Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Өткөн жылы чет өлкөгө иштөөгө кеткендердин саны мурдагы жылдардан көбөйгөн жок. Анткен менен чет жерде жарандык алып, туруктуу жашоого өтүп жаткандардын катары арбууда.

Кылтылдап поюз баратса

2009-жылы чет жерде иштеп аткандардан келчү акчанын көлөмү кыйла азайды. Ошол эле учурда Кыргызстанга сырттан келчүлөрдүн агымы көбөйүүдө.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын 8% ашууну жумушсуз. Алардын катарын жыл сайын, мектеп, орто, жогорку окуу жайларын аяктаган 60 миңге чукул жаш адамдар да толукташууда. Алардын көбү турмуш-шарттын айынан чет жерге иштөөгө кетишке мажбур. Кыргызстандын эмгек, ишке орноштуруу, миграция министри Айгүл Рыскулованын айтуусунда, өткөн жылы чет жерге иштөөгө кеткендердин саны мурдагы жылдардан анча деле айырмаланган жок.

- Эмгек мигранттарыбыздын саны бүгүнкү күндө 250 – 350 миңдиң ортосунда. Өзүңүздөр билесиздер, миграция маселеси такай өзгөрүлүп турат. Так санды бир күндө бериш абдан кыйын. Ошол эле убакта мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу, мына мисалы, Орусиянын эле эмгек мигранттарын алсак, эгерде үч-төрт жыл мурун мыйзамдуу түрдө иштеген мигранттардын саны 50 миңден ашпаса бүгүнкү күндө 200 миңге чейин жетти.

Антип чет жерде иштөөнүн мыйзамдык эреже-талаптарын сактагандардын гана катары арбыбастан, көбүнесе Орусиянын жарандыгын алган мекендештерибиздин саны да узарууда. Маселен, орусиялык миграция кызматынын өткөн жылдын аягында жарыя кылган маалыматына ынансак, 2008-жылы 42 миң 809 кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Кыйла жылдардан бери Орусияда иштеп жүргөн Камбар Пусуровдун ырасташынча, жарандык алуу мезгил-шарттан улам чыккан арга.

- Убакыттын талабына жараша алышты да. Өзүңүздөр билесиздер, 2007-жылдын 1-январынан баштап Орусияда жарандыгы жок болсо базарларга тургузбай койду. Өздөрүнүн базарларына иштетпей коюшту. Ошол жылдан баштап көп ала башташты.

Куш келипсиз

К.Пусуров 2007-жылы жарандык алуу базардан улам көбөйгөнүн, бирок бул тенденция бара-бара азая бериши мүмкүн, деп эсептейт. Анткен менен миллион ашуун Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын кыйласы чет өлкө жарандыгын алып биротоло турук алып калышы өлкөдө дагы бир миграциялык проблеманы жаратууда. Кыргызстан базарларында соода кылып, орто жана чакан бизнес ачып алган коңшу чет өлкө жарандар арбып баратышат. А.Рыскулова жыл сайын 10 миңге жакын чет элдиктерге бул жерде иштөөгө уруксат берилерин кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандан чет жерге иштеп кеткендердин расмий маалыматтагыдан 2 –3 эсе көп экени көпчүлүккө жаңылык деле эмес. Көбүнесе кара жумушка чегерилген кыргызстандык мигранттардан 2008-жылы 1 миллиард 300 миллион доллар акча которулган. Өткөн жылдын 11 айында кыргызстандык мигранттар 980 миллион доллар акча жөнөтүшкөнүн Орусиянын Борбордук банкы маалым кылды.

Болгон кыйынчылыктын баарына кайыл болуп, чет жердеги оорчулуктарды көтөрүүгө мажбур болгон кыргызстандык ишкердин айтуусунда, тобокелдикке баш байлаган адамдар аз эмес.

- Биздин үй-бүлөнүн кетип аткандарынын мен акыркысымын. Балдарымды алып кетүүгө келгем. Маселени мигранттар кантип жашап атышат, суроосуна эле такабаш керек. Кетип бараткандын баары алдыда белгисиздик күтүп турганын жакшы билет.

Азырынча эмгек мигранттары боюнча Кыргызстан өкмөтү Орусия, Казакстан Корея Республикасы менен эларалык укуктук негизде иш алып барууда. Кыргызстан эгемендик алганы чет жердеги 25 миң этникалык кыргыздар көчүп келишкен. Алардын 22 миңи Кыргызстан жарандыгын алышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG