Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Бүгүнкү күнү Орусиянын жаза өтөөчү жайларында, убактылуу камоочу жайларда эки миңден ашуун кыргызстандык жаран камалып турат. Алардын ичинде 170 чамалуу кыз-келин бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяз Карагулов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Орусиянын абактарында же убактылуу камоочу жайларында отурган кыргызстандыктардын саны канча?

Карагулов: Жаңы жылдын алдында Орусиянын тартип коргоо органдарынан алынган так маалыматтар боюнча, соттун чечимине ылайык жаза алган 170 чамалуу аял түрмөлөрдө отурушат, алардын баарынын тизмелери, кандай кылмышы үчүн жазаланып жатканы тууралуу маалыматтар берилген. Жалпы Орусиянын жабык жайларында жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны эки миңден ашат.

“Азаттык”: Кыргызстандыктар көбүнчө кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылышат?

Карагулов: Биздин жарандар шектүү болуп кармалган кылмыштар – уурулук, алдамчылык, каракчылык, тоноо, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо. Мындан тышкары жалган документтерди колдонуу, же башка документтерди, мөөрлөрдү жалган жасоо беренелери боюнча биздин жарандар көп кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

“Азаттык”: Кыз-келиндерчи?

Карагулов: Кыз-келиндердин арасында да уурулук басымдуулук кылат. Мен мурда иштеген учурумда дүкөндөн колбаса уурдап, кармалган кыргыз кыздын сотуна катыштым эле.

Ошондой эле Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча жасалма документ менен кармалып, жоопко тартылган кыз-келиндер көп болуп жатат. Анткени бүгүнкү күнү бул жакка келип, иштөөгө уруксат берилген кагазды алуу оңой эмес, анткени анын баасы 20 миң рублдин тегерегинде турат. Себеби Орусиянын миграция кызматына жумуш берүүчүлөр квота беришет, андан кийин квотасы бошоп калса, башкаларга сатат. Ошентип колдон-колго өтүп отуруп, баасы көтөрүлүп кетет. Өзүнүн баасы 4,5 миң рубль.

Кыргызстандыктар бул жакка көбүнчө акчасы жок келишет, 20 миң рублге ал уруксат кагазды сатып ала албайт. Айласыздан, ар кандай жасалма документтерди саткандардын колунан үч-беш миң рублге жасалма уруксат кагазды сатып алышат. Же болбосо Казан вокзалында Орусиянын жасалма паспортун саткандардан паспорт алып алышат да, текшере келгенде анысы билинип калып, камакка түшүп калып жатышат.

“Азаттык”: Абактарда, убактылуу камоочу жайлардагы кыргызстандык жарандардын абалы менен таанышып турасыздарбы?

Карагулов: Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча ошол биздин жаранга карата тергөө иштери же иликтөө иштери жүрүп жатса, анда тергөөчүнүн уруксаты менен түздөн-түз барып жолуга алабыз. Эгер сот отурумунда каралып калса, соттун уруксаты менен барабыз. Биз баарына барууга мүмкүнчүлүк да жетпейт, анткени бир эле Москванын өзүндө сегиз СИЗО бар. Эртең мененки саат төрттө барып, жазылып, кезекке туруп, ошол күнү кечке араң кирген учурлар болот.

Элчиликте төрт юрист иштейбиз, убактыбыз кармалган кыргызстандыктардын баары менен жолугушуп чыгууга жетпейт. Бирок эгерде туугандары же адвокаттары бизге кайрылса, же биз учурунда билип калсак, анда СИЗОго киребиз.

Мына жакында мен Москвадагы СИЗОлордун биринде жаткан кыргызстандык кыз менен жолугушууга кирем. Ал оорукананын кийим чечкен жеринде иштечү экен. Ооруканага келген орусиялык жарандын жети миң рублин уурдап алып койгон деп айыпталууда. Ал жаран беш миң рублдик кагазына К-25 деп белги коюп койгон экен, ошонун негизинде кызга күнөө коюп атат. Азыр адвокат иштеп атат, сүйлөшүү жолу менен тараптарды элдештирип, бошотуу тууралуу орус жараны менен келишимге жетиштик. Эми муну сот чечет, элдешүүнүн натыйжасында же кызды таптакыр бошотот же ал абакта отурган үч айды эске алып, эркиндикке чыгарышы мүмкүн. Биз азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Буга чейин түрмөлөрдөн мөөнөтүн өтөп бүтүп же акталып чыккан кыргызстандык жарандар болдубу?

Карагулов: Мен бул кызматта 2005-жылдан 2009-жылга чейин иштеп кеттим эле. Кайра өткөн жылдын июль айынан тартып иштей баштадым. Ошол убактан бери жети кишини соттон таптакыр күнөөсү жок деп бошотуп чыктык.

“Азаттык”: Абакта отуруп чыккан кыргызстандык жарандар өздөрү эмне дешет, аларга жабык жайлардагы мамиле кандай?

Карагулов: Чынын айтканда отуруп чыккандар менен кезиге элекмин, менин иш тажрыйбамда болгону эки жигит камактан кийин келди. Көпчүлүгү эркиндикке чыккандан кийин түз эле кайра Кыргызстанга кетишет.

Ал эми мамиле жөнүндө айтсам, СИЗОлорго барган учурда байкаганым: аларга зордук кылып тийишип же кандайдыр бир кысымга алышпайт. Ал эми кармоо учурунда оперативдүү кызматкерлер уруп-сабады деген дооматтар айтылат, бирок аны далилдөө оор. Анткени алар көгөртө сабашпайт же бир жерин сындырып салышпайт.

Дагы бир айта кетерим: биздин жарандарга көбүнчө беш-алты берене боюнча жок жерден айып тагылат. Биздин оюбуз боюнча биздин жарандарга коюлган айыптардын болжол менен 50-60% жок жерден коюлуп калат. Анткени кимдир бирөөнүн телефонун жулуп кетсе, ал бетин көргөзбөөгө аракет кылат. Анан кылмыш иши козголгондо “орто бойлуу, азиат түспөлдүү, жинсы шымчан, курткачан” деп айтылат да, кийин айыптууну кармаарда кийиминен окшоштуруп туруп эле, кыргызстандык жарандардын мойнуна кылмыш иши илинип калып жатат.

Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодексине жараша, биз андай ак болсо да айыпталып жаткан жаранга жардам бере албайбыз. Буга көзүбүз жетип турса да көп учурда колубуздан эч нерсе келбейт. Анан алардын жакындары, туугандары бизди айыпташат.

Мындай болушуна биздин жарандар өздөрү да өбөлгө түзүп коюп жатышат. Анткени жайкы мезгилдерде суу жээгине барып алып, шишкебек бышырып, эс алууга чыккан учурда спирт ичимдиктерин ичишет. Түнкү бир убактарда көчөдө мас болуп жүрүшөт. Анан андай учурларда орусиялык күч кызматкерлери кармап барып, аларга жасалма кылмыштарды илип коюусуна жеңил болот. Кылмыш иштеринде жазылып турат: “Түнкү саат төрттө же экиде мас абалында кармалган” деп. Ошол убакта көчөдө эмне кылып жүрөт? Ошондуктан бул жакта жашап-иштеп жүргөн кыргызстандык жарандарга, алардын туугандарына эскертүү катары айтаар элем: талаа жер, бөтөн элде “сактыкта кордук жок” дейт, өздөрүн жакшы алып, этият жүрүшсө дейт элем.

“Азаттык”: Жаңыдан бул жакка келип жаткан кыргызстандыктарды ошондой жасалма документ жасаган жана башка шылуундардын колуна түшүп калуусун алдын алуу максатында элчилик тарабынан кандайдыр бир иш-чаралар каралганбы?

Карагулов: Негизи мыйзам боюнча ар бир мамлекеттин жараны 18 жашка толгон соң, мыйзамдарды билүүгө тийиш. Мыйзамдарды билбегени - аны жоопкерчиликтен бошотпойт. Ошондуктан бул жакка чыгып жаткан учурда кыргызстандык жаран Орусиянын миграция мыйзамын, керектүү кодекстерин окуп, өздөштүрүп алганы оң.

Кыргызстандык мигранттар Орусияга көбүнчө тууганы, классташы же дагы башка тааныштары аркылуу келишет. Өздөрү билбесе, келгенде биринчи документтерди кандай, ким аркылуу мыйзамдаштыруунун жолдорун ошол тааныштары билишет. Ал эми элчилик эл аралык мыйзамдар менен иштейт, ошондуктан кыргыздарга каттоо документтерин даярдап берүүгө укугубуз жок. Бул түздөн-түз Орусиянын миграция кызматынын иши болуп эсептелет, ага биз кийлигише албайбыз.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG