Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Узап бараткан жумада оппозиция Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу талабы менен митинг өткөрдү. Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болду. Кыргызстанда шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору фракциялар кароосуна коюлду.

Оппозиция митинги

24-апрелде Бишкекте оппозициялык “Эл үнү” кыймылы уюштурган митинг өттү. Митингдин катышуучулары Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, камактагы депутаттарды бошотуу жана парламентти таратуу талаптарын койду.

Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу талабы менен 12 миңден ашуун жарандын колу коюлган мыйзам долбоорун “Эл үнү” кыймылы буга чейин парламентке тапшырып, долбоор оппозициялык “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынын колдоосуна ээ болгон.

“Эл үнү” кыймылы мына ошол долбоорго кол койгон жарандар 24-апрелде аянтка чогулуп, мыйзам кабыл алынганга чейин тураарын билдирген эле. Бирок анын экөө тең аткарылбай калды.

Эгерде оппозиция лидерлери каалагандай он миң киши чогулганда, парламент мыйзам долбоорун кароого мажбур болот эле дешет. Бирок митингге 1-2 миңдин тегерегинде киши чогулду. Буга уюштуруу иштеринин начардыгы, эң башкысы аттуу-баштуу саясатчылардын тобокелге салып чыкпаганы себеп болду окшойт.
Бийлик “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаровду парламентке жолотпой койду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12 миңден ашуун жарандын колу менен киргизилген мыйзам долбоорун кароого негиз жок экенин билдирди:

- Мыйзам жолу менен кетебиз. Мыйзам жолу менен айтканда, бүгүнкү күндүн күн тартибине кирген жок. Кирбейт дагы. Койгонго да укугум жок. Бекназаровду чакырып алып, жолукса азыр жолугам. Андан качкан эч ким жок. Кудай буйруса, өкмөт отчету менен келет. Сурайбыз ошондо. Июнда Кумтөрдү карайбыз.

Албетте төрагага каршы болуп, митингчилердин талабын угууну көтөргөн депутаттар да болду. Бирок алар көпчүлүк боло алышпады.

Ал эми Ала-Тоо аянтындагы митингге анык жолбашчы жетпеди. Баарын тегеретип жаткан Азимбек Бекназаров кеп-кеңеш берүү менен чектелерин айтып, митинг башында туруудан баш тартты:

- Мен штабдын да мүчөсү эмесмин. Башында келгенде айттым, мени Убактылуу өкмөттүн мүчөсү деп жаман көргөндөр толтура. Бул бийликке дагы келатат, келип алып башыңарды оорутуп, бийликке отуруп алат деген ойдо жүргөн кишилер да көп. Ошондуктан жаштар келгиле, штабды түзгүлө. Мен болгон тажрыйбам менен бөлүшүп, кеп-кеңешимди айтайын деп жүрөм араңарда.

Бекназаров чогулгандарды штаб чечимине баш ийүүгө, чагымга алдырбоого чакырды. Бирок камактагы депутаттардын жактоочулары активдүү аракеттерди талап кылып, "Ак үйгө барабыз, чыдабайбыз!" - деп кыйкырып жатышты.

Активист аксакал Абдыкаар Абдырахманов Азимбек Бекназаровду башчы болуп берүүгө үндөдү:

- Бийлик чечендерди бошотот. Өзүнүн адамын абакка камайт. Ушул чындыкка жатабы?! Азимбек, ушул эл-журтту көрүп туруп, билип туруп, жетекчи болуп туруп бербейсиңби?

Азимбек Бекназаровдон жооп болбоду. Митинг көп узабай тарады. Митингдин активисттеринин бири Мамбетжунус Абыловдун билдирүүсүнө караганда, алар жер-жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Мына ошентип, 24-апрелдеги митинг соңуна чыкты. Андан бийлик өзүнө ишеним алса, оппозиция бытыранды бойдон калды. Бирок күрөш аяктады деп айтышка болбойт. Анткени алдыда Кумтөрдүн тагдырын чечүү, Батукаев боюнча парламенттик комиссиянын жыйынтыгын чыгаруу сыяктуу татаал маселелер турат.

Москва Кыргызстанды өзүнө тартууда

22-апрелде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Москвага жумуш менен барды. Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Андан сырткары Сатыбалдиев орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки тарап талкуулаган маселелерге келе турган болсок, алар Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 2012-жылы жетишкен келишимдерге барып такалат. Азыркы мезгилге карай ал келишимдер эки өлкөдө тең ички жол-жоболордон өткөрүлүп, толук күчүнө кирүү алдында турат. Маселен, Кыргызстан бардык келишимдерди ратификациядан өткөрүп, практикалык иштерге даяр болуп калды. Ал эми Орусия акыркы чекитти коюу алдында турат.

Ошентип Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Камбар-Ата, Жогорку Нарындагы ГЭСтерди куруу, “Кыргызгазды” менчиктештирүү, Бишкектеги аскердик багыттагы эки заводду иштетүү талкууланды.

Кыргызстан Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушу май айында башталыш керек деп шаштырууда. Бул түшүнүктүү, анткени ири инвестициянын келиши кыргыз бийлиги үчүн экономиканы жандантууга, калкка ишеним берүүгө жана оппозиция алдында аброюн көтөрүү үчүн да керек.

Орус тарап да келишимдерди ишке ашырууда кылчактабай келатат. Ал эле эмес, Кремль Бишкекти өз орбитасына алууда туруктуу жана жигердүү саясатка өттү. Москванын бул позициясын өзбек президенти Ислам Каримовдун 15-апрелдеги сапары да кебелте алган жок. Белгилүү болгондой, Өзбекстан ири ГЭСтердин курулушуна кескин каршы чыгып келатат. Орус эксперти Андрей Грозиндин пикиринде, Ислам Каримов бул маселеде Кремлдин позициясын өзгөртө алган жок. Москва ГЭСтерди эч нерсеге карабай курууну чечти.

Москванын Кыргызстанда тамыр жайуусу маалымат каражаттарын көзөмөлгө алуу, паспорт жасоону колго алууга чейин жетүүдө. Маселен, Москвадагы жыйында орус тарап Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун басып чыгарууга даярдыгын билдирди. Адегенде кыргызстандыктар муну биздин эмгек мигранттарына Москва атайын паспорт чыгарып берет экен түшүнүштү. Бирок юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматына караганда, сөз Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту жөнүндө болгон. Азыркы кезге карай Кыргызстандын жалпы жарандык паспорт жасоо боюнча “Де ля Ру” компаниясы менен түзүлгөн келишими соңуна чыкты. Ошондуктан паспорт жасоо үчүн жаңыдан тендер өткөрүлөт дейт Шыкмаматов:

- Инвестициялык конкурс болот. Ошол конкурста ким утса, ошол паспорт чыгаруу укугуна ээ болот. Ал конкурс ачык болуп, телекөрсөтүү аркылуу түз көрсөтүлөт. Анан ошол жерден Орусиянын “Госзнак” ишканасы жакшы сунуш кылып, утуп алса болот. Мындан ары Орусия чыгарат деген так эмес маалымат. “Госзнак” конкурска катышып, утуп алыш керек. Ансыз иштегенге мыйзам жол бербейт.

Белгилүү болгондой, 2015-жылдан тарта Орусиянын аймагына ID карталар менен кирүүгө болбойт. Кыргыз эмгек мигранттары жалпы жарандык паспорт менен гана кире алат. Ошондуктан орус тарап кыргыз бийлигинин өз калкын жалпы жарандык паспорт менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнөн шектенип, кризис жаралбашы үчүн паспорт чыгарууну колго алууну көздөгөндөй.

Орус тараптын Кыргызстандын маалымат айдыңына кирүү аракетине келе турган болсок, чындыгында Орусиянын телерадиоканалдарына, башка маалымат каражаттарына республикада өтө кеңири мүмкүнчүлүк берилген. Бирок алар дагы да тереңирээк кирүү үчүн “Пирамида” телеканалын алууга умтулууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов мунун терс жагы бар дейт:

- Эгерде мунун артында саясий максат турбаса, сатып алса боло берет. Ага эч кандай тыюу жок. Бирок бул сөздү орус мамлекетинин саясатчылары айтып жатпайбы. Биз өзүбүздүн саясатыбызды Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жүргүзүшүбүз керек, биз өзүбүздүн чек арабызды кеңейтишибиз керек деп жашырбай эле эле айтып жатышат. Ушул жагдайдан алганда “Пирамиданы” аларга берүү коркунучтуу.

Бирок Орусия Евразия экономикалык биримдигин куруу аркылуу региондо өз таасирин күчөтүү саясатын туруктуу, кайсы бир деңгээлде агрессивдүү жүргүзүүдө. Ал Кремлдин Кыргызстанга карата саясатынан көрүнүп турат.

Жаңы шайлоо кодексинде эмне жаңылык?

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү үчүн активдүү аракеттер жасалууда. Бир жагынан президенттин тапшырмасы менен президенттик аппарат шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнүн үстүнөн иштеп жатса, экинчи жагынан саясий партиялар тарабынан Шайлоо кодексинин жаңы варианты иштелип чыгып, парламентке сунушталды.

Жаңы долбоор “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов жана БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков тарабынан иштелип чыккан.

Ишенбай Кадырбековдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, жаңы долбоордун үч-төрт өзгөчөлүгү бар. Биринчи өзгөчөлүк шайлоочулардын тизмесине байланыштуу. Маселен, келерки парламенттик шайлоодо мурунтан бери келаткан шайлоочулардын тизмесин эмес, акыркы шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин гана алып чыгуу сунушталууда. Ал эми акыркы шайлоого катышпай калган жарандар болсо, алар арыз жазып, тизмеге кошулууга укуктуу болот. Ошентип шайлоочулардын тизмеси такталат, дейт Кадырбеков. Анын айтымында, эски тизме боюнча 3 млн. 32 миң шайлоочу бар деп эсептелген. Ал эми иш жүзүндө 1 млн. 700 миң гана шайлоочу бар экени аныкталган. Калган добуштар шайлоо жыйынтыгын бурмалоо үчүн пайдаланылып келген.

Экинчи өзгөчөлүк шайлоо округдарын түзүүгө байланыштуу. Жаңы кодексте өлкө боюнча тогуз шайлоо округун түзүп, ар бир округ боюнча партияларга өзүнчө тизме менен катышуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Үчүнчү өзгөчөлүк шайлоо комиссияларын түзүүгө байланыштуу. Шайлоо комиссиялары шайлоого катышкан гана партиялар тарабынан түзүлөт.

Андан сырткары шайланган депутаттын мандатын алууга уруксат берилбейт. Бирок мандатты токтото туруу укугу партияга берилет. Муну менен депутаттардын өз билемдиги чектелсе, экинчи жагынан партиялардын аша чаап кетүүсүнө да жол берилбейт. Анткени токтотулган мандат, башка талапкерге берилбейт.

Өлкө тогуз шайлоо округуна бөлүнгөндө регионализм кайрадан күч албайбы деген суроого Ишенбай Кадырбеков мындай жооп берди:

- Биринчиден, партиялар тизмени тогуз регионго бериш керек. Экинчиден, ар бир региондон шайлоочулардын санынан 0,5% кем эмес добуш алыш керек. Анан дагы региондордон алынган добуштар топтолуп саналат. Кайсы партия бардык добуштары менен республика боюнча шайлоого катышкан адамдардын санынан 7% кем добуш алса, ал партия мандат бөлүшүүгө катышпайт. Ошентип шайлоого 20-30 партия катышса, орто эсеп менен төрт-беш партия гана өтө алат. Тажрыйба ушундай.

Кадырбеков мындай шайлоо системасы менен Швеция, Германия иштеп келатканын белгиледи.

Албетте башка саясий күчтөр, анын ичинде президенттик аппарат да өзүнүн долбоору менен чыгышы мүмкүн. Түрдүү долбоорлорду талкууга убакыт да бар. Анткени Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2015-жылы болууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG