Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Бөтөн жерге иш издеп барып, шылуундардын торуна кабылып жаткан жаш кыз-келиндердин тагдыры коомчулукту сар-санаа кылууда.

"Азаттыктын" бул жолку талкуусунда ушул маселе козголуп, ага «Сезим» кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова, Эмгек жана миграция башкармалыгынын башчысы Майрамбек Бейшенов, телефон аркылуу Москвадан кыргыздардын «Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин лидери Жамийла Бегиева жана дарыгер Пайзиллат Насипова катышты.

Бөтөн жерде жашоонун кыздар үчүн оорчулугу көп

«Азаттык»: Өзүңүздөр билесиздер, ар кайсы булактардан алынган маалыматтарга караганда, чет өлкөгө иш издеп кеткен кыз-келиндердин орточо жаш курагы 17 жаштан 35 жашка чейин экен. Айрыкча акыркы кездери иш издеп кетип жаткан кыздардын курагы жашарып бараткандыгын укук коргоочулар айрыкча белгилеп, коңгуроо кагып жатышат. Мен сиздерден сурайын деп атканым, мигрант аялзатынын жашоосу, тиричилиги чет жерде эмнеден башталат?

Жамийла Бегиева:
Чет жердеги кыздардын жашоосу, жалпы эле кыргыздардын жашоосу жашаган турак жайдын шартынан башталат. Биздин кыргыздар акчаны үнөмдөш үчүн бир батирде, мисалы эки же үч бөлмөлүү батир болсо, ошого жараша 20 адамдын тегерегинде, кээде 30га чейин адамдар жашашат. Жашоо шарты психологиясына жана башка көп нерсеге таасир тийгизет. Албетте, кыздардын жашоосунан дагы иштеген шарттары да аябай көп көйгөйлөрдү жаратат.

«Азаттык»: Адатта кайсы иштерде иштешет, кыз-келиндер кайсы жумушка көбүрөк тартылышат?

Жамийла Бегиева: Биздин кыз-келиндерибиз, эмгек миграциясына келгендердин көбү мектепти бүтүп эле келип аткандан кийин квалификациясы жок, квалификациясы болгондор да өздөрүнүн кесиби менен ишке орношо албагандыктан эң төмөнкү структурадагы иштерде идиш жуугуч, пол жуугуч болуп иштешет. Анан 12 саат, кээде 14 саатка чейин тике туруп турган жумуштарда иштешет. Ошонун бардыгы алардын ден соолугуна зыян келтирбей койбойт.



«Азаттык»: Бул жерде адис отурат, Майрамбектен сурасак. Албетте жарандар чет өлкөгө чыгып, эркин жүрүү укугуна ээ. Ошол эле мезгилде мамлекеттер ортосунда өз ара келишимдер бар. Алардын чегинде башка жактан жумуш издеп бараткандар кандайдыр бир кепилдиктерди алып, же бир келишимдердин негизинде ишке орношуп иштеши керек. Кыргызстанда Эмгек жана миграция министрлиги ушул багытта кандай иш алып барат, мигранттар менен кандай саясат жүргүзөт азыр?

Майрамбек Бейшенов:
Биздин министрлигибиз жалпы мигранттар боюнча иштейбиз. Орусия, Казакстан, Корея менен биздин келишимдер бар. Биздин жарандарыбыз Кыргызстандан кетип атканда көбүнчө мыйзамсыз түрдө кетип атышат, легалдуу эмес деп коет. Мындай кетүүдө, Жамийла айым айткандай, квалификациясы жок, мыйзамдарды билбей, орус тилин билбей кетип атышат. Ошондуктан проблема чыгып атат.

Биздин министрликке кайрылып, кеңеш сурап кетсе, биз аларга жардам бергенге даярбыз. Орусияда, Казактанда, Түштүк Кореяда биздин өкүлчүлүктөр ачылган. Орусиянын ар бир регионунда. Буга кошумча 30дан ашык өкүлчүлүктөр бар. Алар дайыма жардам берүүгө, ар кандай маселелерди чечүүгө даяр. Ошондуктан Орусияга, же Казакстанга кетип атканда, биздин жарандарыбыз бизге, же биздин аймактык башкармалыкка кайрылып, анан кетсе жакшы болот эле.

"Боюнан алдырабыз деп кезекте турган кыздарды көрдүм..."

«Азаттык»: Эч кандай каттоосу жок өз алдынча кетип калып жаткан мигранттардын, алардын ичинде татаал тагдырга туш келген кыздар аз эмес. Алардын бири Орусиянын чоң шаарларынын биринде жашаган айым экен. Биз аны менен ысымын жарыялабайбыз деген убада аркылуу маекке макулдаттык эле. Азыр ошол маектен үзүндү угуп, анан талкуубузду уласак.



Москвага келгениме төрт жыл болду. Эки жашар кызымды бир тууган эжеме таштап келдим. Кесибим мугалим. Тумуштан жолум болбой, жолдошуман ажырашкандан кийин кыйынчылыктар көбөйдү. Ата-энем жок. Эч кандай эч кимди тааныбайм. Эки бөлмөлүү батирде кыргыздар жашайт экен. Аял, эркек дебей бир бөлмөдө тизилип жатат экенсиң. Мамиле бири-бирине ушунчалык татаал экен. Мээрим дегенден эч нерсе жок. Эптеп эле акча табыш керек. Жаңы келгенде мага ушундай сезилди. Өзүм жалгыз бой келин болгондон кийин, бирөөгө таяныш керек болдубу, же жалгыздык кыйнадыбы бир адам менен жолуктум. Баары эле жакшы болуп аткансыды. Анан кош кабат болуп калыптырмын. Анын маселесин чече келгенде, ал "жок, кереги жок, мен сени төрө деген эмесмин, аялым, үй-бүлөм бар, төрөсөң өзүңө төрө" деди. Тааныштардан сураштырып, боюман алдырууга туура келди. Мыйзамдаштырылган медициналык борборлордон алдырайын десем, ал жерге менин бир айлыгым да жетпейт экен. Анан биздин өзүбүздүн кыргыздар иштеткен жеке менчик клиникалар бар экен, ошолордун биринен алдырдым. Алар эшиктен баш бакканда эле, канча деген суроо беришет экен. Болжол менен мынча десең, ошол жерден бардыгын чечип коет экен. 5-6 миң рубль баасы. Эч кандай анализ албайт, ден соолугуңду, эмне кылайын дедиң эле деп сурабай эле боюңан алып таштайт экен. Андан кийин ооруйсуңбу, эмне болосуң эч кимдин иши жок. Мен ушундай көп нерсеге күбө болдум. Ал жерде кезек, жаш кыздар толтура турат. (Мигрант аялдын сөзүнөн)
...

«Азаттык»: Ушундан улам Жамийла айымдан сурайын деп атам, ушундай тагдырга кириптер болгон кыргыздын кыздары көппү?

Жамийла Бегиева: Акыркы убакта көбөйүп кетти. Былтыр биздин «Ала-Тоо» коомдук уюму Москва өкмөтүнүн алдындагы Улуттар Советине ар түрдүү диаспоранын жетекчилери келип, Москва өкмөтүнүн тиешелүү департаменттери менен бирге жыйындар болуп турат, ошондо үй-бүлөлүк саясат департаментинен адамдар келип, кыргыз кыздардын таштаган балдары башка диаспоранын өкүлдөрүнө караганда көп дегенден кийин биз ушул проблеманы тереңирээк анализдеп, кыргыз гинекологдордон сураштырсак, аябай эле көп болуп кетти, 300-400дөй, андан да көп болуп кетти дешти.

«Азаттык»: Бул Москва шаарынын өзүндө элеби?

Жамийла Бегиева: Москва шаарынын өзүндө эле. Мына азыр Южнопортовый районунда эки кыргыз кыз балдарын таштап кетиптир. Экөө тең отказ жазбаптыр, андыктан асырап алууга бере албайбыз дейт. Эки уул бала. Ал кыз 89-жылкы экен. Ал кыздын атын айтпай эле коеюн, Дамир Андреевич деп кат жазып кошуп коюптур. Ошол катты мен сиздерге жиберип жиберем. Ошол кыздын ата-энесинен, же жакындарынан баш тартуу болгондо гана ушул баланы асырап алганга документти даярдай алабыз дейт. Ушундай аябай кайгылуу көрүнүштөр көп болуп кетти. Бардык ММКлардан маалымат бериш керек, ата-энелери кыздарын алыска жөнөтүп атканда ойлонушу керек, кызыбыз тапкан акча, кайра кызыбыздын жоготкон ден-соолугуна, же бүлүнгөн жан дүйнөсүнө компенсация болобу же болбойбу деп. Мамлекет да тез аранын ичинде кыздарды сактай турган мамлекеттик деңгээлде проблема көтөрүп, программа түзбөсөк биз кыздарды сактай албай, демографиялык кризис, андан башка дагы психологиялык кризис да болот.

Мигрант кыз-келиндердин убал-сообун ойлогон ким бар?

«Азаттык»: Сиздин ушул сурооңузду дароо эле Майрамбек мырзага жолдогум келип атат. Адамдардын, айрыкча кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында кандайдыр бир жаңы аракеттер барбы? Демографиялык кризиске учурабаш үчүн, кыздардын жаштайынан татаал тагдырга кириптер болбошун алдын алалбасак дагы, жок дегенде азайтууга кандай аракеттер керек деп ойлойсуз?

Майрамбек Бейшенов: Сиз айткандай тышкы миграция татаал маселе. Миграция тарабынан биринчиден өлкөбүзгө туруктуулук орноп, экономиканы өнүктүрүп, жумуш орундарын пайда кылыш керек. Биздин министрликте бул боюнча жаңы программа түзүлүп атат «Татыктуу эмгек» деген. Ошол программанын ичинде эркек болобу, аялзаты болобу, же жаш бала болобу, азыр иштеп чыгып атабыз, буюрса 2011-жылы ушул программа долбоор болуп ишке кирет деген оюбуз бар. Биз ушундай проблемаларды чечкенге аракет кылып атабыз.

«Азаттык»: Бүбүсара айым, сиз кандай дейсиз, кыргызстандык мигранттардын жашоосун жакшы нукка салуунун, демографиялык кризиске кирептер болбоштун аргасын эмнеден көрүп атасыз?

Бүбүсара Рыскулова:
Азыр биздин мамлекет кыйын акыбалда турат. Бул социалдык-экономикалык акыбал менен байланыштуу болуп атат. Мына азыр жаш кыздын кайгылуу тагдырын уктук. Бизде ички да миграция болуп атпайбы, Нарындан, Таластан келип атат. Биздин уюмдарда, орусча айтканда "предродовая палата" болуп кетип атат. Айына 1-2 кыз жанагыдай акыбалда биздин борборго келишет. Эмне болду деп сурасак, сүйлөшүп жүргөн баласы Орусияга кетип калды дейт.

«Азаттык»: Бул маселенин дагы бир жагы?

Бүбүсара Рыскулова: Ооба, айрым маалыматтарга караганда, жалаң эле боюнан алдырбай, таштап кетпей, майып кылып да койгондор бар. Бул Кыргызстандан көп болуп атат, бул өзүнчө көө болуп атат. Маалымат жок деп айттык башында. Билим берүү министрлигине кайрылып туруп, ар бир мектепте 11-класста адреси жок маалымат компаниясын өткөрбөй, ар бир бүтүрүүчүгө, кыздарга да, балдарга да маалымат бериш керек, барсаңар эмне болосуңар деп. 23 жаштагы кыз бизге кайырлды, боюнда болуп калыптыр дагы, төрөгөнчө жаап-жашырып, бизде болду. Эмне болду десек, менин боюмда болбош керек эле дейт. Эмне үчүн десек, айтат, мага нике кыйылган эмес дейт. Мына ушундай караңгычылык деле болуп атат, балдар кайдан келет, ден соолук кандай болот дегенди билишпейт. Бул жерде жалаң эле кыздарды жоопко тартпай, балдардын да жоопкерчилиги болуш керек. Төрөлгөн баланын тагдыры эмне болоорун, байланыш түзгөн кыздын тагдыры эмне болорун айтып. Ушул тууралуу маалыматты мектептен, ата-энелер, жалпы журтубуз колго алып, ушуга көңүл бурбасак болбойт. Жалаң эле маалымат эмес, мамлекет тарабынан дүжүр программа эмес, үй-бүлө институтуна программаларды алып туруп, бала-бакчадан баштап үй-бүлө эмне экенин, кыз менен баланын ортосундагы байланыш кандай болуш керек экенин үйрөтүп окутпасак кыйын болот.

Беш көкүл кызды алыска жиберүүнүн жоопкерчилиги

«Азаттык»: Сөзүңүздөргө аралжы, ушул жерде Москвада жашап-иштеген дагы бир тажрыйбалуу гинеколог Пазылат Насиповадан мурдарак жаздырып алынган пикирди уга кетели.

"... Азыркы учурда алты кыз бар, экөө жакында төрөйт, баласын бөлөктөргө беришет. Көпчүлүгү келгенде биринчи эле суроо коет, эже, сизде видео, жаздыруучу аппарат жокпу деп. Биз жардам сураганы келдик, абийирибизди ачканы келгенибиз жок дешет. Мисалы, атасы деле ушул жерде, 18 жаштагы кызды эртең менен жумуштан чыкканда, белгисиз адамдар машинеге салып, милициябыз, паспортуңду көрсөт деп, ичине алып кирип кеткен... Анан текшерүүгө бизге алып келиптир боюнда жокпу деп, апасы да ыйлайт..."

«Азаттык»: Муну адис дагы эле жаш кыздарды эрте жашында алыс сапарга жиберүү канчалык туура же туура эмес деген маселеге байланыштуу айтып атат. Бул жагынан ата-эненин жоопкерчилиги кандай болуш керек деп ойлойсуздар?

Жамийла Бегиева: Мисалы мен, энеси кыз балага биринчи тарбия бериш керек деп ойлойм. 20га чыккан кыздардын аталары 40тан 60ка чейинки жигиттер го. Ошолор дагы ойлонсо, кыздарыбызды турмушка чыгарып, окутсак деп. Жаныбыздагы эле кошуна өлкөдө өзбектер кызы төрөлгөндөн баштап бирден көйнөктү сандыкка сала баштайт. Биздикилер деле бир малды атап кызына коюп койсо, ушул кыз чоңойгондо ушул кызга берчү калың кылып, материалдык жактан колдосо. Моралдык жагын айтпай эле коеюн. Ушундай колдоо болбосо кыздарга, жаш кыздар келип ар кандай жагдайга курмандык болуп атышат да. Мен кыздардын күнөөсү такыр жок деп айта албайм. Алар өздөрү да окуп, өздөрү да түшүнүк менен келиш керек кайда баратабыз деп. Бирок биринчи жоопкерчилик ата-энеде жана мамлекетибизде.

Бүбүсара Рыскулова: Мен буга кошулам. Турмушка жаңы эле кадам салып аттап аткан 16-17 жаштагы кыздарга ата-эненин жоопкерчилиги болот. Көбүнчө айыл жеринен келишет. Ал жерде мамлекет бийлиги бар да, айыл өкмөтү деген бар. Жалпы мамлекеттен цифраны алгандан көрө, ар бир айылда ата-энелер аркылуубу, бейөкмөт уюмдар деле 7 миңден аштык, ошолордон жаш кыздар кайда кетти, эмне кылды, ушундай маалымат алса болот. Ошол жердеги калк дагы көмөктөш болсо. Кээ бирде табылбай калат. Мына бизде «Сезим» борборунда бир кызыбыз жашап атат, кичине акылы ордунда эмес экен, дарегин да билбейт, чет мамлекетке сатып жиберген экен. Азыр миграция эл аралык уюму аркылуу психологиялык жактан жардам берип атабыз. Издеген киши жок. Дарегин да жакшы билбейбиз. Ушундай кыйналган тагдырлар көп болуп атат.

Кыз-келиндердин кейиштүү тагдыры - жалпы журттун жоопкерчилигиндеги маселе

«Азаттык»: Мен ушул жерден Майрамбекке суроо бергим келип атат. Жанатан бери Жамийла айым, Бүбүсара айым айтып атат, көп маселе өкмөттүн камкордугу координациясынан көз каранды болуп атат. Сиздерде азыр элчилик менен, Тышкы иштер, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрликтери менен, ата-энелер менен иштешүү кандай жүрүп жатат азыр?

Майрамбек Бейшенов: Биздин министрлик ошол тармакка кошулган. Гендердик маселе, үй-бүлө, балдарды коргоо жагы бизге берилген. Ошону менен иштеп атабыз. Ар бир райондо, ар бир облуста бизде азыр ошол тармактар боюнча адистиктер ачылып атат. Бүбүсара айым айткандай, ошол проблемага комплекстүү мамиле кылып чечсек болот.

«Азаттык»: Министрликтен комплекстүү чечүүнүн жолдору каралганбы?

Майрамбек Бейшенов: Министрликтен каралган, координациялык роль деп бизге берилген. Азыр Билим берүү министрлиги менен, жергиликтүү органдар менен биргеликте программа түзүлүп атат.

«Азаттык»: Бүбүсара айым, кыздарга психологиялык жардам деген маселе көтөрүлүп атпайбы. Сиз Бишкекте, Жамийла айым Москвада иштейт, дагы көп жерлерде көп укук коргоочулар иштеп атышат. Кыздарга өз ара психологиялык жардам көрсөтүү жаатында кандай кызматташтык бар? Барбы кандайдыр бир кызматташтык?

Бүбүсара Рыскулова: Түзмө-түз кызматташтык жок. Мен ойлойм, азыр ушундай жагдай түзүлдү, иштеш керек. Эгерде жанагыдай пункт ачылып калса методикалык жардам бергенге, жол-жобосун айтып жардам бергенге даярмын. Биз 15 жылдан бери ушул багытта иштеп атабыз. Байланыш болуп, Москвадан бул жакка жөнөтсө, биз бул жерден жардам берип турсак, Жамийла менен көптөн бери эле таанышпыз, иштешкенге даярбыз биз.

Жамийла Бегиева: Ошонун бары эле каражат да. Москвадан күнүгө эле Бишкекке баралбайбыз. Замира Акбагышева (Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы - ред) келген, азыр Грециягабы, бир жакка кетиптир. Ошолор менен кошо бир борбор ачып, каражаттан жардам бергиле деп сунуш кылганбыз.

«Азаттык»: Бейөкмөт, укук коргоочу уюмдар менен мамлекет кандай кызматташат?

Жамийла Бегиева: Мамлекет эч кандай кызматташпайт. Миграция кызматкерлеринин айтып атканы бул - идеалдуу картина, иш жүзүндө эч кандай кызматташтык жок.

Майрамбек Бейшенов: Жамийла эже, ошо сиздин пикириңизге кошумча айтып кетейин. Консультативдик пункт деп айтып атпайбызбы, ошол бизде да ачылган. Ал маалымат берүүчү борбор. Бирок азыр сизди угуп кошумча сиздерди кошсо болот деп ойлойп атам. Орусияда азыр бизде эки пункт бар. Көргөзмө борборунда Кыргызстандын павильонунун ичинде маалымат-кеңеш берүүчү борбор бар. Ошону негиз кылып, ошол жерге сиздер да кошулуп, психологиялык, медициналык адистерди отуругузуп, ошол мүмкүнчүлүк бар деп атпаймбы.

«Азаттык»: Албетте, миграция темасы ушу тапта өтө олуттуу да, жаралуу темалардын бири болуп эсептелет Кыргызстан үчүн, буюрса дагы далай талкуулар болот. Ушуну менен талкуубузду жыйынтыктайлы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG