Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Орусияда 1-январдан тарта базар, соода түйүн жана дарыкана жетекчилерине эмгек мигранттарынан сатуучу алууга тыюу салынды. Ошол чечим Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга таасирин тийгизип, кысымдар байкала баштаганын Москвада иштеген мигрант Алиман Досматова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Орусия 1-январдан тарта мигранттарга чектөө киргизген экен. Бул чечим Москвадагы мигранттарга байкалып жатабы?

- 1-январдан тарта ушундай мыйзам чыкканын угуп жатабыз. Бизге деле байкалып атат. Мисалы, базарда, соодада иштегендерди кысуу башталды. Биз менен жашап, базарда иштеген эки кыз кетип атат. Алар эже-сиңди. Бирөө "болду, келбейм" десе, экинчиси Орусиянын жарандыгын алууга аракет жасай турган болду. Аларга иш берген кожоюну “кеткиле, мага да кыйын болбосун” деп айтыптыр.

Андан сырткары өзүбүздүн дүкөндө иштеген короо шыпыргычты да Кыргызстандын жараны болгон үчүн “мен сен үчүн айып пул төлөгүм келбейт. Ал акчаны сен өмүр бою иштесең да төлөй албайсың. Андан көрө кет”,-деп, анын иштен кеткенине эки күн болду.

- Ушундай чектөө киргизгенине карабай Москвага иш издеп баргандар көп эле болуп жатса керек. Орусиянын жарандыгын алууну каалаган же жараны болгон кыргызстандыктар көбөйдүбү?

- Андайлар көп. Биздин дүкөндө иштегендердин экөө гана украиндер болбосо баары кыргыздар. Ошолордун баары Орусиянын жарандыгын алышкан. Азыр бир эле кыз калды, ал да документтерин тапшырып койду.

Биз баарыбыз эле жумуштун айынан Орусиянын жарандыгын алабыз да. Мени да "документиңди туурала, болбосо кет" дешкенинен эки ай мурда жарандык алгам. 1-январдан тарта "документиңер жогуңар кеткиле" деп кыса баштагандан кийин бардыгы аракеттенүүдө. Мурда эле албаганына өкүнгөндөр да көп.

- Орусияда улутчулдардын колунан набыт тапкан мигранттардын саны көбөйгөнү тууралуу маалыматтар айтылууда. Ошого карабастан эмне үчүн Кыргызстандан Москвага кеткендер көп?

- Каза тапкандар чындыгында көп эле болду. Айрыкча декабрь айындагы жаңжалда көп эле кыргыз өлдү деп уктум. Ал айтылганы, айтылбаганы канча.

Жарандык алганыбыз алдык, азыр чуркап аткандар да бир топ. Бирок азыр славян өңдүүлөр керек деп, ошону талап кылып жатышат. Эми биз аларга окшобойбуз да. Жумушка албай да кыйнап атат. Менин эле агам Орусиянын жараны болсо деле эч жерде жумушка албай, кайра Кыргызстанга кетти. Азыр жумуш табуу бул жакта кыйын болуп калды.

- Сиз өзүңүз Кыргызстанга качан кайтып келейин деп атасыз? Иштегениңизге канча жыл болду?

- Кудай кааласа Кыргызстанга барам. Москвада иштегениме беш жыл болду. Бул жакта кыйын болуп атат, түнү жумуштан үйгө баратканда коркуп, "улутчулдарга туш болуп калбайлы" деп кетебиз. Антейин десең Кыргызстан деле коркунучтуу болуп калды деп угуп атабыз го. Мисалы мен Оштон болом. Ошто түнкүсүн көчөгө чыгуу кыйын дешет. Мейли Кыргызстанга барабыз дейли, эмне жумуш кылабыз? Балдарымды кантип багам? Ошол үчүн эле бардык иштин оор-жеңилине кайыл болуп иштеп атабыз.

Биз иштеген жумуштарда орустардын өздөрү иштебейт. Эки күн ишеп, бизге төлөгөн айлыкка, иштин оордугуна чыдабай кетип калышат. Эми Кыргызстандан бул жактагы акчаны таба албайм да. Ошондуктан азырынча биротоло кайтуу оюмда жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG