Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Москва "Пирамидага" кызыкты


Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анын учурунда Орусияга бара турган кыргыз эмгек мигранттарына тышкы паспортторду орус тарап жасаары айтылды. Мындай паспорт Орусияга бара турган кыргыз жарандарына гана берилеби, же Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту жөнүндө сөз болуп жатабы?

Кыргызстанда паспорттун бир нече түрү бар. Анын бири - ID карта, экинчиси - жалпы жарандык паспорт жана дипломаттык паспорт.

Азыркы кезде кыргыз жарандары ID карта менен КМШ мамлекеттеринин, анын ичинде Орусиянын аймагында жүрө алат.

Бирок Орусия 2015-жылдан тарта өз аймагына жалпы жарандык паспорт менен гана кирүүгө мүмкүн болорун жарыялады. Демек азыркыдай ID карта менен кыргызстандыктар Орусияга кире албайт. Ошондуктан Орусиядагы жүз миңдеген кыргыз жарандары 2015-жылга чейин жалпы жарандык паспорт алууга тийиш.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын орус тарабынын жетекчиси Андрей Бельянинов Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун жасоодо Орусия жардамын берүүгө даярдыгын билдирген. Комиссиянын жыйынында кабыл алынган документте эки тараптын тийиштүү органдарына паспорт жасоо боюнча даярдык көрүү тапшырылды.

Кыргызстандын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, жалпы жарандык паспорт жасоо боюнча “Де ля Ру” компаниясы менен түзүлгөн келишим соңуна чыкты. Ошондуктан Кыргызстан жакын арада паспорт жасоо боюнча тендер жарыялайт. Орус тарап мына ошол тендерге катышууга укуктуу дейт Шыкмаматов:

- Инвестициялык конкурс болот. Ошол конкурста ким утса, ошол паспорт чыгаруу укугуна ээ болот. Ал конкурс ачык болуп, телекөрсөтүү аркылуу түз көрсөтүлөт. Анан ошол жерден Орусиянын “Госзнак” ишканасы жакшы сунушу кылып, утуп алса болот. Мындан ары Орусия чыгарат деген так эмес маалымат. “Госзнак” конкурска катышып, утуп алышы керек. Ансыз иштегенге мыйза жол бербейт.

Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле Москва чыгара турган паспорттор Орусияга бара турган мигранттарга гана берилет деген туура эмес түшүнүктөр таралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, сөз Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун чыгаруу жөнүндө баратат.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык жыйында паспорт жасоодон сырткары Кыргызстандагы “Пирамида” телеканалынын тагдырына байланыштуу да маселе көтөрүлгөн. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин төрагасы Иван Поляковдун маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, орус тарап каналды техникалык жактан каржылоого даяр. Ал эми кыргыз тарап менчик маселесин тейлеп, түшүнүктүү маалыматтык саясат жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт. Мындайча айтканда, “Пирамида” телеканалынын каржы, техникалык маселесин орус тарап камсыздайт. Ошого жараша ал орусиячыл болууга тийиш.

Саясат таануучу Марс Сариев Орусиянын “Пирамида” телеканалы боюнча планын мындай чечмеледи:
Мындан ары Орусия чыгарат деген так эмес маалымат. “Госзнак” конкурска катышып, утуп алыш керек.
Алмамбет Шыкмаматов
- Менин оюмча, Америка, Батыш “Софт паувер” - “Жумшак күч” деген саясатты система катары жүргүзүп жатат. Эми Орусия дагы ошондой саясатты баштады. “Пирамида” телеканалы да мына ошол стратегиянын бир элементи болуп жатат. Менимче, стратегиялык жактан биз Орусия менен жакын болушубуз керек. Ошондуктан бул жагынан көп негативдүү сценарий көрбөйм.

Сариевдин пикиринде, мурун Москва СССРдин мезгилиндеги инерция менен эле келген болсо, эми саясатын күчөтүп, аны системага айланта баштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов “Пирамида” орус мамлекетинин саясатын жүргүзүп кала турган болсо, анда туура эмес болот дейт:

- Эгерде мунун артында саясий максат турбаса, сатып алса боло берет. Ага эч кандай тыюу жок. Бирок бул сөздү орус мамлекетинин саясатчылары айтып жатпайбы. Биз өзүбүздүн саясатыбызды Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жүргүзүшүбүз керек, биз өзүбүздүн чек арабызды кеңейтишибиз керек деп жашырбай эле эле айтып жатышат. Ушул жагдайдан алганда “Пирамиданы” аларга берүү коркунучтуу.

“Пирамидага” ээлик кылууга Бишкек мэриясы да аракет кылганы маалым. Ошондуктан бул телеканал үчүн күрөш алдыда тургандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG