Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги менен оппозициялык лагерге айланып бараткан “Ата Мекен” партиясынын ортосунда тирешүү күчөдү.

Башкаруу коалициясына кирген “Ата Мекендин” жергиликтүү бийликтеги өкүлдөрү кызматынан алына баштады. Бирок Таластагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен айыл аймактарынын башчылары борбордук бийликтин бул чечимине каршы турууда.

Бул арада оппозициялык күчтөр “Ата Мекен” партиясынын айланасына баш кошо баштады. Бул жагдайда бийлик “Ата Мекен” партиясына байланыштуу Чүй облустук сотундагы мародерчулук боюнча кылмыш иши өрттөлүп кеткенин жарыялады.

Кимдин "шайтаны" күчтүү?

Бул аптада бири-бирине логикалык байланыштагы орчундуу саясий окуялар чагылгандай тездик менен өнүктү. Атамбаевдин бийлиги менен башкаруучу коалициядагы “Ата Мекендин” буга чейинки тымызын тиреши ачык фазага өттү.

Буга апта башында Чолпон-Атада журналисттер менен эксперттик чөйрөнүн жолугушуусундагы президент Атамбаевдин “Ата Мекен” партиясы боюнча айткандары негиз болду. Анда президент бул партия бир буту менен бийликте, экинчиси менен оппозицияда турганын айтып, анын азыр кайсы жакта экени белгисиз экенине токтолгон.

Президент Алмазбек Атамбаев бул жагдайды саясий терминологияга кире элек жаңы түшүнүк менен атаган болчу:

- “Ата Мекен” партиясы бир буту менен бийликте, бир буту менен оппозицияда жүрөт. Менимче, адам деле көпкө чейин минтип талтайып тура албайт болуш керек. Булар болсо талтайып басып, чуркап жүрөт. Анын аягы кандай болот? Ар бир саясатчы, ар бир партия элдин берген добушунун негизинде жоопкерчилик алат да. Ошондуктан ким түз жол менен баратат, ал эми ким ары-бери секирип ойноп жатканына эл деле баасын берет.

Өмүрбек Текебаев анын партиясы эки ортодо эмес, дайыма чындык тарапта экенин айтып, “президент өз ордун таап алса болот эле” деп каяша жооп кайтарды.

Мелис Мырзакматов, 20-август, 2010-жыл

Мелис Мырзакматов, 20-август, 2010-жыл

Бул ажырым Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиясы менен “Ата Мекендин” кызматташуу ниети жарыяланган соң ачыкка чыккан. Анда Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен” партиясына тийиштирип, “айрым саясатчылар шайтан менен болсо дагы биригүүгө даяр” деп Жалал-Абаддагы иш сапарында билдирген.

Эксперттер Атамбаев Оштун мурдагы мэри Мырзакматовду “шайтан” деп сыпаттоо менен учурда ага кызмат кылып жаткан Аалы Карашев, Сапар Исаков, Илим Карыпбеков жана Темир Жумакадыров сыяктуу мурдагы режимдин тушундагы Максим Бакиевдин кадрларын көңүл сыртында калтырганын айтышат.

Кадрдык “тазалоонун” учуру

Андан аркы тирешүү жергиликтүү бийликти “атамекенчилерден” “тазалоо” менен коштолду. Бул алдыдагы шайлоодо бийлик үчүн өзгөчө ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн делген аймактардан башталды. Биринчилерден болуп өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков кызматынан алынды. Андан соң өкмөт жыйынында Талас районунун акими Райкан Өзүбековду кызматынан четтетүү сунушу киргизилди.

Өкмөт башчысы Темир Сариев акимдин иш-аракетин бузукулук катары карап, аны токтоосуз кызматынан ала турганын айтты:

- Мына, Талас районунун акими “ооруканадамын” деп эки жумадан бери жумуштан качып, анан ага карата иштебегенине сын айтылса келе калып, Таласта жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынын өткөрүп жатат. Колунда оору баракчасы бар, “жумушка чыкпайм” дейт. Бирок бузукулук кылып жыйын өткөрүп жатат. Мына, булар - бузукулар. Мамлекет ага ыйгарым укук берип, “районду башкарып, элди бак десе”, ал бузукулук кылып жүрөт. Мындай адамдар иштебеш керек. Мен 3-августта аны жумуштан алам. Мындай акимдер болбойт. Аны жоопко да тартабыз. Тартипти орнотобуз. Эл ошону колдоодо.

Жерүйдү иштетүүгө каршылар, 2-июль, 2015-жыл

Жерүйдү иштетүүгө каршылар, 2-июль, 2015-жыл

Таластын акими Райкан Өзүбеков буга чейин Жерүйдөгү алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан тарап менен тилектеш экени байкалган. Бирок ал бул боюнча ачык расмий билдирүү жасабаганы менен, өкмөт башчысы Таласка барып, актив менен жолугушкан учурда жыйынга катышпай койгон.

Борбордук бийликтин акимди кызматынан алуу аракетине Талас райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйыны чечкиндүү жооп кайтарды. Анда акимди саясий көз карашы үчүн кызматынан кетирүүгө жол бербөө маселеси ачык көтөрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик борборго моюн толгоду

Талас райондук жергиликтүү кошмо жыйындын мүчөсү, Өмүралиев айылдык кеңешинин төрагасы Жаныбек Сагыналиев өкмөттүн соңку аракеттерин борбордук бийликтин мурдагыдан айырмаланбаган өкүм зордугу деп атады:

- Акимдин бүт көрсөткүчтөрү 100-102 пайызга аткарылган болчу. Ошон үчүн райондук кеңештин кошмо жыйыны анын отчетун канааттандырарлык деп тапты. Демек анын ишмердиги жакшы деген сөз да. Бирок мында өкмөттүн аны кодулап жатканы Жерүй маселесине байланыштуу. Анткени ал кенди ачуу зыян алып келе турган болсо, эл тарапта болорун билдирген. Муну саясий куугунтук десек болот. Борбордук бийлик өзүнүн позициясы жок, унчукпай тапшырма аткара турган өз адамдарын койгусу келет. Бул жерде коркутуп-үркүтүү ачык эле жүрүп жатат. Бир нерсе десек эле “камайбыз, күч колдонобуз” дешет. Ошого карасак, баягы Бакиев учурундагыдай эле заман кайтып келатат.

Иллюстрация

Иллюстрация

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 24-июлда өкмөттүн жыйынында Таластын акиминин өнөр жай продукцияларын өндүрүү көрсөткүчү аткарылбаганына байланыштуу анын ээлеген кызматына шайкештигин кароону сунуштаган болчу. Андан соң Таластагы 13 айыл аймак башчысынын он бири аким кызматынан алынса, анда алар да аны менен бирге кызматын тапшыра тургандыктарын жарыялашкан.

Таластагы Осмонкул айыл аймагынын башчысы Улан Кудайбергенов айыл аймагынын башчылары бул маселеде райондун акими менен тилектеш экенин айтты:

- Биз өз ара сүйлөшүп, мына ошондой чечимге келдик. Эгерде райондун акиминин иши начар деп табылса, демек,бул ар бир айыл өкмөтүндөгү иштин начардыгын билдирет. Андай боло турган болсо, биздин ишибиз дагы канааттандырарлык эмес болуп жатпайбы. Мына ошондуктан аким кызматынан алынса, биз да чогуу кызматтан кетүү тууралуу арыз берели деп жатабыз.

Бир нерсе десек эле “камайбыз, күч колдонобуз” дешет. Ошого карасак, баягы Бакиев учурундагыдай эле заман кайтып келатат.

Бул жагдай жергиликтүү бийликтин борбордук бийликке карата “демаршы” же болбосо моюн толгоосу катары кабыл алынууда. Анткени саясат талдоочулардын баамында, бул маселе борбордук бийликтин “ыңгайына” туура келбеген жергиликтүү жетекчилердин партиялуулугу гана эмес, алардын Жерүй алтын кенин ачтырбоого багытталган жергиликтүү калктын талабы менен да байланыштуу.

Саясат талдоочу Нурлан Шакиевдин айтымында, мында өкмөттүн чечими акыйкатсыз болсо, анын арты оор кесепеттерге алып келиши ыктмал:

- Эгерде акимдин ишинде кемчилик болсо, шайлоого чейин да, шайлоо учурунда да же шайлоодон кийин да аны кызматынан алууга негиз болот. Бирок мында чын эле кандайдыр бир саясий себептер болсо, анан ошон үчүн акимди кызматтан алууга аракет жүрүп жатса, анда бул чоң катачылык. Мындай жол менен бийлик өзүнө ыңгайлуу чечим кабыл алууга барышы кыйын. Анан эми кадрларга карата “ак-кара, сеники-меники, аркы жээк, берки жээк” деп бөлүү мамлекеттин келечеги үчүн опурталдуу.

Саясий күчтөрдүн топтошуусу

Мына ушундай жагдайда парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” партиясынын айланасына Атамбаев бийлигине каршы саясий күчтөр топтоло баштады.

“Улуттар биримдиги” партиясына удаалаш эле атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков жетектеген элдик демократиялык партиясы алдыдагы шайлоодо “Ата Мекен” партиясы менен бирге болорун жарыялады.

Андан соң жаштардын “Жаңы муун” оппозициялык кыймылы бул катарды толуктады. Буга куйрук улай эле, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган “Күчтүү Кыргызстан” партиясы “Ата Мекенге” кошула турганы белгилүү болду. Мына ошондо шайлоонун алдында Атамбаев бийлигине каршы чыга турган, аны ачык колдогон жана тымызын позициядагы саясий күчтөрдүн үч тобу пайда болду.

Саясат таануучу Турат Акимов бул тууралуу мындай дейт:

- Бүгүнкү күндө түзүлүшүндө жанагы “Бир бол”, “Бүтүн Кыргызстан -Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика Ата-Журт” деген сыяктуу партиялар олигархиялык кландардын партиялары. Алар акчанын күчү менен гана партия болуп түзүлгөн. Ошондой эле акчанын кудурети менен гана кайрадан бийликке келип, эки тизгин, бир чылбырды кармоого даяр. Бул топтогу күчтөр кырдаалды тымызын гана карап турушат. Экинчиси - “Кыргызстан” жана КСДП партиялары өзүнүн тагдырын азыркы бийлик менен толук байлап, аны ачык колдоо менен бийликти сактап калууну көздөгөндөр. Үчүнчүсү - буга чейин бийликте туруп, анан 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдык иретинде оппозициялык багытка ооп, ошону менен катар өзүнүн айланасына бардык бийликке нааразы күчтөрдү топтоп жаткан топ.

Саясий куралга айланган кылмыш иши

Атамбаев бийлиги менен “Ата Мекендин” тирешүүсүнө алып келген эски-жаңы жагдайлар кайрадан курчуду. Бул жерде мындан эки жыл мурун бир нече курдай козголуп, кайра тергөөдөн кыскарган партия мүчөлөрүнө карата мародерчулук ишин кайрадан жандантуу аракети башталды. Анткени 30-июлда Чүй облустук сотунда өрт чыгып, “Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча жазык иши жоголду” деген маалымат чыкты.

Бакиевдин Бишкектеги үйү

Бакиевдин Бишкектеги үйү

Мурунку ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев муну “Ата Мекен” партиясы өзү уюштурушу мүмкүн экенин айтып чыкты. Буга байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын билдирүүсүндө кылмыш иши Зарылбек Рысалиев айткандай биротоло жоголуп кетиши мүмкүн эместиги, жоголсо анын башка нускалары бар экени көрсөтүлгөн.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен алты ай мурун эле "атамекенчилерге" каршы шайлоодо колдонуу үчүн мына ошол кылмыш иши кайрадан козголгону айтылат.

Мародёрчулук иши буга чейин Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана Жаза аткаруу кызматы тарабынан үч ирет козголуп, бирок кылмыштын курамы жоктугунан улам, үчөөндө тең кайра тергөөдө токтотулган. Үчүнчү жолкусунда Жаза аткаруу кызматынын ошондогу жетекчиси Зарылбек Рысалиев ишти иликтөөнү ага тапшырууну президенттен суранган болчу. Бирок бир жылдан ашуун иликтөөнүн жыйынтыгы натыйжа берген эмес.

Ошого карабастан Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов аталган кылмыш ишинин дагы бир жолу кайрадан жанданышы мүмкүн экенинен күмөн санабайт:

- Шайлоо алдында болобу, же шайлоодон кийин жаңы парламентте болобу, эртеби-кечпи бул мародёрчулук боюнча ишке кайрылып келе турган жагдайлар бар. Коомдо элдин бүйүрүн кызыткан бир топ маселелер бар. Ал ишти унуткарып коюга болбойт.

Кадрларга карата “ак-кара, сеники-меники, аркы жээк, берки жээк” деп бөлүү мамлекеттин келечеги үчүн опурталдуу.

Ошол эле кезде саясат талдоочулар саясий каршылашуунун чоң куралына айланган мародерчулук иши бул жолу шайлоонун алдында дагы кайрадан жандандырылып, саясий “температураны” көтөргөнү калды окшойт.

Бирок саясат талдоочулардын баамында, мына ошол кылмыш ишин кайрадан жандантууну көздөгөндөр ага кандайдыр бир негиз табууга тийиш эле. Анткени шайлоонун алдында ал чуулгандуу ишти жөндөн жөн эле кайрадан көтөрө калуу тескери жыйынтыгын бериши мүмкүн болчу.

Ошондуктан кылмыш ишинин соттун бөлмөсүндө “өрттөнүп кетиши” бул ишке кайрадан кайрылып келүүгө негиз бермек. Бирок анын жыйынтыктары кандай болору азырынча белгисиз. Анткени алдыдагы саясий күрөш бийлик бутактарын саясий атаандаштардын адамдарынан тазалоо менен гана эмес, бир топ чуулгандуу камоолор менен да коштолушу мүмкүн экени да болжолдонууда. Кыргызстандын соңку тарыхындагы саясий күрөштүн мындай усулдары кеңири жайылтылган натыйжалуу, бирок кооптуу ыкма катары белгилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG