Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

"Данисте": Москвадагы мигрант кыз-келиндин тагдыры


Москвада тагдырдын катаал түйшүгүн тарткан кыргыз кыз, 22-апрел, 2011-ж.

Москвада тагдырдын катаал түйшүгүн тарткан кыргыз кыз, 22-апрел, 2011-ж.

Москвада өз канынан жаралган ымыркайын таштаган же өлтүргөн “энелер”. Алар ким? Эмне үчүн? “Данисте” даректүү баян түрмөгүнүн атайын иликтөөсү.

Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштаган келиндер, наристесин көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберген кыздар, мыйзамсыз бойдон алдыруулар, ажатканасы презервативге толгон кафелер, асынып өлгөн кыздар - миллиондогон мигранттардын Москвасы ушундай.

Күнүнө 16 сааттан иштеген Москва, 10 адам бир бөлмөнү түнөктөгөн Москва, акча менен алдоого бай Москва, уйкусуз Москва, муңайбаган Москва...

Москвадагы таштанды наристе


Бул кыргыз улутундагы ымыркай жакында Москвадагы №36 оорукананын төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди. Эми анын мындан аркы тагдыры кандай болоору белгисиз.

Бул төрөтканага документ, каттоосу жок жана балдарын таштайм дегендер келип төрөшөт. Ооруканда иштеген карапайым кызматкерлер жаңы төрөлгөн ымыркайлардан мигрант энелер күнүгө баш тартарын айтышат. Андайлардын басымдуу бөлүгү - кыргыз келиндери. Төрөп, баласын алып кеткендер сейрек кездешет.

Колдон колго өткөн балдар

Азыр Москвада төрөт үйүнө жеткирбей туруп, жаңы төрөлгөн балдарды кабыл алчу "эжелер" пайда болду.

- Жакында 38 жаштагы келин таштап кетти. "Күйөөм билбесин" дейт. Улуу кызы төрөп, неберелүү аял экен. Биз кыргыздар эмне болуп калдык? Ушул суроого такыр жооп бере албайбыз. Кайсы жакка бара жатабыз? Кыргыз деген атыбыз өчүп кетеби?

Мурдагы “Аруужан”, азыркы “Айгүл Таш” коомдук уюмунун жетекчиси Урмат Байматова Москвадагы кафелердин биринде ушул суроолорду узатты.

Урмат Байматованын үйүнө биринчи баланы 2 жыл мурун таштап кетишкен. Андан бери бул аял 40 таштанды баланы жаңы үй-бүлөлөргө жайгаштырды. Өзү да “кырк неберелүүмүн”, - деп күлүп калат.

Ымыркай төрөт үйүндө калса, андан ары дароо балдар үйүнө жөнөтүлөт. Аларды кайра кыргыз жарандарынын асырап алышы бир топ кыйындайт.

Москвада ташталган балдарды үй-бүлөлөргө жайгаштырчу “Кыргызстан аялдары” кору жана “Айгүл Таш” уюму көптөргө белгилүү.

Москвадагы "кырк неберелүү" Урмат Байматова
"Жазылбаган мыйзамдар" боюнча бул аялдар кыргыз ымыркайларга кыргыз ата-эне таап берүүгө аракеттенишет. Албетте орус үй-бүлөлөр асырагандар да бар.

Урмат Байматова үй-бүлөлөрдүн бала асыроосун мыйзамдуу жана оңойлотуу үчүн акыркы убакта жаңы ыкма тапкан.

Бала багып алчу үй-бүлөдөгү ата баласын таштайм деген келинге кагаз жүзүндө үйлөнөт. Бала төрөлгөндөн кийин "түгөйлөр" ажырашып, бала мыйзамдуу түрдө “атасында” калат.

Урмат Байматованын семиз папкасы "баламды таштайм" дегендердин арыз-каттары жана балдардын сүрөттөрүнө толгон.

Москвада ушундай эле ишмердүүлүктү аркалаган “Кыргызстан аялдар” фондусунун президенти Бурулча Төрөбекова Орусиядагы төрөт үйүнөн, же балдар үйүнөн наристелерди багып алуу фактысын кезиктирген эмес.

- Ушуга чейин төрөт үйүнөн эч кимди алып бере элекпиз. Колмо-кол гана кетип атат. Бирок мыйзамга туура келиши үчүн баласын таштайм деген аял Кыргызстанга барып, бүт юридикалык суроолор ошол жактан чечилет. Жөнөкөй сөз менен айтканда биз ортомчубуз.

"Алло, баламды таштайын дедим эле..."

Урмат менен Бурулча эжелерге баласын таштоо мүмкүн экендигин Москвадагы кыз-келиндер жакшы билишет. Өздөрү келет, же боюнда бар кезинде эле "баламды таштайм" деп телефон чалышат.

Урмат Байматова кафеге баласын таштаган келинди ээрчите келди. Аида диктофонго үнүн жаздыргысы келбегени менен өз башынан өткөндү баяндады.

Аиданын окуясы жүздөгөн кыздардын тагдырына куюп койгондой окшош. Кыргызстанда айылдардын биринде калган бейкапар балалык, мектептеги акыркы коңгуроо, андан соң Москвага келип пол жууп, идиш жууп, же базарда соода кылуу. Анан өзү жашаган жерде бир жигит менен таанышып, сүйүүгө кабылат.

Кош бойлуу экенин уккандан кийин Аиданын “сүйүүсү” чоң Москвада жиксиз жоголот.

- Аида менен дагы бир курбусу жакында жарым жыл болоюн деп калган балдарын алып келишти. Бул эки кыз метро жабылганга чейин кыздарын көтөрүп алышып, ошол жакта жашайт. Метро жабылган соң “Макдоналдска” барып, таң атканга чейин балдары менен ошол жакта отурушат. Жарым жыл чыдашыптыр, балдарыбызды таштабайбыз деп, - деп Урмат Байматова Аиданын окуясын эстейт.

Аиданын айтымында, ал күнү элүүдөн өткөн кыргыз “байкелер” ремонт жасап аткан үйгө түнөп кеткиле деп чакырышат. “Жардам берели деген экен” деп сүйүнгөн эки кыз балдарын бооруна кысып, чакырган жерге барат.

- Атабыз менен тең эркектер таң аткыча билгенин кылышты. Акырында чыдабай бир бөлмөгө качып чыгып, жанымдагы Перизат кыздарыбызды кармап отурду, мен эшикти ачпай кармап атып, кутулдук, - деп ыйлап эскерет Аида ал түндү.

Бала таштоонун “чемпиону” - кыргыздар

Москвадагы эмгек мигранттар арасында наристелерден баш тартуу боюнча кыргыздар “алдынкы орунда”. Урмат Байматовага эки жыл ичи эки өзбек, эки тажик кайрылган, калган отуз сегизи - кыргыз кыз-келиндер.

Москвадагы кыргызстандык аялдар менен иш алып барчу “Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева кыргыз кыздар көңүлдөшүн көп алмаштырган көрүнүштү иликтөөлөр далилдегенин айтат.

“Азаттыктын” кабарчысынын "буга эмне себеп" деген суроосуна жооп бергендер “көпчүлүк менен жашоо” дешет.

Максат Канкыбаев, Муфтийдин Москвадагы өкүлү
- 20-30 киши эки же үч бөлмөлүү батирде чогуу турушат. Абал өтө оор. Келип, уктап эле кетишет. Жаш кыздар келишет, иштешет, балдар менен таанышышат, ичишет, бузулушат, никесиз бала төрөлөт, анан жигит акырында качып кетет.

Муфтийдин Москвадагы өкүлү Максат Канкыбаев Кыргызстандан 11-классты бүткөн кыздардын түз эле Москвага келип түшүп жатканы себеп болуп жатканын кошумчалады.



- "Ааламга жол айылдан башталат" дегендей, ошол кыздардын баары айылдан келип атат. Ата-энесинен баштасак. Жыйырма жаштагы кызын Москвага жөнөтүп жаткан ата кырктан алтымышка чейинки азамат болуш керек. Сиздин иштөөгө толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Сиз жаш кызыңызды Москвага жөнөтпөй эле, ага билим берип, кесиптин ээси кылып, анан койо берсеңиз. Ошол кыздар тапкан акчаны ата-эне каякка жумшайт? Той-тамашага, башка болбогон нерселерге. Инвестиция кылып ийген же бизнес түптөгөн кыргызстандыктарды жолуктура элекмин", - деп кейийт Жамиля Бегиева.

- "Жакында бир кыздын энеси менен сүйлөшсөк, “өзү кеткен, өзү келсин” дейт. Кызыңдан акча барганда сен намыс кылбайсың, дасторконду жасап алып эжеңдикине айылчылаганда намыс кылбайсың. Аталар кыздарын иштетип машина алганда намыс кылбайт, анан кызы баласын көтөрүп барганда эмнеге намыс кылат? Сен өзүң ошого түрткү болуп атасың го?", - деген Урмат Байматова суроолуу карайт.

Жаман экен кыздар ай...

Адепсиздик тууралуу кеп башталганда, жигиттер кыздарды, кыздар жигиттерди күнөөлөшөт. “Кыргызстан аялдары” фондунун аткаруучу директору Алийма Раимбекова буларга токтолот:

- "Москвадагы башка улуттагы айдоочулар "кыргыздын кыздары миң рубль берсең, бирөө менен кетет, ошонун эле досу эки сааттан кийин миң рубль берсе, аны менен да кете берет. Түндө канча киши алып кетсе, кете беришет", - деп кеп кылышат.

- Кыргыздын кыздары ушунчалык тебеленди. Кыздар миң эмес, отуз рублдук сыранын теңи болуп калды. 16, 17, айтор 20 жашка чейинки кыздарды алсак, баары орой сөз менен айтканда “бузулган” деп мен толук айта алам", - деди Урмат Байматова.

Жаман экен балдар ай...


Биз менен кафеде бирге отурган Аида качып кеткен жигитин эстеди. Кыргыз кыздарынын арасында, “койчу ошол кыргызды, аборттун акчасын да төлөп бербей качып кетет” деп көп айтылат экен.

“Айгул Таш” коомдун уюмунда иштеген Зейнеп Исакова кыргызстандык жигиттердин арасында зордуктоо, уурдоо, анан качып кеткен эркектердин кескин көбөйгөнүн айтат.

- Эгерде зордукталган, алданган кыздар арыз жазса, анда ушунчалык көп жигиттер түрмөгө түшмөк. Жигиттер ылгабай калышты. Апасындай аялдарга да кол салышат...

Москвадагы “кыргыз” кафелер

Бардык көйгөйлөр башталчу жайлар – бул көп адам жашаган батирлер менен "кыргыз" кафелер. Мен мындай кафелердин бирине апрель айында баш баккам. Топ-топ болуп агылышкан кыз-жигиттер таңкы бешке чейин кафелерде арак ичет, мушташат, андан башка "иштер жасалат".

Москвадагы мигрант кыздар


“Кыргызстан аялдары” коомунун кызматкерлер Бурулча Төрөбекова менен Роза Жумашева мындай кафелерде көргөндөрүн айтышат:

- Кыргыз балдар эле кыргыз кыздарын зордуктап коюп атышат. Анысы аз келгенсип, мисалы Москванын бир эле районунда кыргыздар атайын кыргыз жаштары үчүн беш кафе ачышты. Кечинде ачылып, таң атканга чейин иштейт.

- Ишенесизби, экинчи кабатында дивандар менен кичинекей бөлмөлөр бар. Мас болуп калгандан кийин, жетелеп барып эле... Презерватив ошол жерде үйүлүп калат,
- деди Бурулча Төрөбекова.

Бойдон алдыруу "өндүрүшү"


Москвадагы “Улукман” медициналык борборуна баш бактым. Бул борборду ачкан Дүйшө Алиев - хирург. Анын айтуусунда, бул жерге күнүнө он чактыдай кош бойлуулар кайрылат. Алардын ичинде бойдон алдыргысы келгендери дагы арбын.

- Биз медициналык көрсөтмөсү бар болсо гана аборт жасайбыз. Бирок мына караңызчы (гезитти ачып), метронун оозунда бекер таратылган бул гезиттердин бардык беттеринде “аборт” деген жарнаманы табасыз. Мыйзамсыз аборттор ушул көптөгөн борборлордо жасалышы мүмкүн.

Дүйшө Алиев көптөгөн кыргыз жаштары сактануу түгүл, жыныс кап эмне экенин билишпегендигин айтат. Ал тургай Урмат Байматовага кайрылган бир кыз “ваннадан боюма бүтүп калды” деп жалооруган.

Жамиля Бегиева, "Ала Тоо" уюмунун жетекчиси
- "Жакында бир иликтөө менен тааныштым. Бир жылда жети миң аял кайрылса, анын алты миңи аборт жасатыптыр. Бул бир борбор, бир эле жыл! Эми Кыргызстандын шартында канча бала төрөлүшү керек эле, эсептеп көргүлөчү", - дейт Жамиля Бегиева.

Москвадагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Алмаз Абдисияев жылына 10-15 аял Орусияда мыйзамсыз боюнан алдыруудан көз жумаарын билдирет.

Гүлзат Эгембердиева былтыр жайында 6 айлык боюнда бар кезинде боюнан алдырам деп Москвадагы борборго кайрылып, көз жумган. Келиндин денеси шаардагы парктан табылган. Жакында эле Гүлзатка операция жасаган дарыгер 2 жылга абакка кесилип, маркумдун үй-бүлөсүнө 500 миң рубль төлөп бермек болду.

Алмаз Абдисияев болсо соттун чечими колго тиери менен элчилик Орусиянын Жогорку Сотуна кайрылаарын кошумчалады.

Жаздык алдындагы бала

Мигрант кыз-келиндердин жеке жашоосундагы эң коркунучтуу жагдай - бала өлтүрүү. Биз менен баян курган Урмат Байматова, муфтийдин өкүлү Максат Канкыбаев, юрист Алмаз Абдисияев үрөй учурган окуяларды эстешет.

Урмат Байматова: Бир эне төрөп, баланын өлүгүн шейшепке ороп, жаздыктын астына коюп жатып алган. Баланын денеси жыттанып кеткенде мага чалышты. Барсам ызы-чуу. Жанагы наристенин денесин жууйун десем, жууганга да болбой калыптыр.

Максат Канкыбаев: Таштандылардан табылган балдар, имараттардан ыргытылган наристелер - бала өлтүрүү боюнча кабарларда эң алдыңкы сапта турабыз.

Алмаз Абдисияев: 2010-жылы 7 кыргызстандык келин бала өлтүрүү боюнча түрмөгө түшүп, алды жети жылга, арты эки жылга эркинен ажырады. Быйыл андай эки иш болду. Өздөрү төрөгөн баласын бирөөсү 9-кабаттан ыргыткан, экинчиси сууга ыргыткан, кийинкиси ваннада тумчуктуруп өлтүргөн.

Урмат Байматова: Эже-сиңди. Сиңдиси төрөгөн, эжеси ваннада кайнак сууну ачып баланы өлтүргөн. Ушунчалык да мыкаачы болобу?!

Урмат Байматова Тажикстандагы кан төгүлгөн жарандык согушту көргөн, "эч нерседен коркпойм, бир гана ушул баласын таштайм деген кыздардын көздөрү түшүмө кирет”, дейт.

Анын айтымында, баласын таштаган энелер, түгөйлөр бир да жолу кылчайып кайра келишкен эмес. Жакында эле бир жаш түгөйлөр баласын Урмат Байматовага карматып, анан майрамдагыдай чогуу сүрөткө түшүп, күлгөн бойдон кылчайбастан басып кеткен.

“Азаттык” сурамжылаган адистердин баары бул көйгөйдү чечүү үчүн айрыкча айылдарда жаштарга сексуалдык тарбия берүү, аялдарга жумуш ордун түзүү жана кесипке ээ боло элек жаш кыздарды Орусияга жөнөтпөө керектигин айтышат.

“85-жылдардан 90-жылдарга чейинки балдар 3-4 жашка чыкканда миграциянын биринчи агымы менен алардын ата-энелери Орусияга кеткен. Таенесинде, таежесинде калган балдар, ата-эне мээримин көрбөй чоңойгон балдар мына 25-30га чыгып, балдарын таштап жатышат”, - деди ызага баткан Роза Жумашева.

Москвада кыргыз аялдары менен иштеген коомдук уюмдар, төрөт үйлөрү, балдар үйлөрүндө калган наристелер тууралуу так маалымат жок. 2009-жылы кыргыз парламенти 230 бала Орусиядагы балдар үйлүрүндө калганын билдирген. Андан берки эки жылда эмгек мигранттардын агымы күчөп, анын шарапаты менен таштанды балдар эселеп өскөнү айтпаса да түшүнүктүү болсо керек.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG