Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Москвада дагы бир кыргызстандык мигрант набыт болду


Туш тараптан тооруган коркунучка карабастан Орусияга иш издеп келген мигранттардын агымы азайбайт.
Туш тараптан тооруган коркунучка карабастан Орусияга иш издеп келген мигранттардын агымы азайбайт.

6-январда Москванын батышындагы Давыдов көчөсүндө токтоп турган “Жигули” үлгүсүндөгү унаанын ичинен 25 жаштагы жигиттин өлүк денеси табылды. Териштире келгенде маркум Кыргызстандын атуулу болуп чыккан.

Адистердин бүтүмүнө ылайык, 2-январда белгисиз бирөөлөр ага ок ачып, андан соң бычак менен сайып кеткен. Ошону менен Орусияда бир нече күнгө созулган майрамдарда эки кыргызстандык киши колдуу болду. Азырынча алардын аты-жөнүн тактоо кыйын.

Бул кайгылуу окуяга байланыштуу “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы “Ала-Тоо” биримдигинин төрайымы Жамиля Бегиева жана кыргызстандык мигрант Насип Асанбаевди кепке тартты.

Жамиля Бегиева: Мен бул жигит тууралуу азыр угуп жатам. Андан мурда бир үйдө жашаган лейлектик балдардын бири ичип алып, баш бербегенде аны союп салыптыр деп уккам. 2-3-январь күндөрү телефон чалышкан. Ошол бала болуп жүрбөсүн?

“Азаттык”: Жок, бул жигиттин сөөгү унаанын ичинен табылган. Лейлектик баланын аты-жөнүн билесизби?

Жамиля Бегиева: Сурап тапса болот. Мени коркуткан эки нерсе бар. Дайыма майрам күндөрү бул жерде кыргыздар көп жашаган жерлерде кырсык болот. Жай келгенде сууга чөгүп өлүү көп болот. Сууга сүзүүнү билбегендиктен чөгүп өлүшөт. Ичип алып анан сууга түшөт.

Былтыр майрамда да эки бир тууган кыргыз ичип алып көчөгө чыгып, мушташып, аларды дагестандыктар союп кетишкен. Мындай окуялар көп эле болот. Көп кылмыштардын бети ачылбаган бойдон калат. Жыйырма адам жашаган үйдө “өлөр бала өлдү, муну жыгылып кетип мерт болду дейли, антпесек колубузда документибиз жок турса, баарыбызды кармап, Орусиядан чыгарып жиберет” деп коркуп, сүйлөшүп туруп жашырып коюшат.

“Азаттык”: Насип мырза, 2-январда кыргыз жигит кимдир бирөөнүн огун жеп набыт болгон экен. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?

Насип Асанбаев: Жок, мен жаңы жылдан бери үйдөн чыкпай отурам.

“Азаттык”: Сиз башка кыргызстандыктар менен байланышып турасызбы? Коркуп-үркүү барбы?

Насип Асанбаев: Бул жакка келгендер ошондой коркунуч бар экенин билип туруп келгендер. Фанаттар чуу салган күндөрү кечкисин сыртка чыкпай жүрдүк. Жаңы жылдан тарта баары тең аны унутуп калышты. Кадимкидей эле эч коркунуч жоктой жашап атабыз.

“Азаттык”: Буга окшогон кайгылуу окуялар болгондо бири-бириңерге кабар айтасыңарбы? Же кокустук болгон киши өз азабын өзү көрүп калабы?

Насип Асанбаев: Кабар келген жок.

“Азаттык”: Диаспора кабарлабайбы? Өзүңөрдүн алар менен катыштыгыңар барбы?

Насип Асанбаев: Диаспора өкүлдөрү менен байланышым жакшы эле. Бирок майрам күндөрү алар иштеп атабы, же жокпу билбейм. Акыркы эки кайгылуу окуя тууралуу укпай калдым. Мурда угуп эле жүрчүм. Бул жерде мындайда да: кимдир бирөө каза болсо ошонун жердештери чуркап, туугандарына жардамдашат.

“Азаттык”: Ушундай учур болуп калганда аны баарыңарга кабарлап тургудай түйүн болушун каалар белеңиз? Аны кайсы уюм же ким уюштурушу керек?

Насип Асанбаев: Абдан жакшы болмок. Бирок андай түйүндөр бар деп айтып жатышпайбы. “Кыргыз биримдиги” деген бар, элчилик бар. Мен угуп жүрөм, өзгөндүктөр кор уюштуруп алышыптыр. Ай сайын акча чогултушат экен. Бир кырсык болгондо алар анын чыгымын көтөрө коюшат экен. Кырсык болгондо карбаластабай ага чейин эле даяр турушат да. Негизи бизге ошондой уюм-түйүн керек. Ошону уюштура алышпай атпайбы.

“Азаттык”: Кыргызстан соода үйү ачылыптыр, ошонун негизинде уюштурса болот беле?

Насип Асанбаев: Аны уюштура турган киши жок. Анын баарын элге жеткирип тургудай бирөө керек. Антпегенде, бул жакка кыргыздар иштегени келгенден кийин эртеден кечке иште болушат. Кээ бири түнкү саат 12ге чейин иштейт. Ал эми уюштурган киши болгондо көп чуркап аларга маалымат жеткирип турганда болмок. Кайдыгер болбошубуз керек эле да, бирок кайдыгербиз.

XS
SM
MD
LG