Линктер

logo-print

Орусия: мигрант аялдардын тагдыры - улут трагедиясы


Орусиядагы мигрант эне убактылуу баш калкалоочу жайда, 2011-жыл.

Орусиядагы мигрант эне убактылуу баш калкалоочу жайда, 2011-жыл.

Орусиянын ири шаарларындагы кыргыз кыздарынын жүрүм-турумун теске салабыз деген топтордун мыкаачылык фактыларынын чети чыга баштады. Алар башка улуттун эркектери менен "ынак мамиледе" жүрөсүңөр деген кине менен колдоруна түшүп калган кыз-келиндерди кордоп, өмүрүнө кол салып, ур-токмокко алган фактыларды тасмага тартып, интернетке жайгаштырышкан.


30 жаштагы Разия эл катары Москвага акча табам деген тилек менен былтыр ала күздө барган. Бирок жаш келин бөтөн жер, бөтөн элде 4 ай жүрүп, Москванын суук күндөрүнүн биринде 7-кабаттан өз боюн таштап, көз жумган.

"Разия Чүйдүн Ак Суу айылынан келген, 3 баласы менен күйөөсү бар болчу. Москвага 2011-жылдын августу аяктап калганда келген. Күйөөсү экөө классташ экен, бирок андан уруш угуп, таяк жеп эле жүрчү экен. Бул жерге келип, ар түрдүү жумушта иштеп, кыйынчылыкка чыдаган жок. Күйөөсү болсо учуп өлгөнгө чейин түрткү берди. Мен ага "Болду, Кыргызстанга кет, балдарыңды бак" десем, ал мага жалдырап "Эже мени кетире көрбөңүз, күйөөм өлтүрөт" деген. Көрсө, күйөөсү ага телефондон эле "Сен бузулуп кеттиң, тажик-өзбектер менен жүрөсүң" деп башын оорута берчү экен. Ал кыз болсо 4 ай ушул менин үйүмдө жүрдү, алтургай эшикке бейчеки чыкчу эмес. Эч ким менен сүйлөшчү дагы эмес, күйөөсү телефон чалганда, эшикке чыгып сүйлөшүп келчү. Ал кыз бул оор турмушка, анан күйөөсүнүн телефондон көрсөткөн кордугуна чыдаган жок. Разия учуп өлгөндөн кийин полиция анын телефонун ачып окуса, күйөөсү жүрөк титиреткен смс-каттарды жазчу экен. Кийин болсо байкуш келиндин кыркын өткөрбөй, күйөөсү Сочиге кетип калыптыр. Разия 3 уулунун эң кичүүсү бир жаштан жаңы эле өткөнүн айтып калчу..."

Бул кайгылуу окуяны "Азаттыкка" телефон аркылуу Москвада жашаган Венера Акматова айтып берди. Маркум Разия анын батиринде туруп, өмүрүнүн соңку күндөрү Венера айымдын көз алдында өтүптүр.

Түркүн тагдырлар, ар кыл көз караштар

Орусияда жүргөн мигранттарыбыз жөнүндө сөз болгондо алыска үй бүлөсүн калтырып, жалгыз бой баргандар же турмуш кура элек улан-кыздар ал жакта бат эле бирөө-жарымды таап, өзүнчө "үй бүлө" болуп кошулуп алат экен деген сөздөрдү ушак-айың сыңары көп эле кулагыбыз чалып калчу.

Соңку кезде интернетте пайда болгон видео тасмалар, жогорудагы Разиянын тагдыры - бул чөң көйгөй экендигин баарыбызга айдан-ачык көрсөттү.



Сапаргүл атуу кызды мажбурлап чечиндирип, аны “сен башка улуттар менен жүрөсүң” деген айыптоо менен сурак жүргүзгөн видео тасма өткөн жуманын аягында интернетте жарык көргөн болчу. Бул маселени иликтөө учурунда андан да кайгылуу аяктаган кыздын тагдыры чагылдырылган тасманы кезиктирдик. Анда белгисиз кыргыз жигиттери ал кызды курчап алып, токмоктоп, таш бараңга алган учур тасмага түшүрүлгөн. Тасмада ал кыздын мындай мыкаачылыкка туш болушуна анын жүрүм-туруму себеп болгондугу айтылат. Бирок бирөөнүн өмүрүн кыюуга "өкүм" чыгаргандар туурасында тасмада сөз жок.

"Миң уккандан бир көргөн" дегендей, Москвада бир топ жылдан бери үй бүлөсү менен жашаган 48 жаштагы Абдразак ысымдуу мекендешибиз менен байланыштык. 8-Марттын урматына чогулган бир топ кыргыздар жогоруда биз сөз кылган интернеттеги видеону талкуулап жатышыптыр.

"Мен ошол жигиттерге кошулам. Ошондой кыз-келиндерди урбай-сокпой, дагы башка кылбай эле топтоп туруп, бул өлкөдөн чыгарып жиберип, анан экинчи Орусияга кирбей турган кылып салса. Полицияны ээрчитип барып, аларды кармап туруп эле "мына бул бузулган адам" деп туруп, Кыргызстанга мажбурлап жиберүү керек. Өткөндө балдар бир кызды тажиктердин үйүнөн алып чыгышыптыр. Ал кыз 7-8 тажик балдардын арасында мас болуп, эч нерсе сезбей 3 күн жаткан экен. "Өлүк" жатат дейт. Эми ушул болобу...? Жанагы аборт кылган жерге барсаң, жалаң кыргыздын кыздары. Таштап кеткен балдар кимдики көп - кыргыздардыкы. Чындыгында уялабыз. Башкалар керек болсо "Силердин кыздарды антип-минтип атабыз" деп, бетиңе айтып шылдыңдайт. Уялабыз...", - деп сөздү Абдразак мырза баштады.

Телефонду ошол эле жердеги Айымгүл аттуу кызга узаттык, ал Москвада 4 жылдан бери жашайт:

"Дагы кыргыздын балдары чыдамдуу экен. Тиги чечен-дагестандыктарга окшоп, чекеден кармап алып мазактаса кантет элек? Туурасын айтсак, азыр кыздар чектен чыгып кетти. Мектепти бүтө элек кыздар келип атат. Жашы жете элек деп иш таппай отургандар дагы бар. Эптеп күнүмдүк кара жумуш жасап, жан баккан кыздар бар. Буга ушундай жаш кыздарды бул жакка жөнөтүп жаткан ата-энелер күнөөлүү. Ата-энелер кызым катырып иштеп жүрөт деп ойлошот, балээниби - алар ичип-чегип жүрүшөт. Анан бир өзбек же тажикти ээрчип алышат, ал туура эмес да!"

2 ай мурда Москвадагы тажик мигранттардын арасында “тарбиялык” мааниси терең, кыз-келиндерге "сабак" болчу видеотасма пайда болгон. Анда эки тажик жигит эки кызды ээн батирге камап алып, кыздардын биринин чачы менен кашын биринчи жигит такырайта кырып атса, экинчи жигит видеого тартып жатканы, курмандыкка айланган кыздын жансоогалап, "Эртең кантип көчөгө чыгам?" - деп ыйлаганы даана көрүнөт. Телефондун видеосуна тартып аткан жигит болсо "Эми муну жөн калтырбай, интернетке коюп, ааламдын алты бурчуна жаябыз", - деген “өкүмдү” угузганда – эми эле чачы-кашынан айрылган кыз “Тажикстанда атам көрсө өлтүрөт” деп эс-учунан танат.

19 жаштагы Айнагүл өзү төрөгөн ымыркайын Москва дарыясына ыргытып ийгенден кийин полиция кармаган. Анын окуясын Москвада 8 жылдан бери юрист болуп иштеген, сотто өз баласын өлтүргөн энени коргогон Назарова Айниса "Азаттыкка" айтып берди:

"Айнагүл Москва шаарына жумуш иштеп, ата-энесине жардам берем деген жакшы ниет менен келсе керек. Анан бул жерде бир жаш жигит менен жүрүп, андан боюна болуп калат. Төрөй турган маалы келгенде "тез жардам" менен төрөтканага кетет. Төрөгөндөн кийин ал кыз "Эми ушул кичинекей наристем менен Кыргызстанга кайсы жүзүм менен барам. Ата-энеме кантип көрүнөм, аларга эмне деп түшүндүрөм, жигитим болсо таштап кетсе", деген ой келип, төрөгөндүн эртеси күнү бөбөктү ороп, көтөрүп барып, Москва дарыясына таштайт. Бул кылмыш иши эмне болуп ачыкка чыкты? Жанагы жаңы төрөлгөн бөбөктүн колуна "баланча баланча күнү төрөдү" деген атайын номери менен жазууну колуна байлап коюшат да. Анан полициянын оперативдүү тобу ымыркай кыздын сөөгүн колундагы жазуусу менен таап алат".

Соңку кезде Орусияда каракчылык, киши өлтүрүү, талап-тоноо сыяктуу оор кылмыштарды жасаган кыргыз жарандарынын саны өсүп жаткандыгын юрист Айниса Назарова тастыктайт.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Ала-Тоо» коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева мигрант кыргыз жигиттердин жаш кыз-келинди кармап алып, өз алдынча сот уюштуруп, “өкүм” чыгарып, кыргыздын эркектери аялдарын кордогонун - "миграциянын трагедиясы" деп баалайт.


Кайдыгерлик...

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева Орусияда оор абалда калган кыргыз кыздарынын тагдырын кайдыгерликтин жыйынтыгы катары сыпаттайт:

- Бул көйгөй ата-эне, коом, мамлекет - бардыгы кайдыгер болгондуктан улам пайда болуп отурат. Ал эми жанагы жигиттер ошондой жол менен намысыбызды коргойбуз деп аша чаап жатышпайбы. Бирок ошол абалга түшүп калган кыздын чыныгы көйгөйү менен эч кимдин иши жок болуп жатпайбы. Бул жактагы укук коргоочубуз дегендер мындай иштер менен алектенбейт. Анткени ага грант берилбейт. Акыйкатчынын болсо мындай маселеге колу жетпей жатабы же кайдыгерлик кылып жатабы, анысы белгисиз. Бул өзү Акыйкатчынын негизги иши болуш керек эле.

Орусиянын шаарларындагы кыргызстандык эмгек мигранттардын арасындагы буга окшогон фактылар боюнча бир дагы кылмыш иши козголо элек. Адам укугу дегенде ичкен ашын жерге койгон Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү же саясаттын казанын кайнаткан коомдук активисттер бул туурасында маалыматтары жок экендигин айтып, ийин куушурушат. Орусиянын аймагында иш алып барган кыргызстандык бейөкмөт уюмдарга бул маселе белгилүү болгону менен, жыйынтыктуу иштерди жүргүзүүгө алардын чама-чаркы жетпей жаткан сыягы. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун бул көйгөйгө көңүл буруп, тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүүнү убада кылды:

- Мына ошол балдар да улуттук ар-намысы козголуп күйүп жатышкандыр. Бирок маселени андай жолдор менен чечүүгө болбой тургандыгын түшүнүшпөсө керек. Кыздарды мыйзамсыз суракка алып, өз алдыларынча эле сот жүргүзүп отурушканы мыйзамсыз. Бул боюнча алар жооп берүүгө тийиш. Биз бул маселени укук коргоо органдары менен биргеликте иликтеп чыгып, тиешелүү жыйынтык чыгарабыз. Ал жигиттер кыздарды коргобой эле аларды кордоп айрым учурларда алардын өмүрүнө кол салып жатышканы үчүн жазаланууга тийиш.

"Ура патриотторбу"?

Бейформал маалыматка караганда, үч жыл мурун Орусиянын Москва, Екатеринбург, Новосибирск сыяктуу ири шаарларында “кыргыз кыздарынын жүрүм-турумун тескеп, аша чапкандарын жазалайбыз” деген кыргыз мигранттардын атайын топтору уюшулган. Алардын курмандыктарынын саны учурда канчага жеткендиги азырынча эч кимге белгисиз. Анткени бул маселе кыргыз эмгек мигранттарынын арасындагы жабык темалардын бири. Мурдагы миграция министри, азыркы өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Айгүл Рыскулова мындай көрүнүштөрдүн көбөйүшүн улутчулдукту бетине кармаган криминалдык күчтөрдүн аракети катары баалады:

- Буга негизинен Кыргызстандын ичиндеги улутчул саясатчылардын, улутчул-радикалдык топтордун пайда болушу таасир этип жатат. Мына ошол жагдайлардан улам, өздөрүн ар-намыс үчүн кызмат кылып жаткандай түр көрсөткөн жигиттер иш алып барып жатышат. Мурда мындай көрүнүштөр жок болчу. Муну орусиялык укук коргоо органдары менен биргеликте иликтеп, мына ошол балдардын өздүгүн аныктап табуу керек. Диаспоралар аркылуу иш жүргүзүп, бул маселеге чекит койбосо, анын арты кайгылуу иштерге алып келиши ыктымал.

Ошол эле кезде Кыргызстандагы улуттук-патриоттук күчтөр чет жердеги кыздардын жүрүм-турумун тескөөгө байланышкан Орусиядагы кээ бир белгисиз
топтордун аракеттерин айыптаган билдирүү менен чыгышты. “Жогорудагыдай мазмундагы интернет аркылуу таратылган видео тасмалар улуттун ар-намысын коргоодон мурун, аны мазактоого барабар” дешет алар.

“Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев Орусиядагы кыргыз кыздарын видеого тартып, интернетке койуп, кордогон фактыларды кылмыш деп баалап, ага тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырды:

- Бирөөнүн эркиндигин чектеп, коркутуп-үркүткөн же болбосо мына ошол кыздарды кордоп, шылдыңдаган фактылар эч кандай абийирдин чен-өлчөмүнө жатпайт. Бул жерде алардын аракеттери туурасында бирдеме деп айтууга да ооз барбайт. Мына ошондуктан, бул маселени кылмыш фактысы катары гана кароого болот. Тилекке каршы, сыртта миграцияда жүргөндөрдүн ичинде адеп-ахлакка туура келбеген жүрүм-турумдагы уул-кыздарыбыз болуп жатат. Бирок аларга карата зордук-зомбулук менен кандайдыр бир деңгээлде таасир этебиз дегендер жаңылышат. Мындай маселелерди түшүндүрүү же колдоп, коргоо аркылуу чечсе болот.




Укук коргоо органдарынын укуругу жетеби?

Бул туурасында Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы жок болуп чыкты. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү интернеттеги материалдардын негизинде иликтөө иштерин алып барууга мыйзам жол бербей тургандыгын айтышып, бул боюнча Орусиядан кандайдыр бир маалымат болгондо гана ага карата чара көрүүгө мүмкүн экендигин белгилешти. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Бакыт Сейитов болсо тиешелүү арыздын же кандайдыр бир жолдонгон маалыматтын негизинде гана атайын иликтөө иштерин уюштурууга боло тургандыгын белгиледи:

- Биздин ички иштер министрлигинин Орусияда атайын өкүлчүлүгү бар. Эгерде бул фактылар боюнча кандайдыр бир так маалыматтар болуп калса, мына ошолорго кайрылышса же бизге кайрылып конкреттүү фактылардын негизинде билдирме жолдоно турган болсо мындай маселени иликтеп чыгып ага катышы бар жарандарга карата чара көрсө болот.



Анткен менен Орусиядагы эмгек мигранттарынын арасындагы аталган фактылар Орусиянын же Кыргызстандын укук коргоо органдарынын көңүлүнө илинбей калган. Буга чейин кайдыгерликтин айынан көтөрүлбөй келген бул көйгөйдү бир катар депутаттар парламенттик талкууга койууну сунушташууда. Ошол эле кезде депутаттар тиешелүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чакырышып, Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалы боюнча токтоосуз чараларды көрүү маселесин талкууга алууну мерчемдешүүдө.

Ким күнөөлүү? Ким чечет?

Философия илимдеринин доктору, профессор Мариям Эдилова четте жүргөн ар бир жаран жеке жүрүм-туруму аркылуу өз улутунун маданиятын чагылдырып тураарын белгилейт. Ал эми кыргыз мигранттардын өз жердешине көрсөткөн “тарбия-сабактын" учугу барып туруп “кызга кырк үйдөн тыюу” деген элдик философияга такалаарын чечмелейт.



Орусия Илимдар Академиясынын алдындагы Миграция борборунун маалыматында Тажикстандан келген аялдар жалпы мигранттардын 12%, өзбек аялдар 15-16%, кыргыздын кыз-келиндери 30-40% чейин түзөт экен. Мигранттардын жаш курагы, таштанды балдардын саны боюнча жана орус тилин билүү жагынан дагы кыргызстандыктар 1-орунду эч кимге бербей келатат.

Орусияда жалпы эле чет элдик эмгек мигранттарынын 30% аялдар түзөт. Бул расмий статистика гана. Ал эми чын-чынында учу-кыйырына көз жетпеген бул өлкөдө канча аял мигранттар жүргөнүн эч ким айта албайт.

Кыргызстандын парламенти Москванын балдар үйлөрүндө кыргыз мигранттардын кан-жанынан жаралган кеминде эле 230 наристе багылып жатканын билдирген. Москвадагы кыргызстандыктардын "Айгүл Таш" коому таштанды балдардын көбүнүн энелери өз мекендештеринин сексуалдык курмандыктары болгонун белгилейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG