикалык аймагы, “Кыргызалтын”, “Кыргызгаз”, “Дастан” ишканасы “ЭлТР” телекомпаниясы жана “Слово Кыргызстана” гезити энчиленген.

"Манас" аба майданы да өз "ээсин" тапты
"Республика" партиясына “Кыргыз темир жолу”, “Кара балта” спирт заводу, “Манас” аба майданы жана “Учкун” басмаканасы берилген.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков башкаруучу коалицияга кирген үч фракциянын мындай аракеттерин айыптады:

- Азыркы башкаруучу коалициянын иши акылга сыйгыс нерсе, "Манас" аба майданына чейин, мамлекеттик гезиттерге чейин бөлүштүрөт деген эмне? Адатта парламенттик өлкөлөрдө башкы саясий кызмат орундары гана бөлүштүрүлөт. Муну менен бийликке мамлекетти өзүнүн жеке менчиги катары караган адамдар келгендигин түшүнсө болот. Эмнеге адамдар булардын эшигин сагалап отурушат? Анткени жанагы кызматтарга баралы дегендердин бардыгы өздөрүнүн документтерин даярдап, алардын тилин тапкандын айласын кылып жатышат.

Каз катар кезек күткөндөр

Мындан сырткары башкаруучу фракциялардын ортосунда көзөмөлдөөчү тилкелер катары министрликтерден сырткары мамлекеттик кызматтар, агенттиктер жана мамлекеттик үч фонд өз ара тең бөлүштүрүлгөн. Башкаруучу коалицияга кирген “Республика” фракциясынын мүчөсү Бакыт Төрөбаев жоопкерчилик тармактарын бөлүп алуу менен көзөмөл жүргүзүүнү өөн кабыл алуу туура эмес деп эсептейт:

- Мурда эл бийликтеги бир эле үй-бүлө кызматтарды бөлүштүрүп жатышат деп айтышат эле, туурабы? Эми ошондой болбосун, партиялык система менен парламенттик башкарууга баралы дедик. Шайлоодон утуп чыгып, коалиция түзгөн фракциялар мына ошол эреже боюнча өкмөттү түзүү, бийлик органдарын көзөмөлдөө жана ал үчүн жооп берүү укугу берилгенден кийин ошону аткарыш керек да. Бул ошол коалицияга кирген фракциялардын укугу. Мындан кандайдыр бир терс жагдайларды издөө туура эмес.

Ошол эле Жогорку Кеңештин ичинде парламенттик коалицияга кирген фракция лидерлеринин жана айрым депутаттардын кабылдамаларындагы адамдардын узун-узун кезек күткөндөрүнө күбө болдук. Галстук тагынып, папке көтөргөн ал адамдардын айрымдары бул жерге келишкендигинин түпкү максаттарын айтууну туура көрүшкөн жок:

- Мыйзамдын чегинде чечилет бардыгы. Мына ошол эле кадр маселеси да мыйзамдын негизинде өкмөт жана мындагы депутаттар аркылуу чечилет.

- Мен бул жерге депутат иниме... ой, досума келген элем. Кадр маселеси менен эмес. Жөн эле көрүшүп, депутат болушу менен куттуктап келдим эле.

Шайлоодогу карыздарды кайтаруу

Анткен менен “Республикачы” Бакыт Төрөбаев шайлоодо партияга колдоо көрсөткөн адамдар күн сайын кызмат сурап келип жатышкандыгын жашырган жок. Бакыт Төрөбаев кандай кызмат болбосун партиянын атын булгабагыдай деңгээлдеги кесипкөй адамдардын гана өтүнүчтөрү канааттандырыла тургандыгын кошумчалады:

- "Мен силерге тиги райондон шайлоодо иштеп бердим, мени кызматка алгыла" деп келгендер бар. Бирок аларды кайсы бир кызматка койууда алардын кесиптик деңгээли жана тазалыгы эске алынат. Анткени биз алардын ким экендигин билбей туруп салык инспекциясынабы же каржы полициясынабы койо турган болсок, эртең биздин партиянын бетине көө сүртө турган иш кылбайт деп ким айтат. Ошондуктан биз ошол жагын терең ойлонуп туруп анан кызматка сунуштайбыз.

Жогорку Кеңешке кирүүгө кезекте турган адамдардын аягы эртеден кечке чейин суюлган жок. Алардын айрымдары мамлекеттик башкаруу органдарында мурда жетекчи кызматтарда иштеп келишсе, айрымдары жаңыдан бийлик мансабына умтулган ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү. Мурдагы мамлекеттик кызматкер Гүлайым Машрапова жооптуу мамлекеттик кызматтарга умтулуп жаткандардын көпчүлүгүн ишкерлер түзүп жаткандыгын байкаган:

- Парламенттик башкарууга өттүк дегенибиз менен учурда жетекчилик кызматтарга буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп, тажрыйба топтобостон туруп эле, башкаргысы келген ишкерлер келип жатышат. Алар ишкердик менен мамлекеттик кызматтын айырмасы өтө чоң экендигин түшүнүшпөй, мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктарга аралаштырып алгандарын көрүп жатабыз. Алардын бир эле максаты кызматка келип, жеке бизнесин коргоп, өнүктүрсөм дешет экен. Анан ошолордон кандай жыйынтык күтсө болот?

Жогорку Кеңештин ичиндеги азыркы абал кызматка орноштуруу боюнча агенттиктердин имаратындагыдай элес калтырат. Анткени фракциялар ортосундагы бөлүштүрүлгөн мамлекеттик кызматтарды ээлеп калууга аракеттенгендердин койгон талаптары алардын шайлоодо партияга жасаган эмгеги менен бааланып жаткандай. Муну башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын айрым жетекчилери да четке какпайт.

КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков кызмат бөлүштүрүүгө катышпагандыгын айтып, бирок ал мунасага келүүгө мажбурлаган аргасыз чара болушу мүмкүн экендигин жашырган жок.

- Ар бир партиянын шайлоодо элдер менен иштей турган,анын кызыкчылыгы үчүн чуркаган адамдары болду. Мына ошолордун айрымдары тиешелүү кызматтарды берсеңер деген ниеттерин билдиришет экен. Мына ошондой шарттардын негизинде тигил тизмедеги мамлекеттик кызматтарды бөлүштүрүүгө аргасыз болгон окшойбуз деген ойдо калдым.

Облус, шаарлар да бөлүнөбү?

Жарыяланган тизмеге ылайык, башкаруучу коалицияга кирген фракциялар ортосунда облустардын жана шаарлардын жетекчилик орундары да бөлүштүрүлгөн. Муну тиешелүү фракциялардын өкүлдөрү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары мүнөздөшүүдө. Бирок Равшан Жээнбеков бийлик вертикалын түзгөн кызмат орундарын партиялык кызыкчылык менен бөлүштүрүү талаш-тартышка алып келет деп эсептейт:

- Мисалы, Талас облусун “Республика” партиясы алыптыр. Эмне ал облус “Республика” партиясынын жеке менчиги беле? Азыр губернатор, акимдерди алмаштырабыз деп жатышат имиш. Ушинтип жүрө бере турган болсо, алар дайындаган акимдер да тиешелүү тармактардын райондук жетекчиликтерине ошол партиядан коюшат. Анан элдин арасынан нааразычылык чыгат. Бул өтө туура эмес, алдын-ала ойлонулбаган саясат.

Ошол эле учурда Талас, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тургундары учурда азыркы иштеп жатышкан губернаторлорду ордунда калтыруу талабын коюшууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG