Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Т. Жандар уулу: Оренбургда 12 келинди төрөттүк


Москва-Оренбург-Бишкек темир жолу аркылуу каттаган кыргыз мигранттары арасынан Илецк өтмөгүндө мыйзам бузду деп кармалгандар көп болууда.

Буга байланышкан проблемалар боюнча жакында “Мекендеш” кыргыз автономиялык уюмунун жетекчиси Таалайбек Жандар уулу менен “Замандаш” ассоциациясынын Оренбург облусу боюнча юристи, акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Урмат Жамгырчиев Москвага келип, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен пикир алмашышты.

Оренбургдук кыргыз диаспорасынын бул өкүлдөрү “Азаттыктын” кабарчысы менен да жолугушуп, суроолоруна жооп беришти.

Диаспораларды жадаткан кыргыз түйшүгү

Таалайбек Жандар уулу: Оренбург шаары Казакстан менен Орусия ортосундагы чек арадан жетимиш чакырымча алыс жайгашып турат. Ошол жердеги Илецк темир жол өтмөгү аркылуу ары-бери өткөн кыргыз жарандарынын саны жылына 400 миң чамалуу болот. Ал жерде негизги көйгөй: укуктары бузулат, өздөрү да мыйзам бузушат. Жасалма документтерди, бирөөлөрдүн паспортторун, миграциялык карталарын пайдаланууга аракет кылып, ошол жерден түшүп калышат. Бул ондогон жылдан бери келаткан проблема. Мамлекет да ага көңүл бурбай келди.

“Азаттык”: Кандай көңүл бурушу керек дейсиз?

Таалайбек Жандар уулу: 2007-жылы Миграция министрлигинен бир өкүл барып иштей баштаган. Бир жылга жетпей башка жакка которулуп кетти дагы, проблемалар күчөгөн абалында калып калды. Ошого байланыштуу президенттерге, Роза Отунбаевага, Алмазбек Атамбаевге да кат жазганбыз. Анан былтыркы жылдын башында “Замандаш” ассоциациясына кайрылсак маркум (ал кезде тирүү) Муктар Өмүракунов туура кабыл алып, тез эле юридикалык кызмат ачып берди. Ал кызматтын бир жарым жылдык жыйынтыгы бар азыр. Ал жерде (Илецкиде) көйгөйгө негизинен каражаты аз адамдар дуушар болушат.

“Азаттык”: Кайсы көйгөйлөр жөнүндө айтып атасыз?

Таалайбек Жандар уулу
Таалайбек Жандар уулу
Таалайбек Жандар уулу: Эң эле негизги көйгөй - башка бирөөнүн, мисалы, эжесинин, сиңдисинин, ага-инисинин документтерин тобокелге салып пайдалангандар. Биздин жарандар мыйзамдарды караманча сыйлабагандыгы даана эле көрүнүп турат. Мисалы, паспорттору жоголуп кетсе, элчиликке барбай эле проводниктерге калкаланып өтүп кетем дегендер да көп. Элчиликке барганда акчасы жетпей же акчасын элчилик көбүрөөк алып койсо, таарынып баса бергендер бар. Барып-келип эле Оренбургдагы Орусиянын чек ара кызматкерлеринин колуна түшүп калышат.

“Азаттык”: Поездден түшүрүлгөндөр ал жерде канча убакыт кармалышат? Андан аркы аракеттери кандай болот?

Таалайбек Жандар уулу: Көпчүлүгү Москвага кайтышат же документи мыйзамдуу жасалганга чейин ошол жерде күтүшөт. Бир далайына ошол жерде иштеген жамааттар каражат топтоп берип, кетиребиз. Чын-чынына келгенде Оренбургда иштеп жүргөн кыргызстандыктар ушундай проблемалардан жадап бүтүштү. Себеби күнүгө поездден түшүрүлүшөт. Азыр бир аз азайды. Чек ара кызматтары күнүнө экиден бешке чейин түшүрсө, анын жарымы Москвага кайтып, жарымы Оренбургда калып калышат.

Поезд менен жүргөндөрдүн көпчүлүгү колунда жоктор. Боюнда бар келиндер түшүшөт. Элчиликке баргандан уялып, курдашыныкын, тууганынын документтерин окшоштуруп алып алышат. Ошентип отуруп биз Оренбургда 12 келинди төрөттүк. Өзүбүз догдурга ташып, өкүл атанын милдетин аткардык. Амнезия же акылын жоготкондор да жолугат ал жерде.

“Азаттык”: Акылын кандай жагдайда жоготкондор?

Таалайбек Жандар уулу: Эки улгайган орус, башынан травма алган бир кыргыз агай ушундай жагдайга кирептер болушту. Алар акылын Орусияга келгенде жоготушкан. 14-15 жаштагы балдар жолугат. Үч-төрт балалуу келиндер бар. Бир-эки баласынын документи туура эмес болуп калат, айла жок же өзү кете албай же балдарын жөнөтө албай калышат. Ошентип отуруп бир жарым жылда биз беш жүздөй адамга тикелей жардам бердик.

“Азаттык”: Жардам берилбей калгандар барбы? Алар кантип жан сактап атышат?

Таалайбек Жандар уулу: Аларга деле диаспоралар жардам беришет. “Замандаш” атайын жалдап берген батир бар. Тамак-ашынан камсыз кылып берип, элчиликке маалымдайбыз жагдайын. Алар негизинен мекенине кайтып жаткандыгына байланышкан жана баласы бардыгын күбөлөндүргөн эки документке муктаж болот. Документи даярлар кетип, бирок, алардын ордун кайра эле жаңылар ээлейт. Биз жаңы элчиге келип, жагдайды толук айтып бердик. Элчи бизди туура кабыл алды.

“Азаттык”: Азыр эми жаңы бийликтен кандай жардам күтүп атасыңар?

Таалайбек Жандар уулу: Эң негизги максат ошол жерге мамлекеттик бир бийликтин өкүлү туруш керек. Мамлекеттин көзү туруп, элчилик менен карым-катыш тыгыз болушу керек.

Илецкиде 200 жаран сот жообуна тартылды

“Азаттык”:
Урмат, эки өлкө ортосунда мыйзамдык алакалар кандай?Мыйзамдарда айырмачылыктар көп эле болуп атса керек?

Урмат Жамгырчиев: Сөзсүз. Биз жергиликтүү бийликтин юридикалык кызматы менен тигил же бул күтүүсүз окуяларды дароо маалымдап туруу боюнча келишим түзгөнбүз. Окуяны биз дароо билебиз. Чек арадабы, өтмөктөрдө болобу же поезддин ичиндеби мен дароо барып, өзүмдүн юридикалык баамды берем. Адвокатыбыз бар. Ал тергөө иштерине толук катышып, сотко чейин коштойт.

Азаттык”: Канча ишти жөнгө салдыңар, мисалы, 2012-жылдын ушул кезине чейин?

Урмат Жамгырчиев
Урмат Жамгырчиев
Урмат Жамгырчиев: Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет деген 322-беренеси боюнча 300гө жакын биздин жарандар түшкөн. Анын ичинен 200гө жакын жарандарыбызга кылмыш иши козголуп, соттун чечимин алышты. Андан да көбүрөөк масштабда миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн деген административдик иштер бар. Каттоосун узартпай коюшат же Орусия жергесинде мыйзамсыз жүргөн болушат. Ошон үчүн жергиликтүү күч органдары чара көрүшөт. 2 миң рублден өйдө айып салышат, визага чектөө киргизип салышат же өлкөдөн чыгарып ийишет.

“Азаттык”: Эмне үчүн же кимден кемчилик кеткени үчүн Кыргызстандын жарандары ушундай ыңгайсыз жагдайга туш болуп атышат?

Урмат Жамгырчиев: Маселе өтө эле татаал десек болот. Бул бир күндө пайда болгон проблема эмес. Ар кандай маалыматтарда кыргызстандык миллионго жакын мекендештерибиз Орусияда мигрант катары жүрүшөт. Ага жараша ар бир адамдын шарты, жагдайы ар кандай болуп калат. Аны баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Миграция министрлиги жоюлгандан бери бул проблема такыр эле көңүл сыртында калды. Ага өзүбүздүн кайдыгерлигибиз кошулуп атат. 2011-жылдын этегинен баштап Орусиянын күч органдары миграцияга көзөмөлдү күчөтүп койду. Ошонун артынан кыйынчылыктар пайда болуп атат.

“Азаттык”: Дагы бир маселе – кыздарга запкы көрсөткөн патриоттор, Сапаргүл темасы легендага айланды. Орусиянын мыйзамдары боюнча жазалоо запкы көргөн кыз арыз бермейинче болбойт экен да. Сиздин тажрыйбада ушул өңдүү окуялар болдубу?

Урмат Жамгырчиев: Бул эми таяктын эки учу сыяктуу экен. Жанагыдай псевдопатриоттор пайда болуп, биз кыздарыбызды башка улуттун өкүлдөрү менен жакын мамилеге жол бербейбиз деп, жанагыдай чараларга барып жатканы өтө эле туура эмес.

Бирок 2012-жылдын башынан бери никесиз төрөлгөн ымыркай балдары менен документсиз жолго чыккан кыздар чек арада ыңгайсыз абалга тушукту. Мындай көрүнүштөр тамырлап турат. Төрөй турган энелерибиз, кыз-келиндерибиз Орусияда ар кандай шарттарга дуушар болуп, Сапаргүлдүкүндөй же мен мисал келтиргендей жагдайлар болуп калып атат. Аны дароо жөнгө салуунун жалпы рецеби жок. Экономикалык проблемалардын жемиши ушу болуп атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG