Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:49

Кыргызстанда энергетикалык каатчылык өкүм сүрүүдө. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда төрагалык Кыргызстанга өттү.

Өтүп бараткан жумада Кыргызстан энергетикалык каатчылыкты башынан кечирди. Өлкө түндүгүнө, анын ичинде борбор Бишкекке газ берүү кескин азайды. Газ токтогонго байланыштуу электр энергиясын керектөө кескин көбөйүп, бул жалпы энергетикалык системага оорчулук алып келди. Натыйжада электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай баштады. Үзүл-кесил берилип жаткан токтун кубаты араң жан болуп калды.

Өкмөт мүчөлөрү, “Кыргызгаздын” жетекчилиги түзүлгөн кырдаалга дурустап жооп бере албай, кошуна өлкөлөрдөн келип жаткан газдын басымы ылдыйлап кеткенин гана айтып турушту.

Түзүлгөн кырдаалды талкуулаган Жогорку Кеңештин депутаттарына да ушундай эле жооп берилди. Чындыгында газ берүүнүн токтотулушунун себеби жөнөкөй эле: өз убагында төлөбөгөнгө барып такалганын “КазТрансГаз” кабарлап чыкты.

Казакстан компаниясынын маалымдоосуна караганда, “Кыргызгаз” "КазТрансГазга” 30 млн. доллар карыз. Анын ичинде 3.5 млн. доллар акыркы мезгилде пайда болгон жаңы карыз. Өз убагында төлөөлөр болбогондуктан газ берүү 13-декабрдан тарта азайтылган. Демек өкмөт жана “Кыргызгаздын” жетекчилиги алган газ үчүн акыны өз убагында төлөбөгөн үчүн газ берүү токтотулган. Анын айынан өлкөдө оор энергетикалык кризис пайда болду.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев казак премьер-министри Серик Ахметов менен 18-декабрда сүйлөшкөндөн кийин гана “КазТрансГаз” газ берүүнү кайрадан баштаган.

Кыргызстан калкын газ менен камсыздоо колунан келбей калганын “Кыргызгаздын” жетекчилиги моюнга алып, “Кыргызгазды” “Газпромго” сатсак абал оңолот дегенге өтүштү. Маселен, “Кыргызгаздын” жетекчисинин биринчи орун басары Куралбек Наскеев:

- Элге туруктуу газ болушу үчүн “Кыргызгазды” 1 долларга деле сатканга даярбыз. Азыр компаниянын баалоо жүрүп жатат. Мурдагы карыздары менен кошо активдерди берүүгө даярбыз.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да “Кыргызгазды” 1 долларга сатууга даярдыгын парламентте билдирген.

Москвада “Кыргызгазды” сатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген Тургунбек Кулмурзаев маалымдоосуна караганда, “Газпром” “Кыргызгаздын” 75% акциясын эле эмес, 100% акциясын сатып алууга даяр. Бирок “Кыргызгазды” сатуу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна келечекте кандай таасир этерин эч ким ачык даана айта элек. Болгону “Газпром” келсе, дүйнөлүк атагы бар компания абалды оңдойт деген үмүттөр айтылууда.

“Кыргызгаз” боюнча тараптар келишимге жетишсе, ал келишим парламентте ратификациядан өтүүгө тийиш. Аны Жогорку Кеңештеги отун-энергетика комплекси жана жер байлыктары боюнча комитеттин мүчөсү Азамат Арапбаев тастыктады:

- Биринчи сөзсүз комитетке келет. Андан кийин ратификация парламентте өтөт.

Азамат Арапбаевдин пикиринде, Кыргызстан өзү “Кыргызгазды” натыйжалуу иштете албагандыктан аны сатууга аргасыз болууда. Энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев да “Кыргызгазда” 20 жылдан бери өкүм сүрүп келаткан коррупцияны өкмөт тыя албагандыктан, компанияны сатууга барып жатат дейт.

Кандай болгон күндө да быйылкы кыштын жоопкерчилигин “Кыргызгаздын” жетекчилиги “Газпромго” жүктөп койо албайт. Анткени сатып алуу жараяны үч айга созулат. Ал эми жаңы жылга газ сатып алуу боюнча “Кыргызгаз” өнөктөштөр менен келишим түзүлө элек. Ошондуктан январь айынын башынан тарта газ берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн Кулмурзаев белгилеп жатат.

Газ берүү менен кошо электр энергиясын берүү да үзгүлтүккө учурайт. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жалпы энергетикалык системага оорчулук келип жатканга байланыштуу жапырт өчүрүүлөр болоорун 19-декабрда парламентте эскертти:

- Энергетикалык алкак кечээки саат 10дон баштап ашыкча чыңалуу менен иштеп жатат. Биз чектөө киргизүүгө аргасызбыз. Муну сиздер (депутаттар) туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Эгерде чектөө киргизбесек энергетика системабыз оор абалга кириптер болушу мүмкүн.

Мына ошентип, Кыргызстан энергетикалык системасы кыштын биринчи айында эле чоң сыноого түштү. Бул сыноо өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу, абалы өтө оор абалда экенин дагы бир ирет тастыктады.

ЖККУда төрагалык Кыргызстанга өттү

Кыргызстан энергетикалык кризиске батып турган маалда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити өттү. Ага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышты. Саммитте ЖККУга төрагалык Кыргызстанга өттү.

Коопсуздук кеңештин мурдагы төрагасы Мирослав Ниязов төрагалыкты формалдуу көрүнүш катары баалап, негизги маселе Орусия менен кызматташууда дейт:

- Негизи убактысы келгенде төрагалыкка келет. Бирок ал эч нерсени деле чече албайт. Бирок ЖККУ менен жакшы кызматташууга барыш керек. Анткени ЖККУнун башында канткенде да Орусия турат. Биз менен келечекте Орусия менен бирге болуп, кызматташабыз десек, Орусиянын мүмкүнчүлүктөрү бар. Курал жагынан жардам беребиз деп атпайбы. Ошону биз туура пайдаланышыбыз керек.

ЖККУнун саммитинде төрагалык Кыргызстанга өткөндөн сырткары Өзбекстандын уюмдагы мүчөлүгүн токтотуу чечими кабыл алынды. Саммит алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ташкенге чапкылап келип, Ислам Каримовду ЖККУда калууга акыркы ирет үндөп көрдү. Бирок жооп тескери болду окшойт. Бул Ташкендин уюмдагы мүчөлүгүн токтотулушунан көрүнүп турат.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Москва саммитине катышуудан сырткары орус президенти Владимир Путин менен көзмө-көз жолугушуп, Кыргызстанга бериле турган курал боюнча сүйлөшөрү күтүлгөн. Бирок андай жолугушуу болбой калган. Маалыматка караганда, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жаз айларында Кыргызстанга келет. Кыязы Кыргызстан күткөн сүйлөшүүлөр мына ошондо болот.

Алмазбек Атамбаев Москвада “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушуп, Кыргызстанды газ менен туруктуу камсыздоо маселесин сүйлөшкөнүн президенттин маалымат кызматы кабарлады. Кыязы Москвада “Кыргызгазды” “Газпромго” биротоло сатуу жөнүндө макулдашылды. Ал “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаевдин “Газпром” “Кыргызгаздын” 100% акциясын сатып алууга даярдыгын билдирүүсү менен тастыкталат.

Москвада ЖККУнун эле эмес, Евразия экономикалык шериктештигинин да саммити болду. Анда бул уюм өзүнүн жашоосун аяктоо алдында экени, анын ордуна Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак келгени айтылды. Кыргызстан 2014-жылдан тарта Бажы биримдигине кирүүгө камданууда.

Ошентип Кыргызстандын тышкы саясатында таштын оордугу Москвага тартып баратат. Москванын салмак алып баратканы АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрүн кайсы бир деңгээлде тынчсыздандырууда. Мына ошондуктан АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Орусияга "СССРди кайра түзүүгө жол бербейбиз" дегендей сөздү айтып чыкты.

Ири держава катары Кошмо Штаттар шашкалаңдыкка же жеңилдикке алдырбай өзүнүн саясатын туруктуу жүргүзөөрү түшүнүктүү. Анын ичинде Кыргызстанга карата да. Роза Отунбаеванын бул өлкөгө узап бараткан жумада болгон сапары мына ошол саясаттын бир үзүндүсү.

Сатыбалдиевдин жүз күнү

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү узап бараткан жумада жүз күндүгүн белгиледи. Ал 5-сентябрда 111 добуш менен Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка шайланган болчу. Өкмөт башчылыкка киришүү алдында Сатыбалдиев негизги милдети катары кышка даярдыкты күчөтүүнү жана бюджеттин тартыштыгын жеңилдетүүнү атаган.

Бирок өкмөт жүз күндүгүн газдын жетишсиздигине байланыштуу курч энергетикалык кризис менен тосуп алды.

Ошол эле 5-сентябрда парламенттеги сөзүндө Жантөрө Сатыбалдиев экономикадагы кризисти токтотуп, өсүшкө багыт алууну да негизги максат катары атаган. Бирок 11 айдын жыйынтыгы боюнча экономикада төмөндөө -2.4% түздү. Жыл соңунда чамдап, 2012-жылды 1.7% өсүш менен аяктоо ишке ашпай калганын 17-декабрдагы маалымат жыйынында Жантөрө Сатыбалдиев моюнуна алды.

Өкмөт башчылыкка киришүү алдында Жантөрө Сатыбалдиев жылдын соңуна карай толук кандуу программа жана өкмөттүн жаңы структурасын убада кылган. Азырынча бул иштер аткарыла элек. Өкмөт болгону чакан антикризистик программаны кабыл алды. Анын негизги максаты тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов буларды кабарлады:

- Антикризистик программада өкмөт калкты жана экономиканын тармактарын кыштан аман-эсен чыгаруу каралган. Ошол эле мезгилде азык-түлүк коопсуздугун кескин начарлатпоо максаты коюлган.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да оор абалда. Маселен, өлкө керектөөсүн канааттандыра турган дандын 47% гана жыйналган. Бул деген, 278 миң тонна дан жетишпейт дегенди билдирет. Азыркы кезде өкмөт ошондуктан Казакстан жана Орусиядан келе турган данды зарыга күтүп жатат.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн ишине мындай баасын берди:

- Эми 100 күндө укмуштай жетишкенге жетишти деп айтуу кыйын. Бирок 100 күндүн ичинде Сатыбалдиевдин өкмөтү чапкылап жүрүп, кышкыга даярдыкты оңоду десек болот. Эми азыр газ өчүп жаткан менен көмүр, мазут көбүрөөк камдадык деп жылуулук борборлор маалымат берип жатат.

Жумакадыр Акенеев ошондой эле келерки жылга бюджеттин кабыл алынышын да өкмөттүн жетишкендиги катары баалады.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев Сатыбалдиев тоо-кен тармагына көңүл бура баштады дейт:

- Биз тоо-кенчилер үчүн өзгөрүү абдан жакшы. Мурунку эки жылда эки министр бирден ишканага барып чыкты. Бул киши үч айдын ичинде баарын кыдырып, түшүнүп келди. Демек бул жагынан өзгөрүү жакшы. Бул киши өндүрүшчү. Тоо-кен өнөр жайысыз кризистен чыга албасыбызды билет.

Өкмөттүн 100 күндүгү оор энергетикалык кризис менен коштолушу анын аброюна урулган сокку болуп калды. Ал эмес кризиске байланыштуу өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган үндөр парламент тараптан чыга баштады. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өзү кызматтан кетүүгө даярдыгын, бирок үч сайын өкмөттү алмаштыра берүүнүн кесепети жакшы болбосун белгиледи.

Оппозиция катарында болсо кызыктуу жараяндар жүрүп жатканын эркин депутат Равшан Жээнбеков, оппозициялык саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Өмүрбек Суваналиев кабарлап жатат. “Ата Журттун” лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков да оппозицияда активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады. Бул саясатчылардын айтымында, жаз айларында адаттагыдай эле саясий күрөш күчөйт.

Бийлик да жазгы саясий күрөшкө даярдыгын көрүүдө. Биринчиден, 3-октябрдагы митинг боюнча кылмыш ишин козгогон Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиевдин кызматынан акырын алып койду. Ошого жараша Ташиев, Жапаров жана Мамытов боюнча тергөө ишин тездетип, 24-декабрда иш сотко ашырыларын кабарлады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG