Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Москва: Мигранттардын мушташы өлүмгө алып келди


Кыргызстандан Орусияга агылган мигранттардын саны дале арбын.
Кыргызстандан Орусияга агылган мигранттардын саны дале арбын.

12-мартта Москвада кыргыз жана тажик улутундагы топтордун мушташынан 18 жаштагы кыргызстандык набыт болуп, дагы бирөө оор жараат алды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул кылмышка шектүү делген тажик улутундагы үч адам кармалганын кабарлады. Ушул эле күнү 25 жаштагы өзбек жигитти белгисиз бирөөлөр токмоктоп, машинесин өрттөп салышканын орус сайттары жазып чыкты. Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарды кечкисин көчөгө чыкпай, этият болууга үндөп жатат.

Болор-болбос таарынычтан чыккан чыр өлүмгө алып келди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, 12-мартта Москванын “Отрадное” метросунун жанында кыргыз жана тажик улутундагы эки топтун кагылышуусу катталган. Урушка катышкандардын бардыгы аталган райондогу “Карусель” соодо борборунда иштеген мигранттар болгон. Таарынычтан тутанган жаңжалдын айынан 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Жаңы-Дыйкан айылынын тургуну Элдияр Алишеров каза тапканын элчиликтин юристи Алмаз Абдысияев кабарлады. Кыргызстандын дагы бир жараны Канат Мусурманкулов көкүрөгүнө бычак жеп ооруканада жатат.

- Болор-болбостон чыккан таарынычтардан улам эки тараптан тең көптөгөн адамдар кошулуп мушташ болгон. Ошонун жыйынтыгында бир киши каза болуп, экинчи бир жараныбыз оор акыбалда оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Элдиярдын ата-энеси да Москвада. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып калса сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү чаралары көрүлөт.

Набыт болгон Элдияр Алишеровдун канча убактан бери Москвада жүргөнү, кандай жумушта иштегени тууралуу маалымат тактала элек. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, аймактык прокуратура ишти иликтөөдө. Абдысияев тергөөчүлөр окуя болгон жерден бычак табышканын жана бул кылмышка шектүү делген тажик улутундагы үч жаран кармалганын маалымдады.

Ушул эле күнү 25 жаштагы өзбек жигитти белгисиз бирөөлөр токмоктоп, машинесин өрттөп салышканын орус сайттары жазып чыкты.

Кооптуу турмуш

Орусиядагы мигранттардын айтымында, жаз алды менен такырбаштардын (скинхеддердин) башка расадагы адамдарга кол салуусу көбүрөөк байкалат. Ошол себептүү да Москвада короо шыпырып иштеген Жоодар Айтназаров топтошкон жаштардан оолак болууга аракет кыларын белгиледи.

Ал үй-бүлөсү, эки баласы менен Москвага барганына беш жылдай болуптур.

- Азыр жашоо-турмуш аябай эле оор. Жумуш жок деп деле айта албайсың, баары эле иштеп атышат, батып атышат Москвага. Сактанганды Кудай сактайт дейт, көчөдө көп жүрбөсөк болду. Алар деле “мен скинхедмин” деп келбейт экен да. Жини менен келгенде кача албай калат экенсиң. Эми андан Кудай сактасын, аларга сөз жок да кыскасы.

Ошентсе да Орусияга агылган мигранттардын саны арбын. Бишкектен жумасына үч жолу жүргүзүлгөн темир жол каттамы аркылуу кеминде 350дөн ашуун адам Москвага сапар тартат. Мигрант Алиман Досматованын деле жакында Кыргызстанга кайтайын деген ою жок.

- Бул жакта кыйын, кечкисин көчөгө чыгыш коркунучтуу дейин десең Кыргызстанда деле кыйын болуп калды деп угуп атабыз го. Мен өзүм Оштон болом. Түндөсү Ошто көчөгө чыгыш кыйын дешет. Ошон үчүн бул жакта бардыгына кайыл болуп эле иштешет.

Орусияда улутчул жаштар жыл сайын 20-апрелде Гитлердин туулган күнүн белгилешет. Мындай көрүнүш баш калаа Москва менен Санкт-Петербургда күч экени айтылып жүрөт. Ушул убактарда ар кандай улутчул ураандарды көтөргөн жаштардын колунан мерт болгон кыргызстандыктар да болгон.

Бул ирет Кыргызстан элчилиги Орусиянын тартип коргоо органдары менен бирге иш алып барып, мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Элчиликтин юристи Алмаз Абдысияевдин айтымында, метролордо милиция кызматкерлеринин саны көбөйтүлдү.

- Чогуу иш алып барып, ошол эле мезгилде топтошуп жашаган кыргызстандыктар арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүрүп жатат. Андан сырткары гезиттерибиз аркылуу коопсуздукту сактоо боюнча кабар, кеңештер берилет. СМС билдирүү менен кабарларды берип атабыз. Укук коргоо органдары тарабынан да бул багытта иштер күчөтүлгөн. Мурда бир метро станциясына экиден милиция болсо, азыр иттери менен дагы кошумча кызматкерлер коюлган.

Ушуну менен үстүбүздөгү жылы Орусиядан төртүнчү жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келинмекчи. 4-январда бычактан Чынгыз Супатаев набыт болсо, 24-январда “Домодедово” аэропортундагы жардырууда Мурат Хакназаров каза тапкан. 21-февралда Кыргызстан жараны Жоомарт Айдаров Москвада көп кабаттуу имараттын чатырындагы карды тазалап аткан жеринен учуп кеткен.

Өткөн жылы Орусиядан ар кандай себептер менен каза тапкан элүүдөн ашуун кыргызстандыктардын сөөгү алынып келинген.

XS
SM
MD
LG