Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

2009-жыл чет жерде иштеген кыргыз мигранттары үчүн оор жылдардын бири болду. Адистер дүйнөлүк каржы каатчылыгы Кыргызстанга дал ошол мигранттар аркылуу таасирин тийгизгенин белгилешүүдө. Жакында эле Кыргызстандын Улуттук банкы кыргыз мигранттарынын өз мекенине жөнөткөн каражаттын көлөмү да дээрлик отуз пайызга кыскарганын билдирди.

“Ата, кризис башталып айлык бербей жатышат…”

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган каржы каатчылыгы Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн миллионго чукул кыргыз мигранттарын да катуу бушайманга салды. Орусиядагы бир нече заводдор, фирмалардын жабылышы, такырбаштардын чабуулунун күчөшүнөн улам кыргыз мигранттарынын бир даары өз үйүнө кайтууга аргасыз болушту. Көпчүлүгү мурдагыдан төмөнүрөк маяна үчүн иштеп калышты.

Бул жагдай өзгөчө мигранттар эсебинен тиричилик кылып келген түштүк аймагынын тургундарынын турмуш шартын бир кыйла начарлатып, жумушсуздардын саны эселеп көбөйүшүнө алып келди.
Сырттан келген каражаттын көлөмү азайганы менен, кыргыз бийлиги кооптонгондой мигранттар массалык түрдө өлкөгө кайтып келишкен жок.


Ош аймагындагы миңдеген үй-бүлөлөр сыяктуу эле Орусиядагы балдарынын эсебинен күн көрүп келген Касым үчүн быйылкы жыл болуп көрбөгөндөй түйшүктүү жылдардан болду:

- Мына, карачы, жалаң эле картөшкөдөн тамак жасап жеп отурабыз. Мурда кризис жокто кемпирим экөөбүздө жүз доллардан акча турчу. Азыр эми жол киребиз да жок отурабыз. Балдарымдан жети айдан бери акча келбей жатат. “Ата, кризис болуп кыйналып жатабыз, айлык жок” дешет балдарым чалып. Бечаралар ишинен да кыскарып кетишиптир.

Бул аймакта Касымдын үй-бүлөсү сыяктуу мигрант балдарынан келчү акчанын көлөмү кескин азайып, кризис кесепетин жон териси менен сезип жаткан бүлөлөр миңдеп саналат.

Расмий булактарда чет жерде иштеген кыргыз мигранттарынын дээрлик 80%дан ашуунун өлкөнүн түштүк облустарынан баргандар түзөрү да айтылып жүрөт.

Беш жылдан бери Орусияда иштеп, тиричилигин өткөрүп келген Кубан бул жыл жалпы эле мигранттар үчүн оор жылдардан болду дейт:

- Орусиянын Тушинский деген районунда көчө шыпырчубуз. Мурдагы жылдары биз сыяктууларга атайын батир берчү экен. Быйыл болсо он бештей адамды бириктирип, жер төлөгө жайгаштырып коюшту. Былтыркыдан айлыкты да бир аз азайтып коюптур. Чынын айтсам, жарытарлык акча деле таппадым.

“Сырттан келген акчанын көлөмү да, суммасы да азайды…”

Кубандын “Азаттыкка” айтканына караганда, быйылкы каатчылык Орусиядагы кыргызстандыктарды бир топ эле убайымга салды. Алар өз үйүнө, жакындарына мурдагыдай акча жөнөтө албай калышканына өзгөчө кабатыр.

“Доскредобанктын” Оштогу жетекчиси Нуржамал Сарыкова бул жылы мигранттардан келген акчанын көлөмү 40%га азайды деп жоромолдоду:

- 40%га азайды десем болот. Мурда Орусия менен Казакстандан тынымсыз акча келип турчу. Азыр андай көрүнүш жок. Келген акчанын көлөмү да, суммасы да азайды.

Сырттан келген каражаттын көлөмү азайганы менен, кыргыз бийлиги кооптонгондой мигранттар массалык түрдө өлкөгө кайтып келишкен жок. Эгер эле андай болсо, өлкөдө жумушсуздук күч алып, Кыргызстанда социалдык жарылуу болот деп адистер коңгуроо кагышкан.
Кыргыз мигранттарынын дээрлик 80%дан ашуунун өлкөнүн түштүк облустарынан баргандар түзөрү да айтылып жүрөт.


Деген менен Оштогу миграция кызматтары дал ошол каржы каатчылыгынын айынан жумушсуз калгандардын көпчүлүгү өз үйүнө кайтып келишкенин, бул жагдай аймактагы жумушсуздар санын эселеп көбөйткөнүн билдиришкен.

Ош шаардык миграция комитетинин мурдагы жетекчиси Нурила Жолдошева «Азаттыкка» буларды айткан:

- Былтыр биз жумушсуздардын санын он миң деп эсептесек, быйыл эми өсүш болуп, алардын саны 17 500дөн ашты. Бул санды четтен кайтып келгендер толуктап жатат.

Ошентип узап бараткан 2009-жыл чет жерде иштеген кыргыз мигранттары үчүн оор, түйшүктүү жылдардын бири болуп калды. Каржы каатчылыгынан сырткары да, бул жылы Орусиядагы такырбаштардын колунан ондогон кыргыз атуулдары каза таап, кыргыз коомчулугунун үрөйүн учурган окуялардын бири болуп калды.

Ошондой эле дээрлик ар бир экинчи үй-бүлө мигранттар эсебинен күн кечирген өлкөнүн түштүк аймагында жашагандар үчүн экономикалык кыйынчылыктар байкалды.

"Азаттыктын" архивинен: Мигранттардын азап менен табылган акчасы

Дүйнөлүк экономикалык кризис үй-бүлөсүнөн узак бозгунда иштөөгө аргасыз болгон миллиондогон мигранттарды дагы кыйын абалга салды. (ZMA)

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG