Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Өтүп бараткан аптада орус президенти Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлор боюнча активдүү аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Алты айдын жыйынтыгы боюнча экономика 5.4% төмөндөдү.

Муз козголду

Орус президенти Владимир Путин Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду турмушка ашыруу өтө маанилүү экенин 10-июлда Москвадагы жыйында билдирди. Сөз Камбар-Ата-1 ГЭСин, жогорку Нарындагы ГЭСтерди жана Кара-Кечеде жылуулук борборун куруу жөнүндө болгон.

Владимир Путиндин айтымында, бул долбоорлор өзгөчө артыкчылык берилген тармак жана аны турмушка ашырууда орус энергетиктери өз сөзүн айтууга тийиш. Ошол эле учурда долбоорду турмушка ашырууда Орусиянын да, Кыргызстандын да кызыкчылыктары эске алыныш керек.

Кыргыз тарап орус президентинин бул сөзүнө өзгөчө маани берип жатат жана көптөн бери ордунан козголбой келаткан долбоорлор кыймылга келет деген ишеничте турат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, энергетикалык долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча кыргыз-орус тараптын сүйлөшүүлөрү өтө активдешти. Ал эми долбоорлордо кимдин үлүшү канча болору азырынча анык боло элек:

- Орусиядан келген инвесторлор долбоорго канча үлүштөр менен кирет - суммалардын баары такталып жатат. Бир аз убакыттан кийин айтабыз, анткени учурда көп нерсени так айта албайбыз. Азыркы кезде эки тарап абдан катуу иштеп жатат.

Сапар Исаковдун айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстандан эки делегация Москвага барып келсе, ал жактан да жумушчу топтор, делегациялар келип жатат.

Маалым болгондой, Кыргызстан менен Орусия жаңы курула турган ГЭСтердеги үлүштөр жана алына турган пайда боюнча орток пикир таппай келаткан. Кыргыз тарап мурунку келишимдеги үлүштөр өлчөмү сакталууга тийиш деген позицияны карманууда. 2009-жылы жетишилген келишимге ылайык, тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСине 50 пайыздан ээлик кылат.

Бирок орус тарап жаңы сүйлөшүүлөр башталганда үлүшүн көбөйтүп, 75 пайызга жеткирүү талабын койгон. Мындай маалымат орус гезиттеринде байма-бай жазылып келген.

Ал эми Кыргызстандын энергетика министри Аскарбек Шадиевдин билдирүүсүнө караганда, орус тарап долбоорлор өзүн актаганга чейин 75% кирешени сураган. Мына ушул маселелер кандай чечилери же чечилгени азырынча белгисиз болуп турат.

Кыргызстан менен Орусия “Дастандын” акциялары боюнча да орток пикир таппай келатат. Сапар Исаковдун айтымында, бул маселе да өз ирети менен баратат.

Геосаясий оюндар

Владимир Путиндин энергетикалык долбоорлор боюнча билдирүүсү Орусиянын Борбор Азия багытындагы саясатынын өзгөрүүсүнөн кабар берет. Ал өзгөрүш Ташкендин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгып, Орусияга далысын салуусунан болушу да мүмкүн. Анткени буга чейин орус тарап Камбар-Ата сыяктуу ири долбоолорду курууда Кыргызстан кошуна мамлекеттердин макулдугун алыш керек деген позицияны да айтып келген.

Экинчи жагынан энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу менен Москва Кытайдын Кыргызстанда активдешүүсүнө жообун берип, бул регионду оңой менен алдырбасын билдирет.

Бирок да Москва Кыргызстандагы энергетикалык долбоолор аркылуу өлкөнүн суу ресурстарын көзөмөлгө алып, мына ошону өзүнүн геосаясий максаттарын канааттандыруу үчүн пайдаланат деген ойлор да жок эмес. Саясат таануучу Чолпон Сыдыкбаев:

- Мына ошол ГЭС курулуштары аркылуу Өзбекстанга белги берилип, анын кандайдыр бир чечимге келишине таасир этүү куралы катары колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан Кремль соңку мезгилде андагы өзүнүн үлүшүн көбөйтүүгө куштар. Өзбекстан албетте Орусияга каш кайтара албайт. Бирок күчүн кошунасынан чыгарып, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына доо кетире турган аракеттерге бара башташы мүмкүн. Мына ошондуктан бул долбоорлорду ишке ашырууда өтө кылдаттык талап кылынат. Бардык иш Орусиянын колтугуна кирип алып жасалып жаткандай эмес, улуттук кызыкчылыкты кармануу менен жүрүүгө тийиш. Биз андай геосаясий оюндарга аралашпашыбыз зарыл.

Кыргызстан үчүн болсо энергетикалык долбоорлорду турмушка ашыра баштоо оор экономикалык абалдан чыгуунун башаты, инвесторлордун келишине жакшы белги катары болуп калат.

Төмөндөө токтой элек

Экономика демекчи, өлкөнүн экономикасы быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча өсүп кеткен жок. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, алты айда ички дүң продукция 5.4% төмөндөдү. Бул төмөндөө Кумтөрдүн ишинин начарлоосу менен байланышууда. Мына ошонун айынан өнөр жайы 31.6%, кайра иштетүү тармагы 42.6% төмөндөгөн.

Бирок айрым тармактар өсүш берген. Мисалы, курулуш продукцияларын чыгаруу 20%, энергетика 13% өскөн. Жалпысынан Кумтөрдү кошпогондо экономика 3.9% өскөн. Бирок бул өсүш жетишерлик натыйжа бербейт дейт адистер.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Равшан Жээнбеков экономикалык абалга мындай көз карашын билдирди:

- Экономикалык өсүш минус 5% болуп жатат. Ички дүң продукциянын төмөндөшү да 7% барып жатат. Соода балансыбыз да мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ начар. Өткөн 2010, 2011-жылдарга караганда абалыбыз начар болуп жатат. Бул абдан таң калычтуу. Эч бир өкмөт 3-4% өсүш менен мактана албайт. Өкмөт 7-8% өсүшкө жетишсе мактана алат. Биздин аракет, биздин билим, биздин тажрыйбабыз деп айта алат.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономиканын көрсөткүчтөрү мурунку жылдарга карай начар экенин белгилеп, анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Себеби азыркы мезгилде Европада карыз кризиси күч алып турат. Экинчиден, бизде Кумтөрдүн тегерегиндеги окуялар, анан мурдагы жылкы окуялардан кийин инвесторлордун келиши токтоп калды. Алар бизге инвестициясы менен келүүдөн кооптонуп турушат.

Экономика илимдеринин доктору Аманкул Зулпукаров Кыргызстандын статистикасына ишеним аз деген пикирде. Ошондой эле өкмөт макрокэономикалык көрсөткүчтөргө көп көңүл буруп, ал эми микроэкономикага, ар бир ишкана, завод менен иштөөгө көңүл бурбай койду.

Өкмөт реформаларды камчылады...

Өкмөт демекчи, өтүп бараткан аптада өкмөт реформаларды жылдыруу багытында бир катар кадамдарды таштады. Биринчиден, коррупцияга каршы күрөшүүчү мыйзам долбоорлорун жактырып, аны парламентке жолдоду. Ал долбоорлорго ылайык мамлекеттик кызматкерлердин телефондорун тыңшоого, электрондук почталарын окууга жол берилет. Мамлекеттик кызматкер эле эмес, ар бир жаран 20 миңден ашуун долларга сатып алган мүлкүнө кайдан жана кантип каражат тапканын түшүндүрүп берүүгө тийиш.

Телефондорду тыңшоо жеке жашоонун купуялуулугун кепилдеген Конституциянын талаптарына каршы келери айтылды.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов:

- Тыңшоолор боюнча айта кетсем, Баш мыйзамда ар бир адамдын жеке жашоосунун купуялуулугу сакталыш керек, аны коргоо укугу бар деп дапдаана жазылып турат. Анан биз жапырт эле тыңшасак туура эмес болуп калат. Ар бир адамдын үй-бүлөсүнүн, өзүнүн купуя сырлары бар. Аны бузуп салышыбыз мүмкүн. Анан бул эл аралык коомчулуктун сынына да кабылышы мүмкүн.

Бирок мамлекеттик кызматкер тыңшоого өз эрки менен макулдугун бериш керек деген жүйө келтирилди. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов:

- Бизде министрби, же райондун акими болобу, трибунада, гезиттерге “акпыз, ачыкпыз” деп айтышат. Анда эмнеден коркобуз? Жетекчи болуп келген соң баарыбызды уксун. Эч ким анын жашоосунун купуялуулугун бузбайт. Эгер шектелсе, "Конституциялык укугум жана башка" дебестен өзүбүздү мисал кылып, бул кадамга барышыбыз керек.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов ошондой эле жол бойлорунда МАИ кызматкерлери турушу быйылкы жылдын соңуна барып токтотулуп, жолдор видеокамералар менен көзөмөлдөнүш керектигин белгиледи.

Өкмөт көптөн бери токтоп турган административдик-аймактык реформаларды жылдыруу маселесин да көтөрдү. Анда региондордо өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоонун жол-жобосу сунушталды. Белгилүү болгондой, парламент жактырган мыйзамга ылайык облустарда губернатор кызматы жоюлуп, анын ордуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматы түзүлөт.

Административдик-аймактык реформанын биринчи этабы быйыл соңуна чыгыш керек. Бул мөөнөттө райондук кеңештер жоюлуп, элдик курултайлар өркүндөтүлүш керек. Ошондой эле шаар тибиндеги поселоктор кайрадан түзүлүүгө же башка айыл өкмөттөрүнө кошулууга тийиш. Реформанын экинчи этабы 2014-жылга чейин созулуп, анда айыл аймактары ириленет. Үчүнчү этапта райондор ириленет.

Өкмөт реформаторлук аракетин аны кызматтан кетирүү боюнча 45 депутаттын колу чогултулуп, кезексиз сессия чакыруу маселеси пайда болгондон кийин күчөттү.

Өкмөткө камчы салган айрым күчтөр жайкы эс алууга кетсе, айрымдары катарларын бекемдөө менен алек болду. Маселен, 14-июлда "Ата Журт" партиясынын курултайы чакырылды. Анда партиянын жетекчилигине Камчыбек Ташиев шайланды. Буга чейин партияны Садыр Жапаров жетектеп келген эле.

“Ата Журттун” курултайында өткөн жылдагы президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнү белгиленип, ал эми өкмөттүн ишине терс баа берилди. Терс баа өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү төмөн болуп жатышына негизделди.

Камчыбек Ташиев алдыдагы негизги милдет катары партияны тазалоо жана бекемдөө болоорун белгиледи. “Ата Журттун” курултайын “чоң ажырашуу” катары да баалоого болот. Анткени курултайга “Ата Журттан” шайланган көпчүлүк депутаттар келген жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG