Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Эл аралык кризистик топ Борбор Азия өлкөлөрүн эмгек базарын тез арада реформалоого чакырууда. Аталган уюм жакында жылдык баяндамасын жарыялап, анда дүйнөлүк кризистин айынан ишсиз калып, мекенине кайткан мигранттардын саны өскөнүн белгиледи.

Андай өлкөлөрдүн катарында уюм Кыргызстанды да атап, мигранттарды тосуп алуу үчүн камылгалар көрүлбөсө, Борбор Азия мамлекеттери туруксуздукка кирептер болушу ыктымал деп болжоду.

Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик топ Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген миңдеген эмгек мигранттары дүйнөлүк каржы кризис айынан жумушсуз калып, мекендерине кайтууга мажбур болуп жатканын белгилейт.

Эл аралык кризистик топ Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине мекенине кайткан мигранттарды колдоо ирээтинде социалдык программаларды ишке ашыруу боюнча сунуш киргизди. Мындан тышкары уюм аймактагы лидерлерди өз өлкөлөрүнүн экономикасын көтөрүп, коррупцияны жоюу боюнча тезинен иш-чараларды көрүүгө чакырды.

“Чабал инфраструктурасы жана Ооганстанга жакын жайгашкандыгы үчүн аймакта бейстабилдүүлүк азыртадан эле байкала баштады” деп белгилейт Эл аралык кризистик топ.

Мигранттарга радикалдык топтор кызыгат


Уюм ошондой эле мекенине кайтып, бирок социалдык жактан коргоого алынбаган эмгек мигранттарды радикалдык маанайдагы диний топтор өз максатында колдонуп коюу ыктымалдыгы бар экендигин эскертет.
Жумушсуз калган кыргыздар эле бирин-бири тоноп, акчасын алып, “телефонуңду берип тур” деп качып кетүүдө.


Жергиликтүү серепчи Кадыр Маликов мындай коркунуч бар экендигине кошулат.

- Кыргызстандагы рынок мамилелери социалдык акыйкатсыздыкка алып келди. Бул бара-бара радикалдашууга алып келбесе эле болду. Анткени жакыр адамдар социалдык-экономикалык акыйкатсыздыкка жооп издеп, аны радикалдуу топтордон да табышы мүмкүн. Мындай топтор бул жагдайда аларды өзүнө оңой тартып алышы ыктымал.

Кыргыз өкмөтү быйыл мигранттарды тосуп алуу камылгаларын көрүп, кризис шартында эмгек менен камсыздоо боюнча 2010-2012-жылдарга эсептелген план иштеп чыккан. Өкмөт бул план аркылуу мигранттарды барган жеринде колдоо, кайтып келген мигранттарды жумушка орноштуруу, эмгек миграциясынын географиясын диверсификациялоону караштырат.

Анткен менен айрым эл аралык уюмдун өкүлдөрү бул аракеттер маселени чечүүдө жетишсиз болорун белгилешет.

Аракеттер бар...бы?

Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору Болот Ороков кризистин эпкини менен ишсиз калган мигранттарды колдоо боюнча “Иш орундары боюнча глобалдык Пакт” деген документ иштелип чыкканын жана ал өкмөткө сунуш ирээтинде жолдонгонун билдирет.

Бул документте жалаң эле Орусиядан же Казакстандан келаткан мигранттарды эмес, жергиликтүү жумушсуздарды да иш менен камсыздоо боюнча сунуштар камтылган.

- Бул комплекстүү алып карай турган нерсе. Өкмөт иш менен камсыздоо боюнча бардык чараларды жалгыз өзү көрө албайт. Кыргызстанда социалдык диалог уюштурушубуз керек. Иш берүүчүлөр, жумушчулар бар. Ириде ушулар тил табышышы керек. Биздин уюмдун бир тажрыйбасы бар. Глобалдык каржы кризис өтүп кеткенден кийин 4-5 жылдан кийин гана иш менен камсыздоо кризиси жабылат.

“Заманың бөрү болсо, бөрү бол”

Чолпонкул Кадыров Москвада көчө шыпырып иштегенине 5 жыл болду. Ал соңку кезде ишсиз калган мекендештери көбөйүп баратканын айтып кейиди:
Иликтөөнүн натыйжасында акча которуулар эки эсеге азайды деген жыйынтыкка келдик.


- Бул жакта чындап эле бардыгы жумуштан бошоп жатышат. Кризис таасирин берип эле атат. Иш орундары кыскарып, көбү Кыргызстанга кетип атат. Мен билгенден бул жерде кыргыздар көбүнчө үйлөрүндө отурушат. Жумуштары жок. Ишине барып “айлыктарыбызды бергиле” деп отурушат экен. Жумушсуз калган кыргыздар эле бирин-бири тоноп, акчасын алып, “телефонуңду берип тур” деп качып кетүүдө.

Айрым адистер 2009-жыл чет жерде иштеген кыргыз мигранттары үчүн оор жылдардан болгонун айтып, дүйнөлүк каржы каатчылыгы Кыргызстанга дал ошол мигранттар аркылуу таасирин тийгизгенин белгилеп келишет.

Жакында эле Кыргызстандын Улуттук банкы да кыргыз мигранттарынын өз мекенине жөнөткөн каражаттын көлөмү дээрлик отуз пайызга кыскарганын билдирди.

Бирок кризис шартында Орусиядагы мигранттар маселесин жалпы улуттук изилдөөгө алган ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге түшкөнүн билдирет.

Социалдык жарылууга канча калды?

Долбоорду ишке ашыргандардын бири - ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин экономика бөлүмүнүн ага ассистенти Жоомарт Ормонбеков 2009-жылы жүргүзүлгөн бул иликтөө жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди.
Кайтып келген адамдардын 60% кризис бүтөөрү менен иштегени сыртка кайра кетүүгө даяр турушат.


- Иликтөөнүн натыйжасында акча которуулар эки эсеге азайды деген жыйынтыкка келдик. Биздин жыйынтык азыр башка эл аралык уюмдар аркылуу да тастыкталып атат. Алалы, Эл аралык Миграция уюму, Дүйнөлүк Банк да ушундай сандарды келтирүүдө.

Жоомарт Ормонбековдун билдиришинче буга чейин көптөгөн изилдөөлөр кризис шартында мигранттар мекенине массалап кайтып жатат деген көрсөткүчтөр чындыкка дал келбейт.

- Орусия, Казакстандагы эмгек мигранттарынын 10-15% эле кайра катып келишти. Бирок бул кайтып келген адамдардын 60% кризис бүтөөрү менен иштегени сыртка кайра кетүүгө даяр турушат. Буга чейинки иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чындыкка дал келбей калды. Кризис эмгек мигранттарынын кайтып келишине анчалык деле таасир берген жок.

Ошентсе да сырттан келген каражаттын көлөмү азайганы менен, кыргыз бийлиги кооптонгондой мигранттар массалык түрдө өлкөгө кайтып келишкен жок. Адистер мындай учурда өлкөдө жумушсуздук күч алып, Кыргызстанда социалдык жарылуу болот деп коңгуроо кагышкан.

"Азаттыктын" архивинен: Мигранттардын азап менен табылган акчасы

Дүйнөлүк экономикалык кризис үй-бүлөсүнөн узак бозгунда иштөөгө аргасыз болгон миллиондогон мигранттарды дагы кыйын абалга салды. (ZMA)

XS
SM
MD
LG