Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Апта: Кумтөр чечими, депутаттар соту


Камактагы депутаттардын тарапкерлеринин акциясынан бир көрүнүш. Бишкек, 25-январь, 2013.
Камактагы депутаттардын тарапкерлеринин акциясынан бир көрүнүш. Бишкек, 25-январь, 2013.

Өкмөт Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди бузууну жактады. Кайсы күчтөр үчүнчү ыңкылапты көтөрө баштады?

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча 2009-жылы “Центерра голд инк” менен түзүлгөн келишимден чыгууну чечти. Мындай чечим 24-январда болгон өкмөттүн жыйынында Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Өкмөттүн чечимин үч фракциядан турган башкаруучу коалиция да 25-январда карап, аны толугу менен колдоду.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, кыргыз өкмөтү келишимди бузуу боюнча “Центерра голд” менен сүйлөшүүгө барууга аракет жасайт. Эгерде андан натыйжа чыкпаса, бир жактуу түрдө келишим бузулат.

Кыргызстан келишимден чыкса, “Центерра голд” эл аралык сотко кайрылышы күтүлөт. Ал сотто Кыргызстан утулуп калышы да мүмкүн дейт Шыкмаматов:

- Албетте биз эл аралык соттордон утулуп калышыбыз толук ыктымал. Биз ошол тобокелчиликтерден корксок, анда ушул келишимдер 2042-жылга чейин иштей берсин дешибиз керек. Анда 953 тонна алтындын 260 тоннасы казылса, дагы 700 тоннасы эмне болот? Биз ага бара албайбыз. Аны баарыңыздар түшүнүп турасыздар. Экинчи маселе - эл тарабынан шайланган парламент жоопкерчиликти алып, келишимди денонсациялап салыш керек.

Башкаруучу коалициянын жыйынында эл аралык сотторго чейин Кыргызстан атынан "Камеко" жана “Центерра голд” менен келишимдерди түзгөн кыргыз чиновниктерин жоопко тартып, келишимдин коррупциялык жана көз бойомочулук мүнөздө экенин далилдөө керектиги айтылды.

Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев Кыргызстан үчүн эң зыяндуу келишим 2003-жылкы келишим экенин белгилеп, аны түзүүгө катышкан чиновниктердин ысмын атап өттү:

- Өкмөттөн Эмирлан Төрөмырзаев, Алымбаев, Макаров, Кириченко дегендер кирген. Жогорку Кеңештен Акылбек Жапаров менен Жеңиш Эшенкулов кирген. Премьер-министрдин кеңешчиси Богдецкий, аппарат башчысынан Мелис Сатыбеков, аппараттан Белковский, Жолдошев, “Кыргызалтындан” Камчыбек Кудайбергенов кирген. Мына ушул делегация бир айдын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "2003-жылкы келишим туура, буга кол коюш керек" деп жыйынтык чыгарып беришкен.

Белгилүү болгондой, 2003-жылкы келишим боюнча Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" 67% үлүшү кыскартылып, 33% болуп калган. 33% акциянын 17% дароо эле 82 млн. долларга сатылып кеткен.

2007-жылы "Кумтөр" боюнча кайрадан сүйлөшүү башталып, аны ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн.

"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" боюнча 1993-жылы, 2003-жылы жана 2009-жылы келишимдерди түзүүгө катышы барлардын баарын жазалоону сунуштады. 2009-жылдагы келишимге караганда Кыргызстандын үлүшү аз болгон келишим 2007-жылы даярдалган.

Кумтөр боюнча өкмөт кабыл алып жаткан чечим “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын корутундусунан аз эле айырмаланат. Эгерде Жапаров кенди улутташтыруу талабын койсо, Сариев жетектеген комиссия келишимден чыгып, жаңы келишим түзүүнү сунуштап жатат.

Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов өкмөттүн чечими Кумтөргө тезинен атайын башкаруучу дайындоо менен коштолуш керек деп эскертти. Куловдун айтымында, ансыз кенде иш токтоп калат же башка нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Кумтөрдү дароо көзөмөлгө алуу үчүн атайын башкаруучу киргизүү зарыл. Куловдун бул сунушун Темир Сариев колдоп, өкмөт жана парламент тийиштүү чечимдерди кабыл алыш керек деди.

Башкаруучу коалиция толугу менен Темир Сариев жетектеген комиссиянын корутундусун жана сунушун колдоду. Эми маселе парламенттин жыйынында каралыш керек. Ал эми “Центерра голд инктин” өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен дурустап сүйлөшүүгө келбей жатат. Мекеменин сайтында да кыргыз өкмөтү кабыл алып жаткан чечимдерге жооп бериле элек.

Жолду жаптырган жаңжал

Сох жаңжалы кыргыз-өзбек мамилесинде бири-бирине каршы чараларды көрүү жарышына же жол согушуна алып келди. Адегенде кыргыз тарап Өзбекстандын Риштан районунан Сох анклавына баруучу жолду коопсуздукка байланыштуу жапса, экинчи тарап Сох анклавынын жанында жайгашкан Кыргызстандын Бөжөй айылына бара турган жолду жапты. Ага удаа эле Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстандын Барак эксклавына жол жабылды.

Өзбек тараптын чечимдери андан кийин улам катаалданып отуруп, соңунда темир жолдорду жабууга алып келди. Ага чейин Ташкен "Достук" өткөрмө бекети баш болгон бир катар бекеттерди бир жактуу түрдө жапкан эле.

25-январда Кыргызстан Сох жана Шаймерден анклавдарына гуманитардык жүк үчүн жолду ачып берди. Өзбек тарап Баракка жол ачты. Бирок темир жолдор, өткөрмө бекеттер жабык турат.

Кыргызстан Нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев Өзбекстан аркылуу миңге жакын вагон өтпөй жатат дейт:

- Бүгүнкү күнү күйүүчү май жүктөлгөн 136 вагон Өзбекстандан чыкпай жатат. Кошуна мамлекеттин аймагынан өтө албай жаткан вагондордун саны миңге жакындап калды. Ошондуктан премьер-министр, президент Алмазбек Атамбаев тез арада киришпесе, биздин экономика үчүн абдан орчундуу маселе болуп жатат. Анткени жазгы талаа жумуштары башталганы турат.

Акенеевдин айтымында, өтпөй жаткан жүктүн арасында курулуш товарлары, жер семирткичтер, азык-түлүк бар.

Кыргызстан өкмөт башчысы же президенти Ташкен менен байланышка чыгып, маселени чечүүгө киришкени байкалган жок. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев темир жол маселесин министрлер деңгээлинде чечүүнү транспорт жана коммуникация министри Калыбек Султановго дайындаганы маалым.

Ошентип буга чейин эле мамилеси жылуу-жумшак болбогон эки кошуна мамлекет бири-бирине эшигин жаап, жолун тосуп отурган чагы. Кыш мезгилине окшоп тоңуп турган эки мамлекеттин мамилесин жумшартуу үчүн ким тарабынан жана качан кадам ташталары белгисиз. Болгону кыргыз тарап Ташкен менен тил табышуу үчүн активдүү аракеттерди көрүп жатканы, анын натыйжасы март айларында анык болоору айтылууда.

Абактан митингге умтулган депутат

Узап бараткан аптада Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовдун ишин кароону улантты. 3-октябрдагы митингден кийин камакка алынган депутаттар өздөрүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдиришти. Садыр Жапаров абактан чыгып калса, башкы максаты Кумтөр боюнча митинг уюштуруу экенин айтса, Камчыбек Ташиев 3-октябрда бийликти басып алуу болбогонун айтты:

- Эч кандай кылмыш болгон эмес. Колубузда курал же таш жок болчу. Бир да адамдын бетин чийген жокпуз, жаман айткан жокпуз. Саясий жактан алып караганда мен туура иш жасадым жана мындан ары да ушундай кадамга даярмын. Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган эмеспиз. Мен ар дайым айтып келем - биз бийликке күч колдонуп же зордук менен келбейбиз. Мен ал кадамды мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоонун негизинде жасадым. Ал эми мамлекеттик бийликти басып алууга эч кандай аракет жасаган эмеспиз.

Ташиевдин айтымында, ал саясий куугунтуктун айынын абакта отурат.

Президент Алмазбек Атамбаев бул маселе мыйзамдын алкагында гана чечилиш керектигин буга чейин билдирген.

Бирок депутаттардын камалышы юридикалык эмес, саясий маселеге айланып баратат. Анткени оппозициялык саясатчылар аны туу катары көтөрүп, элдик акцияларды уюштурууда. Андай акциялардын биринчиси Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда өттү. Апрель ыңкылабы кезинде Алмазбек Атамбаевдин тилектеши болгон, азыркы кезде Камчыбек Ташиевдин адвокаты болгон Азимбек Бекназаров “биздин талап - камалган депутаттарды үй камагына чыгаруу. Бирок бийлик аны аткарбай жатат. Мурунку бийликтердин катасын кайталап, үчүнчү ыңкылапка алып баратат” деп билдирүүдө. Бекназаров ошондой эле Алмазбек Атамбаев Конституцияда каралбаган ыйгарым укуктарды өзүнө алып алды деп да айыптоодо.

Башкаруучу коалициянын мүчөсү Өмүрбек Текебаев азыркы кезде үчүнчү ыңкылап үчүн моралдык себеп жок деп эсептейт. Бирок Текебаев айрым маселелерде президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы келген жүрүштөрдү жасоого өтө баштады. Маселен, ал Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча келишимди Кумтөр менен түзүлгөн келишимди кайталоо деп атады:

- Кумтөрдүн кейпин кийди деген ушул, карызды алар алып келишет, анын жарымын биз төлөйбүз. Калган жарымы ГЭСтин эсебинен төлөнөт. Орус тарап да ГЭСтин эсебинен төлөйт. Орустар өздөрү инвестор эмес. Ошондуктан мен муну туура эмес дейм. Мен Кумтөргө, "Центеррага" каршы добуш бергем. Эл алдында туура кылгам дейм. Мен ошол окуя кайра кайталанышын каалабайм.

Текебаев ГЭСтердин акциялары орус тарапка кайсы бир мөөнөткө гана берилиш керек деп эсептейт.

Кыргызстандагы энергетиктер бирикмесинин жетекчиси Жамалбек Түлөбердиев депутаттардын тынчсыздануусун негиздүү деп эсептеп, Орусия менен түзүлгөн келишимдин шартын Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмес деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан ГЭСти куруу үчүн орус тараптан насыя алып, анан аны төлөсө, анда эмне үчүн акциялар алардын колунда калыш керек?

ГЭСтер боюнча келишимдерди бийлик башындагылар эң ири жеңиш катары баалап келатат. Ал эми Кумтөр боюнча келишимди өзгөртүү мүмкүн эместигин президент Алмазбек Атамбаев билдирген жайы бар. Бирок өлкөдө түзүлүп келаткан саясий кырдаал же Темир Сариевдин саясий өз алдынчалыгы Кумтөр боюнча радикалдуу кадамдарга түртүүдө.

Саясий кырдаал демекчи, ал жаз алдында Кыргызстанда адатта кызыйт. Мына ошого кошумча шыкак бербеш үчүн бийлик “Центерра голд” менен түзүлгөн келишимден чыга турууну эп көргөндөй. Мүмкүн Темир Сариев оппозиция катарында жүргөн мезгилди эстеп, Кумтөр боюнча ва-банкка барууну чечти. Бийлик башындагылар болсо, саясий кырдаалга жараша ага каршы болгон жок.

Кандай болгон күндө да Кумтөр боюнча келишимди бузууну өкмөттүн колдоп чыгуусу узакка созула турган талаш-тартышка биринчи кадам. Ага экинчи кадам жаңы жумада парламент тарабынан коюлушу күтүлөт. Анткени Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын корутундусун Жогорку Кеңеш кароосу күтүлөт.

Мына ошентип кыргыз тарап Кумтөр боюнча келишимден чыгууга баратат. Эгерде “Центерранын” акционерлери жаңжалды ырбатпайлы десе, сүйлөшүүгө келишет, болбосо эки тарап эл аралык сотто беттешет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG